Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Февраль
2023

Новости за 06.02.2023

Геннадий Базаров - киного арналган өмүр

Azattyk.org 

Белгилүү кинорежиссер, сценарист, Кыргыз Республикасынын эл артисти Геннадий Базаров 81 жаш курагында дүйнө салды. Геннадий Базаров "Кыргыз кереметин" жаратуучулардын бири катары белгилүү. Базаров 1963-жылы жазуучу Чыңгыз Айтматовдун "Саманчынын жолу" чыгармасын тасмага айлантып, жалпы элге кеңири таанылган. Мындан сырткары "Каныбек" "Карагыз", "Аномалия", "Нонсенс" жана башка толук метраждуу көркөм тасмаларды тарткан.

Иран өкмөтү "он миңдеген туткунга" ырайым кылганын жарыялады

Azattyk.org 

Ирандын жогорку лидери Аятолла Али Хаменеи өкмөткө каршы акцияларда камакка алынган “он миңдеген туткунга" ырайым кылганын билдирди. Бул тууралуу жекшемби күнү мамлекеттик маалымат каражаттары кабарлашты. Расмий билдирүүгө ылайык, "киши өлтүрүүгө катышпагандарга, чет элдик агенттер менен байланышы жокторго, мамлекеттик мүлккө зыян келтирбегендерге" ырайым берилмекчи. Бул 1979-жылдагы Ислам революциясынын 44 жылдыгына арналганы айтылды. Былтыр сентябрда Махса Амини атту кыз "хижаб кийүү эрежесин бузган" деп кармалып... Читать дальше...

ӨКМ: Бир жыл ичинде 85 адам сууга чөгүп каза болду

Azattyk.org 

Кыргызстанда былтыр бир жыл ичинде 85 адам сууга чөгүп каза болду. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен (ӨКМ) «Азаттык» радиосуна билдиришкендей, мындай кырсыктардын эң көбү жайкы сезондо Чүй, Ош жана Ысык-Көл облустарында катталган. Каза болгондордун 28и 12 жашка чейинки балдар, 36сы эркектер, сегизи аялдар. 2021-жылы сууга чөгүп каза тапкандар 128, 2020-жылы 82 адам болгон. Былтыр куткаруучулар мындай окуяга кабылган 20 адамды, 2021-жылы сегиз, 2020-жылы бир адамды сактап калышкан.  Адистер... Читать дальше...

Геннадий Базаров: Тартылбай калган соңку тасма

Azattyk.org 

Кыргыз кинематографиясы оор жоготууга учурады. Көрүнүктүү кинорежиссер, сценарист, Кыргыз Республикасынын эл артисти Геннадий Базаров 81 жаш курагында дүйнөдөн кайтты. Геннадий Базаровдун ысымы 1960-1970-жылдары тартылып, “Кыргыз керемети” деген бийик атак алган тасмалар менен тыгыз байланышта. Ал бул учурда Төлөмүш Океев, Мелис Убукеев, Болот Шамшиев өңдүү атактуу кинорежиссёрлор менен катар жылдызы жанган. Ал 1967-жылы Москвадагы бүткүл союздук кинематография институн аяктап, дипломдук иши... Читать дальше...

ЖАМК: Кемпир-Абад боюнча камалгандар арасында чукул меджардамга муктаждар жок

Azattyk.org 

Кемпир-Абад ишине байланыштуу камакта отургандар арасында чукул медициналык жардамга, текшерилүүгө муктаждар жок. Бул тууралуу бүгүн 6-февралда «Азаттык» радиосуна Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын (ЖАМК) басма сөз кызматынан билдиришти. «Буга чейин кандай дары ичип жүрүшсө, ошонусун уланта беришет. Тергөө абагына отуруп калды деп токтотпойбуз алардын дарылануусун. Ал эми өтө чукул, зарыл болуп жаткандарды текшертүүгө алып чыгабыз. Көбүчө жеке клиникаларга барып текшерилишет. Андайлар азыр жок», - деди мекеме өкүлү Элеонора Сабатарова. Читать дальше...

Түркияда жер титирөөдө 280ден ашык адам мерт болду

Azattyk.org 

Түркиянын вице-президенти Фуат Октай катуу зилзалада бери дегенде 284 киши каза болгонун, кеминде 2323 киши жараат алганын ырастады. Анын билдиришинче, Кахраманмараш, Газиентеп жана Малатья шаарларында мерт болгондор, жабыркагандар көп. Жер титирөөдө бир топ имарат, турак жай кыйрады. Мындан улам мерт болгондордун саны дагы көбөйүшү мүмкүн. Учурда урандыларды тазалоо, аман калгандарды куткаруу иштери жүрүп жатат. Түркияда табыгый кырсыкка байланыштуу өзгөчө абал жарыяланды. Түркиянын өзгөчө кырдаалдар... Читать дальше...

Бажы кызматынын алдында нааразылык акциясы өтүүдө

Azattyk.org 

Бүгүн 6-февралда Бажы кызматынын башкы кеңсесинин алдында сырттан автомашина алып келип сатуу менен алектенген 40тай адам чогулду. Алар Корея Республикасынан машина ташып келерин, Кыргызстандын чек арасынан өлкө аймагына кирип жатканда алынуучу бажы төлөмү мурдагыдан жогорулап кеткенин, бул тууралуу аларга эскертүү берилбегенин айтышты. Акцияга чыккандар машинаны чек арадан алып өткөндө төлөнүүчү төлөмдү мурдагы калыбында калтырууну талап кылышты. “Бажы мекемеси бажыдан өткөрүү баасын бир тараптуу көтөрүп жатат. Читать дальше...

Түркия: зилзалада кыргыз жарандары жабыркап-жабыркабаганы такталууда

Azattyk.org 

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин (ТИМ) Консулдук департаменти Түркияда жер титирөөдө жабыркагандар арасында кыргыз жарандарынын бар-жогун тактап жатат. Бул тууралуу аталган департаменттен кабарлашты. "Кыргызстандын Түркиядагы элчилиги Анталья менен Стамбулдагы Башкы консулдуктар менен бирге Түркиянын тиешелүү органдары менен жер титирөөдө жабыркагандар арасында кыргыз жарандары бар-жогун тактап жатат. Кырдаалды көзөмөлдөр, чукул консулдук-укуктук жардам берүү үчүн ыкчам штаб түзүлдү. Ошондой... Читать дальше...



Түркия менен Сириядагы зилзала: каза болгондор саны 500гө жетти

Azattyk.org 

Түркиянын вице-президенти Фуат Октай катуу зилзалада бери дегенде 284 киши каза болгонун, кеминде 2323 киши жараат алганын ырастады. Анын билдиришинче, Кахраманмараш, Газиентеп жана Малатья шаарларында мерт болгондор, жабыркагандар көп. Сириянын мамлекеттик маалымат каражаттары 230дан ашуун киши набыт болгонун жазууда.   Түркия менен Сирияда катуу жер титирөөдө курман болгондор саны улам өсүп жатат. Бир топ имарат, турак жай кыйраган. Мындан улам мерт болгондордун саны дагы көбөйүшү мүмкүн дейт куткаруучулар. Читать дальше...

Түркия менен Сирияда катуу зилзалада 200дөн ашык адам мерт болду

Azattyk.org 

Түркия менен Сирияда катуу жер титирөөдө курман болгондордун жалпы саны 200дөн ашты жана бир топ имарат, турак жай кыйрады. Мындан улам мерт болгондордун саны дагы көбөйүшү мүмкүн. Учурда урандыларды тазалоо, аман калгандарды куткаруу иштери жүрүп жатат. Түркияда табыгый кырсыкка байланыштуу өзгөчө абал жарыяланды. АКШнын Геологиялык кызматы күчү 7,8 баллга жеткен зилзала жергиликтүү убакыт менен таңкы саат 04.17де, Түркиянын түштүк-чыгышында, Сирия менен чектеш аймагындагы Газиантеп шаарынын жанында... Читать дальше...

"Кемпир-Абад иши": Перизат Суранова ооруканага которулууга жардам сурады

Azattyk.org 

“Кемпир-Абад” ишине байланыштуу камакта отурган жарандык активист Перизат Суранова өлкөнүн акыйкатчысына, Жогорку Кеңештин депутаттарына жана юстиция министрине кайрылып, тез арада тийиштүү ооруканага которулуп, дарылануусуна шарт түзүүгө көмөктөшүүгө чакырды. Социалдык түйүндөргө жарыяланган кайрылуусунда ал өзү менен чогуу камалгандарды басмырлоо фактыларын текшерип, эмне үчүн аларга тийиштүү медициналык жардам алуусуна уруксат берилбей жатканын териштирүүнү суранды. “Үч айдан ашык убактыттан... Читать дальше...

Салык кызматы: былтыр 19,7 млрд. сом жашырылган салык табылды

Azattyk.org 

Салык кызматы 2022-жылы жашырылган салыкты табуу үчүн 16 миңден ашык текшерүү жүргүзүлгөнүн билдирди. Анын натыйжасында кошумча 19,7 миллиард сом табылганын маалымдады. "Салыктык текшерүүлөрдүн материалдарынын негизинде келип түшүүлөр (өткөн мезгил үчүн актылардагы төлөмдөрдү кошкондо) 22,8 миллиард сомду сомду түздү. Бул 2021-жылга салыштырганда 16,9 млрд сомго көп. Мындан сырткары, 2022-жылы салык органдары тиешелүү чараларды көрүү үчүн укук коргоо органдарына 4,1 миллиард сомдук салыктык текшерүүлөрдүн 34 материалы жөнөткөн. Читать дальше...

ЖК: тармактык комитет жер саткандарга жазаны күчөтүү долбоорун карап жатат

Azattyk.org 

Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү  комитети 6-февралдагы жыйынында жерди мыйзамсыз саткандарга жазаны катаалдаштырган мыйзам долбоорду карап жатат. Ага ылайык, Кылмыш-жаза кодекси менен Укук бузуулар жөнүндө кодекске өзгөртүүлөрдү киргизүү каралган. Юстиция министринин орун басары Орозбек Сыдыков долбоор тууралуу баяндама жасап жатып,  анда жер саткандарга айып пулдун өлчөмүн көбөйтүү,  эркинен көп убакытка ажыратуу жазылганын айтты. Документ... Читать дальше...

Кинорежиссер Геннадий Базаров дүйнө салды

Azattyk.org 

Белгилүү кинорежиссер, сценарист, Кыргыз Республикасынын эл артисти Геннадий Базаров 81 жаш курагында дүйнөдөн кайтты. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады. Геннадий Базаров "Кыргыз кереметин" жаратуучулардын бири катары белгилүү. Режиссёр 1942-жылы 14-майда Нарын облусунун Ат-Башы айылында туулган. 1966-жылы Москвадагы Бүткүл союздук мамлекеттик кинематография институтун бүтүргөн. Базаров 1963-жылы жазуучу Чыңгыз Айтматовдун "Саманчынын жолу" чыгармасын тасамага айлантып... Читать дальше...

Түркияда катуу зилзалада кеминде 17 адам мерт болду

Azattyk.org 

Түркиянын түштүк-чыгышында, Сирия менен чектеш аймагында жер титиреп, бери дегенде 17 адам мерт болду. Бир катар имараттар, үйлөр кыйрады жана мындан улам каза болгондордун саны дагы көбөйүшү мүмкүн. Учурда урандыларды тазалоо, куткаруу иштери жүрүп жатат. Өлкөдө өзгөчө абал жарыяланды. АКШнын Геологиялык кызматы күчү 7,8 баллга жеткен зилзала жергиликтүү убакыт менен таңкы саат 04.17де, Газиантеп шаарынын жанында, 17,9 чакырым тереңдикте болгонун кабарлады. Өлкөнүн ички иштер министри Сулейман Сойлу жалпысынан 10 шаар... Читать дальше...

Ош шаардык милициясы: Ыдырыс Исаков күбө катары суралды

Azattyk.org 

Ош шаардык ички иштер башкармалыгы эркин журналист, блогер Ыдырыс Исаковдун милицияга чакыртылганы тууралуу түшүндүрмө берип, ал күбө катары суралганын билдирди. "Өткөн жумада Тик-Ток социалдык түйүнүндө "Альберт" (Albert) деген аталыштагы аккаунт аркылуу "Кыргыз ойгон, уйгур мафиясы Кыргызстанды тоноп жатат" деген башкы темада кыскача видеоролик жарыяланган. Анда Ыдырыс Исаковдун видеокайрылуусу дагы колдонулган. Бул видеоролик жана анын темасына байланыштуу Ыдырыс Исаков Ош милициясынын тергөө кызматына 5-февралда күбө катары чакырылды. Читать дальше...

Бөлтүрүктүн адвокаты Эсептөө палатасынын отчетуна жооп кайтарды

Azattyk.org 

Учурда абакта жаткан "Улуу көчмөндөр мурасы" улуттук холдингинин башчысы Тенгиз Бөлтүрүктүн адвокаты Кайсын Абакиров Эсептөө палатасынын "Кумтөр" тууралуу аудиттик отчетуна жооп кайтарды. Ал Фейсбуктагы баракчасына Бөлтүрүк аталган ишканага сырттан башкаруучу болуп турганда жасаган иши жокко чыгарып, "каралоо" жүрүп жатканын жазды. "Эсеп палатасынын отчету коомдук аң-сезимди манипуляциялоого, президент Садыр Жапаровго Тенгиз Бөлтүрүктүн күнөөлүү экенин жасалма көрсөтүүгө багытталган. Отчет сабатсыздыкты... Читать дальше...





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *