Лачындын жабылышы: Тоолуу Карабактагы жаңы кризис
Азербайжан бийлиги Лачын коридору аркылуу армениялык жүк ташуучу автоунаалардын кербенин өткөрбөй койгону Баку менен Еревандын кайым айтышын күчөттү. Жабылган жол жана айыптоолор Армениянын өкмөтү 25-июлда Тоолуу Карабакка 360 тонна ун, өсүмдүк майы, шекер жана башка эң керектүү азык-түлүктү жеткирүү аракетин көрөрүн билдирген. Армян аткаминерлери ошондой эле орусиялык бейпил күчтөрү кербенди коштоп барарына үмүт артып жаткан. 26-июлда кечинде Лачын коридорундагы өткөрмө бекетке 19 жүк ташуучу унаа барганда... Читать дальше...