Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Июль
2023

Новости за 18.07.2023

IT, медик, юрист. Жаштар кайсы кесипти тандайт?

Azattyk.org 

Учурда миңдеген мектеп бүтүрүүчүлөрү маанилүү тандоонун алдында турат. Быйыл мектептерди жалпы 60 миңден ашуун окуучу аяктады. Алардын көбү IT тармагын, медицина, юриспруденция адистиктерин тандап атат.

Мамдума запастагылардын жаш курагын көтөрүүнү караган мыйзамды жактырды

Azattyk.org 

Орусиянын Мамлекеттик Думасы 18-июлда үчүнчү окууда запастагы аскерлердин жана резервдегилер боюнча мыйзам долбоорун кабыл алды. Документке ылайык, аскерге милдеттүүлөрдүн курагы мурда 50 жаш болсо, эми 55 жаш болуп калды. Ал эми 65 жашка чейинки улук офицерлер согушка тартылат. Эми мыйзам долбоорун Федерация Кеңеши бекитип, президент кол коюшу керек. Резервдегилер келишим түзүп, жыл сайын аскердик машыгууларга барып турушу керек. Бул үчүн аларга акча төлөнөт. Ал эми бир кезде армияда кызмат өтөгөндүн баары запаска жиберилет. Читать дальше...

Башталбай жатып белгилүү болгон чечим. Сот кимдин буйругун аткарды?

Azattyk.org 

17-июлда Сокулук райондук соту таза суу талап кылган акциядан кийин камалган блогер Эртай Искаков, Бакыт Балбаев менен Бактыбек Бекболотовдун бөгөт чарасын катары менен карап, аларды эки айга камады.  Алгач блогер Искаковго чечим чыгып, андан кийин Балбаев менен Бекболотовго карата түнкү саат 12де камакка алуу чечимин кабыл алды. Бирок Чүй облустук сотунун андан бир жарым саат мурун алардын камалганы тууралуу маалымат таратканы ар кыл суроолорду жаратууда. "Азаттыктын" сотко аягына чейин катышкан... Читать дальше...

Ысык-Көлдүн жээгине лагерь ачкан орусиялыктарга айып пул салынды

Azattyk.org 

Орусиялык жарандардын Чолпон-Ата шаарында көл жээгине мыйзамсыз куруп алган лагеринин ишине экологиялык талаптарды бузганы үчүн бөгөт коюлду. Бул тууралуу Ысык-Көл районунун акими Калыбек Жумадылов "Азаттыкка" билдирди. Анын айтымында, орусиялык жарандар уруксат берилбеген жерде бир нече чатырдан лагерь курушкан. "Алар чычырканактарды кыйып, чатырларды орнотушкан. Көл жээгине чукул жерлерди чукуп, даараткана курушкан. Жээкте от жагып, таштандыларды туш келди ыргытышкан. Алар отурукташкан жер... Читать дальше...

Тажикстан Ага Хан университети жайгашкан жерди кайтарууну талап кылды

Azattyk.org 

Тажикстанга караштуу Тоолуу Бадахшан облусунун прокуратурасы Борбор Азия университети курулган Хорогдогу жер тилкесин мамлекетке кайтарып берүүнү талап кылды. Бул тууралуу 18-июлда «Озоди» радиосу жазды. Бул жер тилкесин Ага Хан фонду 90-жылдардын соңунда сатып алган. Бийлик ал кезде сатып алуу жараяны мыйзамсыз болгонун жүйө келтирип жатат. Жогорку экономикалык соттун сайтындагы маалыматка караганда, прокуратуранын арызы 12-июлда каралмак. Жыйынтыгы кандай болгону белгисиз. Хорогдун эки тургуну... Читать дальше...

"Медиа полиси" Конституциялык сот тууралуу мыйзамды өзгөртүү сунушун сындады

Azattyk.org 

"Медиа полиси" уюму  "Конституциялык сот жөнүндө" мыйзамга өзгөртүү киргизүү сунушун сынга алып, муну аталган органдын "матроним" боюнча чечими менен байланыштырды. Сунушту Конституциялык соттун ишине кийлигишүү катары баалады. Уюм 18-июлда тараткан билдирүүсүндө Конституциялык соттун чечимин көптөгөн мамлекеттик жана коомдук ишмерлер сынга алганын эске салган.  "Мунун баары президенттик администрациянын Конституциялык соттун укуктарын чектөөсүнө себеп болуп берди. Анткени Конституциялык сот 30-июндагы чечимин Кыргызстанда адамдар улутунан... Читать дальше...

Таза суу үчүн сот: 1,5 саат мурда белгилүү болгон чечим

Azattyk.org 

17-июлда түнкү саат 12де Сокулук райондук соту таза сууну талап кылып камалган Бакыт Балбаев менен Бактыбек Бекболотовду камакка алуу чечимин кабыл алды. Бирок мындан бир жарым саат мурун, 22:22де Чүй облустук соту алардын камалганы айтылган маалымат тараткан эле. Бул көрүнүштөн кийин айыпталуучулардын адвокаты чечимдин адилеттүүлүгүнөн шек санай турганын билдирди.

Иранда мугалимдерди бошотуу тууралуу петицияга миңдеген киши кол койду

Azattyk.org 

Миңдеген ирандыктар, анын ичинде ардактуу эс алуудагы жана учурда иштеп жаткан мугалимдер, маданият ишмерлери өкмөттү сындаган жана соңку айларда абакка камалган ондогон агартуучулардын бошотулушун талап кылган онлайн петицияга кол коюшту. Маданият ишмерлеринин демилгеси менен өткөрүлүп жаткан бул кампания «жарандык акция» катары мүнөздөлүп, коопсуздук кызматтары кармап кеткен 230 мугалимдин бошотуу үчүн «маанилүү кадам» деп саналууда. Маалыматка караганда, петицияга 13 миңдей адам кол койгон. Читать дальше...



Сентябрдан тартып мектеп жетекчилеринин айлыгы көтөрүлөт

Azattyk.org 

Быйыл сентябрдан тартып мектеп директорлорунун, окуу бөлүм башчыларынын айлык акыларын көтөрүү пландалып жатканын министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров билдирди. Өкмөт башчы бул тууралуу   18-июлда Билим берүү жана илим министрлигинин коллегиясында сүйлөгөндө айтты. "Быйыл сентябрдан тартып биз мектеп директорлорунун, окуу бөлүм башчыларынын жана жогорку окуу жай мугалимдеринин айлык акыларын көбөйтүүнү пландап жатабыз. Бирок айлыкты көтөрүү менен билим берүүнүн сапатын канчалык деңгээлде көтөрө алганыбыз маанилүү. Читать дальше...

Казак генералы Күдебаев "Кыргызстан аркылуу качканы үчүн" дагы алты айга кесилди

Azattyk.org 

Алматы облусунун полиция департаментинин мурдагы башчысы, Январь окуялары боюнча 10 жылга кесилген Серик Күдебаев тергөө маалында Кыргызстан аркылуу качканы үчүн дагы алты айга эркинен ажыратылды. Өкүм чыкканга чейинки тергөө абагында отурган мөөнөттү эске алуу менен жалпы 10 жыл, үч айга кесилди. Кеген райондук сотундагы акыркы сөзүндө Күдебаев качканы үчүн күнөөлүү экенин толук мойнуна алып, бул үчүн айып пул чегерүүнү өтүндү. Апрель айында сот жүрүп жактан маалда 58 жаштагы Күдебаев өлкөдөн чыгып кеткени маалым болгон. Читать дальше...

"Аптапта электр зымдары эрип жатат". Дүйнөдө күндүн табы дагы жогорулайт

Azattyk.org 

Эл аралык метеорологиялык уюм 18-июлда билдиргендей, Жер шарынын түндүк бөлүгүн каптаган ысык бул аптада дагы жогорулайт. Мындан улам абанын температурасы түнкүсүн да жогорулап, жүрөк ооруларынын кармашына алып келиши мүмкүн экенин эскертти. Түндүк Америка, Азия, Түндүк Африка жана Жер ортолук деңизинин айланасында абанын температурасы 40 градустан ашары күтүлүүдө. Борбор Азия өлкөлөрүндө күн адаттан тыш ысып жатат. Түркмөнстанда бир нече күндөн бери күн катуу ысып жатат. 12-июлда Мары облусунда... Читать дальше...

Консот чечимин кайра кароо артында эмне сыр бар?

Azattyk.org 

Президенттин администрациясы Конституциялык соттун чечимдерин кайра кароого укук берген мыйзам долбоорун сунуштады. Документте Конституциялык сот караган маселе боюнча жаңы жагдайлар чыкса, кыргыз элинин баалуулуктарына каршы келсе, кабыл алынган чечим кайра каралат деп жазылган. Юристтер долбоор кабыл алынса, Конституциялык соттун ишине бийликтин кийлигишүүсү күчөп, мекеме ого бетер көз каранды болуп калат деп кооптонууда. “Соттор да ката кетирет” Сөз болуп жаткан мыйзам долбоору президенттин сайтына жарыяланды. Читать дальше...

Эл аралык метеорологиялык уюм аптап дагы кызый турганын айтты

Azattyk.org 

Эл аралык метеорологиялык уюм 18-июлда билдиргендей, Жер шарынын түндүк бөлүгүн каптаган ысык бул аптада дагы күчөйт. Мындан улам абанын температурасы түнкүсүн да жогорулап, жүрөк ооруларынын кармашына алып келиши мүмкүн экенин уюм эскертет. "Негизги көңүл күндүзгү жогорку температурага бурулганы менен түнкү температуранын жогорулашы ден соолукка зыян, өзгөчө аярлуу топко кирген адамдарга кыйын болот", - деп жазылган билдирүүдө. Маалыматка караганда Түндүк Америка, Азия, Түндүк Африка жана Жер... Читать дальше...

Жоокерлерди кызматта мөөнөтүнөн ашык кармоого укук берилди

Azattyk.org 

Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабынын башчысына милдеттүү жоокерлерди белгиленген мөөнөтүнөн эки айга чейинки убакытка аскерде калтыруу укугу берилди. Тиешелүү мыйзамга президент Садыр Жапаров 18-июлда кол койду. Анда штаб башчысы тиешелүү күч түзүмүнүн жетекчисинин өтүнүч катынын негизинде аскердин кызматтагы мөөнөтүн узартат. "Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндө" мыйзам боюнча жогорку аскердик окуу жайды аяктаган... Читать дальше...

Аба ырайы: 40 градуска чейин ысык болот

Azattyk.org 

18-19-июлда Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө күндүз 35…40° чейин, Талас облусунун өрөөндөрүндө 33…38° чейин жетет. 18-июлда түнкүсүн жаан-чачын болбойт. Күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Чүй, Ош облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге жетиши күтүлөт. Абанын температурасы: Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 20…25, күндүз 34…39; Талас облусунда түнкүсүн 15…20... Читать дальше...

Чет элдик жарандар үчүн мамлекеттик төлөмдөрдү көбөйтүү сунушталды

Azattyk.org 

Чет өлкөлүк жарандарга жана жарандыгы жок адамдарга Кыргызстанда туруктуу жашоого уруксат берүү үчүн мамлекеттик төлөмдөрдүн өлчөмүн көбөйтүүнү Санарип министрлиги сунуштоодо. Мекеме ""Мамлекеттик төлөмдөрдүн ченемин бекитүү" тууралуу өкмөттүн 2019-жылкы токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө" токтом долбоорун коомдук талкууга койду. Анда чет өлкөлүк жарандарга же жарандыгы жок адамдарга Кыргызстанда жашоого уруксат берүү, чет өлкөлүк паспортун каттоого коюу жана мөөнөтүн узартуунун да акысын көбөйтүү сунушталган. Читать дальше...

Чек ара кызматы "Достук" бекетиндеги узун кезектин себебин түшүндүрдү

Azattyk.org 

Чек ара кызматы Оштогу кыргыз-өзбек чек арасындагы "Достук" өткөрмө бекетиндеги узун кезекти жолоочулардын жана машиналардын каттамынын утурумдук көбөйгөнү менен байланыштырды. Аталган жайда жүргүнчүлөрдү тейлөө үчүн бардык шарттар бар экенин, учурда паспорттук көзөмөл жүргүзүүчү 33 кабинанын 23ү иштеп жатканын кабарлады. "Бул өткөрмө бекет аркылуу ары-бери каттаган адамдардын жана машиналардын саны өскөнүнө байланыштуу кезек күткөндөр көбөйдү. Ошондой эле Оштогу базарларда дүңүнөн соода кылуучу күндөрү (шейшемби... Читать дальше...

Израилде сот реформасына каршы чыккан 17 киши кармалды

Azattyk.org 

Израилде сот реформасына каршы уюштурулган демонстрацияларда 17 адам кармалды. Бул тууралуу The Times of Israel полицияга таянып жазды. Баары коомдук тартипти бузду деген кине менен кармалышкан. 18-июль - «каршылык күнүндө» Израил боюнча түмөндөгөн адамдар чыгары күтүлүүдө. Ондогон шаарларда акциянын катышуучулары кан жолдорду тороп, кээ бир аймактарда полиция менен кагылышуулар катталды. Нааразылык акциясына чыккандар күтүлүп жаткан сот реформасы өлкөгө экономикалык кедергисин тийгизерин айтышуда. Читать дальше...

"Кайрылман" макамын алуу тартиби жеңилдеди

Azattyk.org 

"Этностук кыргыздарга берилүүчү мамлекеттик кепилдиктер жөнүндө" мыйзамына киргизилген жаңы өзгөртүүлөргө ылайык, "кайрылман" макамын алгысы келген кыргыздар Кыргызстандын чет мамлекеттердеги элчиликтерине жана консулдуктарына кайрылып, арыз-документтерин тапшыра алышат. Андан кийин он жумушчу күндүн ичинде калктын миграция маселелери боюнча ыйгарым укуктуу органына жөнөтүлөт. Бул тууралуу мыйзамга президент Садыр Жапаров 18-июлда кол койду. Мыйзамды Жогорку Кеңеш 7-июнда кабыл алган. Документ... Читать дальше...

Керри: Вашингтон Бээжин менен алакалардын турукташуусуна кызыкдар

Azattyk.org 

АКШнын климат маселелери боюнча атайын чабарманы Жон Керри 18-июлда жогорку даражалуу кытай дипломаты Ван И менен жолугушууда "президент Жо Байдендин администрациясы дүйнөнүн эки ири экономикасынын ортосундагы алакалардын турукташуусуна абдан кызыкдар экенин" билдирди.  Бээжиндеги сапарынын экинчи күнүндө Керри Коммунистик партиянын эл аралык алакалар бөлүмүнүн башчысы Ван И менен жолугуп, "Байден эки мамлекет дүйнөнү кыйла өзгөртө алган аракеттерге биргеликте жете аларына үмүттөнөрүн" кошумчалады. Читать дальше...

Пенсиянын базалык бөлүгүн 500 сомго көбөйтүү сунушталууда

Azattyk.org 

Кыргызстандын Социалдык фонду быйыл 1-октябрдан тартып, пенсиянын базалык бөлүгүн 500 сомдон кем эмес өлчөмдө көбөйтүүнү сунуштады. Министрлер кабинетинин коомдук талкууга чыгарылган долбоорунда буга айлык акы жана керектөөчү баалардын индекси өскөнү негиз бергени жазылган. Улуттук статистикалык комитеттин 2022-жылга карата берген маалыматында керектөөчү баалардын өлчөмү 113,9%, айлык акы 137,3% өскөн. Кыргызстандын мыйзамдарына ылайык, пенсияны индексациялоо Соцфонд бюджетиндеги каражаттын өлчөмүнө жараша көбөйтүлөт. Читать дальше...

Акыйкатчы “чет элдик өкүл” долбоорун чакыртып алууну сунуштады

Azattyk.org 

Акыйкатчы Жамиля Жаманбаева “Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө”  жана Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзам долбоорун артка чакыртып алууну сунуштады. Бул тууралуу аталган институттун басма сөз кызматы кабарлады. Акыйкатчы адам укуктары тууралуу эл аралык жана Конституциялык мыйзамдарды сактоо максатында демилгеленип жаткан мыйзам долбоорунан баш тартуу зарыл деп белгилеп, демилгечилерге мыйзам долбоорунун жаңы редакциясын иштеп чыгууга сунуш берген.  Мурдараак Министрлер... Читать дальше...

Россельхознадзор Кыргызстандын сүт заводдорун, балык чарбаларын онлайн текшерет

Azattyk.org 

Орусиянын Россельхознадзор ишканасы Кыргызстандагы сүттү кайра иштетүүчү төрт ишкананы жана беш балык чарбасын онлайн текшерет. Бул тууралуу Кыргызстандын Айыл чарба министрлиги кабарлады. Анда 20-июндан тартып "Ак-Булак Плюс", "Ак-Жалга", "Жайыл Милк", "Ала-Тоо сүт" ишканалары сүт азыктарын Орусияга экспорттой баштаганы белгиленген. Аталган министрликтин маалыматына караганда, ушул жылдын алты айында жалпысынан 35 тоннага жакын сүт азыктары экспорттолгон. Анын басымдуу бөлүгү Казакстанга жөнөтүлгөн... Читать дальше...

Ысык-Көлдүн 215 гектары тазаланды, 10 тоннадан ашык таштанды чыгарылды

Azattyk.org 

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Ысык-Көлдү таштандыдан арылтуу уланып жатканын билдирди. Ага ылайык,  төрт айга жакын убакта 10,5 тоннадай акыр-чикир алынып чыккан. "Президент Садыр Жапаровдун жарлыгынын негизинде министрликтин суучулдары көлдү тазалоонуу улантып жатат. Ушул тушта Чолпон-Ата шаарындагы, Кара-Ой айылындагы муниципалдык жана жеке менчик эс алуу жайларына караган көл түбү тазаланууда. Жалпысынан март айынан бери Ысык-Көлдүн 215 миң гектарга жакын аянты тазаланып,  97 600 метр балык уулоочу тор... Читать дальше...

Быйыл тогуз интервенция жасалып, 500 миллиондон ашык доллар сатылды

Azattyk.org 

Улуттук банктын төрагасы Кубанычбек Бөкөнтаев учурда Кыргызстанда доллар таңкыстыгы жок экенин билдирди. Ал "Кабар" улуттук маалымат агенттигине курган маегинде өлкөдөгү валюта базарындагы жагдайды "туруктуу" деп сыпаттады жана керектүү чаралар убагында көрүлүп жатканына ишендиргенге аракет кылды. Бөкөнтаев алты айда тогуз жолу интервенция жасалганын, 500 миллиондон ашык доллар сатылганын, доллардын баасы жыл башынан бери 2,56%га өскөнүн билдирди. "Акча алмаштыруу жайларында жана банктарда накталай АКШ доллары жетиштүү көлөмдө. Читать дальше...





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *