Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Июль
2023

Новости за 09.07.2023

Мирзиёевдин эл тааныбаган "атаандаштары". Өзбекстанда президенттик шайлоо аяктады

Azattyk.org 

Өзбекстанда президенттик шайлоо аяктады. Өлкөдө добушканалар жергиликтүү убакыт боюнча саат 20.00дө жабылды. Борбордук шайлоо комиссиясы билдиргендей, саат 17.00гө карата шайлоочулардын 69,85% же 13 459 677 киши добуш берди. Андан кийинки убакыттарга расмий маалымат бериле элек. Мыйзам боюнча тизмедеги шайлоочулардын 33% ашыгы жараянга келсе, шайлоо өттү деп табылат. Жаңы Конституцияга ылайык, президенттик мөөнөт беш жылдан жети жылга узартылган. Төрт киши ат салышканы менен саясий жарышта азыркы... Читать дальше...

Иранда полиция бекетине кол салуу болду

Azattyk.org 

Ирандын түштүк-чыгышында төрт согушкер 8-июлда полиция бекетине кол салып, коопсуздук күчтөрүнүн эки кызматкерин өлтүргөнүн мамлекеттик телеканал билдирди. Окуя Пакистан менен чек арадан 30 чакырымдай алыстыкта жайгашкан Захедан шаарында болгон. Бийлик төрт согушкер жок кылынганын маалымдады. Мамлекеттик IRNA маалымат агенттиги чабуул үчүн жоопкерчиликти "Ал-Каида" менен байланышы бар жана "Жейш ал-Адл" же "Адилет армиясы" деп аталган сунниттик жикчил топ өзүнө алганын кабарлады.

Санарип жана интернет дүйнөсүндөгү URL ж.б. көйгөйлөр

Azattyk.org 

Интернеттеги кыргызча ресурстарды калыптандыруу маалында келип чыккан айрым жөнөкөй көрүнгөн, бирок олуттуу  өксүк жагдайлар тууралуу блог.   Үстүбүздөгү кылымдын алгачкы жылдары иши кылып кыргыз тилинде текст жарыяланганын көрүп, маашырланып калаар элек. Эми чейрек кылым өтүп-өтпөй жатып, интернеттин кыргызча материалынын мазмунунун жогорку сапаты үчүн күрөшүп калдык. Айрымдар элес албай жаткан жана калпыстыктарга жол коюлуп жаткан бир катар өңүттөр бар. Алардын кээ бирлерине токтоло кетүүпү эп көрдүк. Читать дальше...

"Орусия текшерүүнү күчөттү". Казак-орус чек арасында ондогон фура топтолду

Azattyk.org 

Кыргызстандан Орусияга бараткан ондогон жүк ташуучу автоунаалар казак-орус чек арасында узун кезек күтүп турат. Мындай көрүнүш он күндөн бери уланып жатканын айдоочулар "Азаттыкка" билдиришти. Алар узун кезекке орус тараптын бажы текшерүүлөрүн күчөткөнү себеп болгонун айтып жатышат. Жүк ташуучулар ассоциациясы мезгилге жараша кайталанарын эске салып, кыргыз бийлигинен аны чечүүгө көмөк көрсөтүүнү суранып жатат. ЕАЭБге кирген өлкөлөр ортосунда чек ара тоскоолдуктары жаралбайт деген келишимге карабай... Читать дальше...

Өзбекстан БШКсы добуш берүү 70% жакындаганын билдирди

Azattyk.org 

Өзбекстанда 9-июлда өтүп жаткан президенттик шайлоодо Ташкент убактысы менен саат 17:00гө карата 13 миллион 459 миңден ашуун жаран добуш берип, катышуу 70% жакындаганын Борбордук шайлоо комиссиясы маалымдады. Өзбекстандын шайлоо мыйзмдарына ылайык, добуш берүүчүлөрдүн теңи катышканда шайлоо өттү деп эсепелет. Добуш берүү кечки саат сегизге чейин уланат. Президенттикке Элдик-демократиялык партиядан Улугбек Иноятов, “Адолат” социал-демократиялык партиясынан Робахон Махмудова, Экологиялык партиядан ... Читать дальше...

Жапаров Монголия менен соода алакадагы тоскоолдук тууралуу айтты

Azattyk.org 

Монголиянын Улан-Батор шаарында мамлекеттик сапар менен жүргөн Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров монгол президенти Ухнаагийн Хурэлсух менен чакан жана кеңейтилген форматта сүйлөшүү жүргүздү. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы кабарлады. Жолугушууда Монголиянын президенти "тарыхый мамлекеттик сапар" деп атап, эки өлкө ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүүгө дем берерин айтты. Ал Кыргызстандын президенти Монголияга акыркы жолу 21 жыл мурун келгенин белгиледи. Эки тарап бардык тармакта кызматташуунун мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты. Читать дальше...

Өзбекстанда шайлоочулардын теңинен көбү добуш берди

Azattyk.org 

Өзбекстанда 9-июлда өтүп жаткан президенттик шайлоодо саат 14:00гө карата 10 миллиондон ашуун жаран добуш берип, катышуу 52% ашканын Борбордук шайлоо комиссиясы маалымдады. Бул көрсөткүч өлкөдө президенттик шайлоо өттү деп эсептөөгө негиз болот. Добуш берүү кечки саат сегизге чейин уланат. Президенттикке Элдик-демократиялык партиядан Улугбек Иноятов, “Адолат” социал-демократиялык партиясынан Робахон Махмудова, Экологиялык партиядан – Абдушукур Хамзаев жана Либерал-демократиялык партиядан – Шавкат Мирзиёев ат салышууда. Читать дальше...

Кыргызстандык фуралар казак-орус чек арасынан өтө албай турушат

Azattyk.org 

Орусиянын Казакстан менен чектешкен “Маштаково” чек ара бекетинде айрым кыргызстандык жүк ташуучулар өтө албай турганын кабарлашты. Өзүн Хаким деп тааныштырган айдоочу 7-8-июль күндөрү жолдогу жүк ташуучулардын тыгыны 4-5 чакырымга чейин созулганын айтып берди. “Бүгүн азайып калды. Кечээ 4-5 чакырым кезек болчу. Казакстандан, Кыргызстандан бара жаткандар бар. Мөмө-жемиштерди кое берип жатат. Турмуш-тиричиликкее керектүү буюмдарды жүктөп бара жаткандар кармалып турат. Себеби белгисиз”, - деди. ... Читать дальше...



Өспүрүмдөр абагында сегиз балага аттестат жана күбөлүк берилди

Azattyk.org 

Чүйдүн Панфилов районундагы №14 тарбиялоо колониясындагы алты окуучу 9-классты аяктаганы тууралуу күбөлүк, эки окуучу 11-класттын аттестатын алышты. Бул тууралуу Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы (ЖАМК) кабарлады. Кыргызстандагы өспүрүмдөр үчүн колония Панфиловдун Вознесеновка айылында жайгашкан. Мекемеде 14 жаштан 18 жашка чейинки эркек балдар жазасын өтөйт. Абакта киши өлтүрүү, зордуктоо, уурулук, каракчылык сыяктуу оор кылмыш жасагандар отурат. Алардын саны расмий айтылбайт. Кылмыш кылган... Читать дальше...

"Бийликти басып алууга" шек саналгандардын бөгөт чарасы 21-июлда каралат

Azattyk.org 

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) “бийликти күч менен басып алуу аракетин көргөн” деген айып менен кармаган төрт кишинин бөгөт чарасы 21-июлда каралат. Бул тууралуу кармалгандардын бири Гүлжигит Исаковдун жактоочусу Сартбай Жайчыбеков “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, 7-июнда Бишкектин Биринчи Май райондук соту шектүүлөрдү эки аптага камакка алуу чечимин чыгарып, кийин камак мөөнөтү узартылган. Адвокат Исаков менен жакындары жолугушууга мүмкүнчүлүк түзүлбөй жатканын кошумчалады. Читать дальше...

Төө-Ашуудагы тоннелдеги чектөөлөр 10 саатка чейин созулат

Azattyk.org 

Бишкек-Ош автоунаа жолундагы Төө-Ашууда тоннелди оңдоп-түзөөгө байланыштуу кийинки жумадан баштап машиналардын жүрүшүнө чектөө 10 саатка чейин созулат. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникация министри Тилек Текебаев кабарлады. “Төө-Ашуудагы тоннелдин ремонт иштеринин акыркы этабы калды. Жумушту тез бүтүрүү максатында эми чектөөлөр кийинки жумадан баштап 10 саатка чейин болот. Бул аракет асфальт төшөөнү тездетүүгө байланыштуу”, - деп жазды министр Фейсбуктагы баракчасына. Ал чектөөлөрдүн убактысын кийинчерээк айтарын... Читать дальше...

"Алты жыл бою дайынын билген жокмун". Шинжаңда видео бөлүшкөнү үчүн камалган Камила

Azattyk.org 

2022-жылы декабрда Кытайдын Хэнань провинциясындагы университеттин студенти Камила Вайит Шинжаң-Уйгур автоном районундагы Артыш шаарындагы ата-энесинин үйүндө кармалган. Алты ай бою дареги жок болуп, июнь айынын башында гана Кытайдын Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Вайит "экстремизмди жайылткандыгы үчүн" камакка алынганын айткан. Бул "кылмыш" үчүн жазанын мөөнөтү беш жылга чейин созулушу мүмкүн. Анын бир тууганы жана укук коргоочулар ал WeChat сайтында Кытайдагы чектөөлөргө каршы нааразылык... Читать дальше...

Өзбекстандагы президенттик шайлоого катышуу түшкө чейин 33% ашты

Azattyk.org 

Өзбекстанда 9-июлда өтүп жаткан президенттик шайлоодо добуш берген жарандардын көрсөткүчү түшкө чейин 33% ашты. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясы билдирди. 28-июндан 5-июлга чейин мөөнөтүнөн мурда добуш берүү да болуп, ага шайлоо күнү өзү катталган жерде болуу мүмкүнчүлүгү жок жарандар катышкан. Президенттикке Элдик-демократиялык партиядан Улугбек Иноятов, “Адолат” социал-демократиялык партиясынан Робахон Махмудова, Экологиялык партиядан – Абдушукур Хамзаев жана Либерал-демократиялык партиядан – Шавкат Мирзиёев ат салышууда. Читать дальше...

АКШ Эван Гершковичти алмашуу тууралуу сүйлөшүү жүргүзүүдө

Azattyk.org 

Вашингтон Орусияда камакта жаткан журналист Эван Гершковичти алмашуу үчүн Москва менен сүйлөшүү жүргүзүүдө. Бул тууралуу АКШнын президентинин улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Жейк Салливанга таянып New York Times басылмасы жазды. Маселе талкууланганын, азырынча анык чечим жоктугун белгилеген Салливан журналистти мекенине алып келүү үчүн бардык аракет көрүлүп жатканын кошумчалады. Ушул аптанын башында Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков Москва эки өлкөнүн ортосунда туткундарды алмаштыруу боюнча АКШ менен байланышта экенин... Читать дальше...

"Бактылуу мүнөттөрдү тарткым келет"

Azattyk.org 

58 жаштагы сүрөтчү Доктурбек Кысамединов тогуз жашында токко урунуп оң колунан ажырап калган. Анын кейиштүү тагдыры сүрөтчүлүк өнөрүн аксаткан эмес. Ал живопись, графика жана скульптура багытындагы ондогон эмгектердин автору.

ИИМ оң рулдуу машиналар жол кырсыгына көп кабылып жатканын билдирди

Azattyk.org 

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы (ЖКККБ) адам өлүмү менен коштолгон авто кырсыктардын 60% оң рулдуу машиналар катышканын билдирди. Мекеме канча убакытта, канча жол кырсыгына талдоо жүргүзүлгөнү жөнүндө маалымат берген жок. Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы 28-майда Бишкек-Нарын-Торугарт жолундагы сегиз кишинин (арасында экөө балдар), 6-июндагы Бишкек-Ош жолундагы алты кишинин өмүрүн алган авто кырсыктарды мисал келтирген. ЖКККБ оң рулдуу автоунаалар Кыргызстандын жолуна ыңгайлашпаганын белгилеп... Читать дальше...

Президент Жапаров мамлекеттик сапар менен Монголияга барды

Azattyk.org 

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров мамлекеттик сапар менен Улан-Батор шаарына барды. Жапаровду "Чыңгызхан" эл аралык аэропортунан Монголиянын тышкы иштер министри Батцэцэг Батмунхийн тосуп алды. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев кабарлады. “Мамлекеттик сапардын жүрүшүндө бир катар жогорку деңгээлдеги жолугушуулар өтүп, эки тараптуу документтер кабыл алынат. Президент Садыр Жапаровдун мамлекеттик сапарынын иш-чаралары Монголиянын эки шаарында - Улан-Батор жана Эрдэнэтте өтөт”, - деди Султанбаев. Читать дальше...

Өзбекстанда кезексиз президенттик шайлоо башталды

Azattyk.org 

Өзбекстанда бүгүн, 9-июлда президенттик шайлоодо өтүп жатат. Буга чейин өлкөнүн Борбордук шайлоо комиссиясы 28-июндан, 5-июлга чейин мөөнөтүнөн мурда добуш берүү болгонун кабарлаган. Ага шайлоо күнү өзү катталган жерде болуу мүмкүнчүлүгү жок жарандар катышкан. 8-майда азыркы президент Шавкат Мирзиёев мөөнөтүнөн мурда шайлоо дайындоо тууралуу конституциялык мыйзамга кол койгон. 30-апрелде референдум өтүп, Конституцияга өзгөртүү киргизүүнү добуш берүүгө катышкан шайлоочулардын 90,21% колдогон.... Читать дальше...

Энергетика министри "акылдуу эсептегичтерди" көбөйтүүнү тапшырды

Azattyk.org 

Энергетика министри Таалайбек Ибраев 8-июлда “Кыргыз улуттук электр тармагы” ишканасында кышка даярдык боюнча жыйын өткөрдү. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы кабарлады. Күн тартибинде электрондук эсеп-дүмүрчөк (квитанция) системасын киргизүү, жоготууларды азайтуу жана “акылдуу эсептегичтерди” көбөйтүү маселеси талкууланды. Министр эсеп-дүмүрчөк таратуу үчүн жылына 1300 кызматкер, 10 тонна кагаз кетип жатканын белгилеп, санариптештирүү зарылдыгын айтты. Министр “Кыргыз улуттук электр тармагы” ишканасын кышка даярданууну тапшырды. Читать дальше...





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *