Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Июль
2023

Новости за 28.07.2023

Ошто милициянын ондогон кайгуул кызматкери нааразылыкка чыкты

Azattyk.org 

28-июлда түн киргенде Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын (ЖКККБ) Оштогу бөлүмүнүн 50дөй кызматкери мекеменин жетекчиси Айбек Жумагуловго нааразылык билдирип, милициянын кайгуул кызматынын имаратынын алдына чыгышты. Чогулгандар жетекчилик менен иштеше албай турганын айтып, Ички иштер министрлигине (ИИМ) жети пункуттан турган кат жолдошту. Алар министр Улан Ниязбековду бул ишке көңүл бурууга чакырышты. Нааразылыкка чыккандар мыйзамда көрсөтүлгөн талаптар аткарылбай жатканын белгилеп, Жумагуловдун келишин талап кылышты. Читать дальше...

Баткен: аялдарды шыктандырган футбол

Azattyk.org 

Баткенде Лейлектин эң четки Көк-Таш айылында аялдардын футбол мелдеши өтүүдө. Топ кубалаган айыл спортчуларын күйөрмандар кызуу сүрөп жатышат.

Байсалов: Парламентте орой мамилени токтотушубуз керек

Azattyk.org 

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов аны кызматтан алуу боюнча Жогорку Кеңештин президентке берген сунушу, парламент менен аткаруу бийлигинин мамилеси жана өлкөдө баалардын кымбатташы боюнча “Азаттыктын” суроолоруна жооп берди. “Азаттык”: Жогорку Кеңештеги бийликчил деп саналган “Ишеним”, “Ата Журт-Кыргызстан” фракциялары жана “Мекенчил” тобу сизди кызматтан алуу демилгесин көтөрүп, парламент президентке сунуш бергенине бир айдан өттү. Спикер Нурланбек Шакиев президент жана өкмөт башчы чечим кабыл алганын да айткан. Читать дальше...

Абировдун шайлоого катышуу арызын БШКнын жумушчу тобу карайт

Azattyk.org 

Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) Жаныбек Абировдун Бишкектеги №26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин шайлоосуна талапкер болуп катышуу арызын жумушчу топ карай турганын билдирди. Жумушчу топ Жаныбек Абировдун шайлоого катышуу  арызы мыйзамга туура келер-келбеси боюнча жыйынтык чыгарып, сунуш берет. Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Жаныбек Абиров Ленин округундагы кайра шайлоого катышууга 28-июлда арыз берди. Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү Абдыжапар Бекматов... Читать дальше...

Польша аскерлеринин санын эки эсе көбөйтөт

Azattyk.org 

Беларуска "Вагнер" менчик аскердик компаниясынын көчкөнүнө байланыштуу Польша өз аскерлеринин санын эки эсе көбөйтүүнү көздөп жатат. Бул тууралуу polskieradio24 радиосуна курган маегинде вице-премьер-министр Ярослав Качинский билдирди. Анын айтымында, буга чейин Польшанын армиясы үч дивизиядан турса, эми алтыга чейин көбөйтүлөт. Вице-премьер-министр кошумчалагандай, учурда өкмөт бир кезде таратылып кеткен аскер бөлүктөрүн калыбына келтирүүнүн жана жаңыларды түзүүнүн үстүндө иштеп жатат. Тактап айтканда... Читать дальше...

"Жубайымды жети жылдан бери көрө элекмин". Шинжаң туткундары

Azattyk.org 

Үч баласын жети жылдан бери жалгыз багып келе жаткан Садриддин Аюуповдун жубайы Шинжаңда калган. Алар жети жылдан бери жолуга албай жатат. Кытайдын Шинжаң аймагында жашаган Гусман Рахимулы 2023-жылы жазында камакка алынган. Анын Алматы облусунда жашаган иниси Билал полиция агасын үйүнөн Куран китеби табылганы үчүн кармап кеткенин айтууда. Жакындарын кайтарып келүү үчүн бул жарандар казак бийлигинен жардам сурап келет. Шиңжаң: Балдарды энеден ажыраткан саясат... Казакстандын Алматы облусунун Шелек айылында жашаган... Читать дальше...

Нигердеги төңкөрүштүн лидери Тчиани өзүн президент деп жарыялады

Azattyk.org 

Нигердеги мамлекеттик төңкөрүштүн башында турган генерал Омар Тчиани өзүн өткөөл мезгилдин президенти катары жарыялады. Бул тууралуу ал улуттук телеканал аркылуу кайрылуусунда билдирди. Ал эми бийликтен кулатылган президент Мохамед Базум өз резиденциясында кайтаруу алдында калууда. Козголоңчулар ырастагандай, Базум жана анын үй-бүлөсү өздөрүн жакшы сезип жатышат. Тчиани кайрылуусунда мамлекеттик төңкөрүшкө өлкөнүн улуттук коопсуздугуна коркунуч келтирген Базумдун өкмөтүнүн каталары, жакырчылык жана жемкорлук себеп болгонун билдирди. Читать дальше...

Дүйшөмбү Куранды өрттөө акцияларын айыптады

Azattyk.org 

Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги Швеция жана Данияда өткөн Куранды өрттөө акцияларын айыптады. "Ыйык Куранды тебелеп, өрттөө дүйнө мусулмандарынын сезимдерине шек келтирип, коомдо кастыкты козутууга, диндер аралык жаңжалды тутантууга багытталган", - деп жазылган билдирүүдө. Министрлик Тажикстан "экстремизм, терроризм, душмандашуу, согуш жана жаңжалга байланыштуу бардык аракетти" айыптарын жана иштиктүү диалогду жактарын кошумчалады. Буга чейин Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Швецияда жана Данияда өткөн акцияларды айыптап... Читать дальше...



Кеминдеги майнинг ферма, президенттин жообу

Azattyk.org 

2023-жылдын башынан бери Кемин шаарынын жака белинде майнинг ферма иштеп, мамлекеттин электр энергиясына туташып алган. Энергетика тармагына өзгөчө кырдаал жарыяланып, кышында жарык өчүрүлүп жаткан Кыргызстандагы ири майнинг ферманын ишмердиги суроо жаратпай койбойт. “Азаттык” криптовалюта чыгарган компаниянын ишин, анын энергетика тармагына тиешеси бар таасирдүү кожоюндарын иликтеди. Миллиондор айланган майнинг ферма Майнинг ферма Кемин шаарынын жогору жагына, элден обочо жерге салынган. 2,2 гектар жерди ээлеп... Читать дальше...

УКМК өспүрүм “телефон терорчулугуна” шек саналып жатканын кабарлады

Azattyk.org 

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Бишкектеги мектептердин биринин 9-классынын А.А.А. аттуу окуучусу гимназиялардын бирине бомба коюлганы тууралуу бир канча жолу жалган маалымат берген деп шек саналып жатканын билдирди. Ага ылайык, өспүрүм ушул жылдын 28-29-март күндөрү бир канча жолу бомба тууралуу мектептин электрондук почтасына жалган билдирүү жөнөткөн. Ата-энесинин көзүнчө сурак берип жатып, күнөөсүн мойнуна алган. “Ал окуу жараянын үзгүлтүккө учуратуу үчүн видеооюндардын... Читать дальше...

Кайра шайлоо: Жумалиева Абировду каттоого каршы экенин билдирди

Azattyk.org 

Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) мүчөсү Акбалык Жумалиева Бишкектиги бир мандаттуу Ленин округундагы кайра шайлоого катышуу үчүн арыз берген Жаныбек Абиров тууралуу комментарий берди. Ал Фейсбуктагы баракчасына анын арызы каралып жатканда каршы добуш берерин жазды. “Мыйзамда “Кайра шайлоо өткөрүлгөн учурда, иш аракеттери шайлоону жараксыз деп таануу үчүн негиз болгон талапкерлер кайрадан шайлануучу орунга талапкерликке көрсөтүлүшү мүмкүн эмес” деп турат. Бош мандаттын пайда болушуна жана эки... Читать дальше...

БУУнун баш катчысы "глобалдык кайноо" доору башталганын билдирди

Azattyk.org 

Бириккен Улуттар Уюмунун баш катчысы Антониу Гуттериш 27-июлда өткөргөн маалымат жыйында глобалдык жылуулук доору аяктап, "глобалдык кайноо" доору башталганын билдирди. "Климат өзгөрүп жатат. Азыркы аба менен дем алуу мүмкүн эмес. Бул ысыкка адам чыдай албайт", - деген Гуттериш чечкиндүү жана кечиктирилгис чечимдерди кабыл алуу менен гана глобалдык температуранын жогорулашын токтотсо болорун кошумчалады. Буга чейин Эл аралык метеорологиялык уюм жана Климаттын өзгөрүүсүнө байкоо салган Европа... Читать дальше...

Ак-Сайдын тургундары Орунбеков боюнча президентке кайрылды

Azattyk.org 

Баткендин Ак-Сай айылынын тургундары президенттик администрациянын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Дайырбек Орунбековду кызматтан алууну суранды. Президент Садыр Жапаровдун атына жазылып, 20дан ашык адам кол койгон катты “Интербилим” коомдук уюмунун өкүлү Гүлгакы Мамасалиева Фейсбуктагы баракчасына жарыялады. “24-июлда сиздин басма сөз катчыңыз (ред.: президенттин администрациянын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы) Дайырбек Орунбеков Фейсбук баракчасынан такталбаган маалымат чыгарып,... Читать дальше...

Ниязбеков милиция кызматкерлерин жазалоо тартиби өзгөрөрүн айтты

Azattyk.org 

Ички иштер министрлиги 28-июлда жарым жылдык ишин жыйынтыктаган коллегия өткөрдү. Анда министр Улан Ниязбеков “Тартиптик уставга” өзгөртүүлөр киргизилип жатканын билдирди. Ага ылайык, милдетин так аткарбаган, кемчилик кетирген милиция башчыларынын, кызматкерлердин жоопкерчилигин кароо тартиби өзгөрөрүн айтты. “Кызматкер же анын жетекчиси милдетин так аткарбай, тартип жана мыйзам бузууга барса, ээлеген кызматынан бошотулбай эле наамы бир баскычка төмөндөтүлөт. Ошондон кийин дагы мыйзам бузуу болсо... Читать дальше...

Абиров Ленин округундагы кайра шайлоого катышуу үчүн арыз берди

Azattyk.org 

Жогорку Кеңештин мандатын тапшырган депутаты Жаныбек Абиров Бишкек шаарындагы бир мандаттуу Ленин округундагы кайра шайлоого катышууга арыз берди. Мындай маалымат 28-июлда БШКнын сайтына жарыяланды. Буга чейин БШКнын мүчөсү Абдыжапар Бекматов Абиров аталган округдагы кайра шайлоого катыша албастыгын билдирген. Бирок ал “Азаттыкка” комментарий берип жатып, БШК коллегиялдуу орган экенин, эгер экс-депутат арыз берсе, караларын айткан. “Конституциялык мыйзамда “кайра шайлоонун дайындалышына себепчи... Читать дальше...

Эдил Байсалов Жогорку Кеңештин депутаттарынан кечирим сурады

Azattyk.org 

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов “Азаттыкка” курган маегинде Жогорку Кеңешке айткан сын-пикири үчүн парламенттин төрагасы Нурланбек Шакиевден жана депутаттардан кечирим сурады. Ал Жогорку Кеңештин депутаттарынын беделине шек келтирүү ниети болбогонун, иштеп жаткан Конституция боюнча аткаруу бийлиги президенттин колунда экенин гана айткысы келгенин билдирди. Эдил Байсалов парламентте Конституция боюнча аткаруу бийлиги кимдин тапшырмасы жана программасы менен иштей турганын гана эске салганын... Читать дальше...

“Ош айланма” жолун курууда 2,6 миллион сом зыян келтирилгени аныкталды

Azattyk.org 

Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы Ош шаарынын түндүк тарабынан айланып өтүүчү “Ош айланма” автожолунун беш чакырымына (“Т түрүндөгү” кесилиштен тартып Ош-Кара-Суу автожолуна чейин) асфальт төшөөдө коррупция аныкталганын билдирди. Жыйынтыгында мамлекетке 2 млн. 683 миң сом зыян келтирилген. Мекеме бул факты боюнча Ош облусунун прокуратурасы Жазык кодексинин “Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу”, “Ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуу” жана “Кызматтагы жасалмалоо” беренелери менен иш козгоду. Читать дальше...

Аба ырайы: тоолуу райондордо жаан жаайт

Azattyk.org 

Кыргызгидромет кабарлагандай, 29-июлда Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда, Чүй, Талас облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө жана Чүй, Талас облустарынын дыйканчылык аймактарында жаан-чачын болбойт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз айрым жерлерде 15-20 метрге жетет. Абанын температурасы: Чүй облусунда түнкүсүн 18…23... Читать дальше...

Ереван Лачын коридоруна кирүү суроосуна Москва жооп бербей жатканын билдирди

Azattyk.org 

Тоолуу Карабакка багыт алган 19 жүк ташуучу машинеден турган автокербенди Азербайжан бийлиги эки күндөн бери Лачын коридорунан өткөрбөй жатат. Еревандын айтымында, машинелерге гуманитардык жардам жүктөлгөн. Армениянын өкмөтү 25-июлда Тоолуу Карабакка 360 тонна ун, өсүмдүк майы, шекер жана башка эң керектүү азык-түлүктү жеткирүү аракетин көрө турганын билдирген. Армян аткаминерлери орусиялык бейпил күчтөрү кербенди коштоп барарына үмүт артышкан. Тоолуу Карабактагы жикчилдердин өкүлү Вардан Саргсян... Читать дальше...

“Эркечтамда” Кыргызстандан Кытайга көмүр ташуу жеңилдейт

Azattyk.org 

Президент Садыр Жапаров 28-июлда Ош облусундагы кыргыз-кытай чек арасындагы “Эркечтам” өткөрмө бекетине барды. Басма сөз кызматынын билдиришинче, ал узундугу 3,4 чакырымды түзгөн төрт тилкелүү жолдун курулушу менен таанышты. Бул жолду куруу ушул жылдын май айында эки тараптуу макулдашууга кол коюлгандан кийин башталган. Анын алкагында узундугу 187 метрге жеткен эстакада көпүрө салуу, көмүр ташуу үчүн ленталык конвейер орнотуу каралган. “Долбоордун аякташы Кыргызстандан Кытайга көмүрдү ленталык... Читать дальше...

ИИМ тергөөнү жакшыртуу үчүн 100гө жакын кызматкер алат

Azattyk.org 

Ички иштер министрлиги (ИИМ) жер-жерлерде тергөө кызматтарынын ишин жакшыртуу үчүн жүзгө жакын жаңы кызматкер алат. Бул тууралуу ички иштер министри Улан Ниязбеков 28-июлда ички иштер органдарынын жарым жылдагы ишинин жыйынтыгын чыгарган отурумда айтты. Ал министрликке экономикалык иштерди тергөө милдети берилгенин ушундан улам кошумча кызматкерлер алынарын билдирди. Президент Садыр Жапаров 26-июлда прокуратура органдарынан тергөө жүргүзүү укугун алып аны Ички иштер министрлигине (ИИМ) жана Улуттук... Читать дальше...

Түркмөн бийлиги калкын чет өлкөлүк медиаларды окубоого чакырды

Azattyk.org 

Түркмөнстандын бийлик өкүлдөрү бюджеттик кызматкерлер менен жолугушууда чет элдик маалымат каражаттарын окубоого жана социалдык-экономикалык маселелер тууралуу маалыматтарды "Эркин Европа/Азаттык" радиосунун түркмөн редакциясы - "Азатлыкка" жөнөтпөөгө чакырышты. Бул тууралуу сөз болгон редакциянын Балкан чөлкөмүндөгү кабарчысы 26-июлда билдирди. Андан бир күн мурда Түркмөнбашы шаарында Улуттук коопсуздук министрлигинин кызматкерлери, шаар акимиятынын жана коомдук уюмдардын өкүлдөрү бюджеттик мекемелерде иштегендер менен эки жыйын куруп... Читать дальше...

Чет өлкөлүк жарандарга онлайн каттоого турууга шарт түзүлдү

Azattyk.org 

Кыргызстанга келген туристтерге, чет өлкөлүк жарандарга онлайн каттоого турууга шарт түзүлдү. Бул тууралуу санарип өнүктүрүү министринин орун басары Жазгүл Кийизбаева 28-июлда“Кабар” маалымат агенттигиндеги басма сөз жыйынында билдирди. Ага ылайык, Кыргызстанга келген чет элдиктер мындан ары Калкты каттоо департаментинин сайты аркылуу каттоого турса болот. “Ал үчүн кабыл алган тарап жеке кабинет ачып, каттоодон өтүп, тек-жайын тактаган, үйү бар экенин ырастаган документиндеги маалыматты киргизүүсү керек”, - деп билдирди Кийизбаева. Читать дальше...

Кыргызстанда алты айда 330 миңдей чет өлкөлүк жаран каттоого турган

Azattyk.org 

Кыргызстанда жыл башынан бери 330 миңге чукул чет өлкөлүк жаран каттоого турган. Бул былтыркыга салыштырмалуу 33 миңдей адамга көп. Бул тууралуу санарип өнүктүрүү министринин орун басары Жазгүл Кийизбаева 28-июлда “Кабар” маалымат агенттигиндеги басма сөз жыйынында билдирди. Анын маалымдашынча, 60 күндүк каттоого турган чет элдик жарандардын көбү - мигранттар, студенттер жана туристтер. Ушул жылдын апрель айында парламентте Жазгүл Кийизбаева былтыр каттоодон өткөн 297 миңдей чет өлкөлүк жарандын... Читать дальше...

Салык кызматы: “Жыйынды пост” системасы калыбына келтирилди

Azattyk.org 

Салык кызматы чек арадагы өткөрмө бекеттерде колдонулган  “Жыйынды пост” маалымат системасы калыбына келтирилгенин маалымдады. Мекеменин басма сөз катчысы Эркин Сазыковдун “Азаттыкка” билдиришинче, автоматташтырылган система 28-июлга караган түнү интернеттин өчүп калганын байланыштуу үзгүлтүккө учураган. Интернет берилгенден кийин штаттык режимде иштеп жатат. Мунун алдында Чек ара кызматы кыргыз-казак чек арасындагы “Ак-Тилек”, “Чоң-Капка”, “Чалдыбар” жана “Ак-Жол” өткөрмө бекеттеринде бир канча... Читать дальше...





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *