Депутат Ататүрк паркынын калган жерин сактап калууга чакырды
Бишкектеги Ататүрк паркынын жери боюнча маселе 28-февралда шаардык кеңештин Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана коомдук уюмдар менен иштөө боюнча туруктуу комиссиясынын отурумунда козголду. Депутат Гүлнара Сатыбалдиева мэрияны парктын чек арасын тактоо иштерин жыйынтыктоого чакырды: “Ататүрк паркынын чек арасын тактап, бекитип салбайсыңарбы сактап калыш үчүн. Эч болбогондо калганын сактап калуу керек деп ойлойм”. Мэриянын өкүлдөрү шаардагы бардык парктардын жерин аныктоо, аларды жакшыртуу боюнча иш жүрүп жатканын айтышты. Читать дальше...