Ош: "Боорукердик үйүндөгү" балдар кайда барат?
Оштогу "Боорукердик үйүнүн" корпусу өрттөнүп кетти. Ал жерде жашаган 15 өспүрүмдун көбү фостердик үй-бүлөлөргө, айрымдары туугандарыныкына убактылуу берилди. Эми алар алты ай ушундай шартта жашап турушат. Бактыга жараша кырсыкта эч ким жабыркаган жок.