Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Июль
2023

Новости за 23.07.2023

Иранда согушкерлер төрт полиция кызматкерин атып өлтүрдү

Azattyk.org 

Иранда согушкерлер жол тартибин караган төрт полиция кызматкерин атып өлтүрдү. Мамлекеттик маалымат караажаттары жазгандай, окуя 23-июлда баш калаа Тегерандан 1200 чакырым алыста, Систан-Белужистан аймагында жолдо болду. Бийлик полиция кызматкерлери террорчулардын чабуулуна кабылганын билдирди. Tasnim агенттиги Захедан шаарындагы "террордук" кол салуудан кеминде төрт жол полиция кызматкери набыт болгонун жазды. Пакистан жана Ооганстан менен чектешкен Систан-Белужистан провинциясынын борбору... Читать дальше...

24-июлдун аба ырайы

Azattyk.org 

24-июлда түнкүсүн Кыргызстандын аймагында жаан-чачын болбойт. Күндүз Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Чүй, Талас облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтөт. Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы: Чүй облусунда түнкүсүн 18...23, күндүз 33…38; Талас жергесинде түнкүсүн 16...21, күндүз 32…38; Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында ​түнкүсүн 23…28, күндүз 33…39; Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 13...18, күндүз 27...32; Нарын облусунда түнкүсүн 11…16... Читать дальше...

Тажикстанда электр энергиясынын импорту азайды

Azattyk.org 

Тажикстанда электр энергиясын экспорттоо былтыркыга салыштырмалуу азайды. Бул тууралуу президентке караштуу Статистика агенттиги билдирди. 2023-жылдын алты айында электр энергиясын экспорттоодон түшкөн жалпы сумма 43,2 миллион долларды түздү. Бул былтыркы ушул мезгилден 1,4 миллион долларга аз экенин "Озоди" радиосу кабарлады. Экспорттун азайышынын чоо-жайы так эмес. Тажикстан түзүлгөн келишимдерге ылайык, Ооганстанга жыл бою, ал эми Өзбекстанга жазында жана жайында электр энергиясын берип турат. Читать дальше...

Өрттөн улам Грекиянын Родос аралынан 19 миңдей киши эвакуацияланды

Azattyk.org 

Грекиянын Родос аралынан 19 миңдей киши эвакуацияланды. Бийлик 23-июлда билдиргендей, үч күндөн бери ал жактагы токойду ири өрт каптап жатат. Арасында жергиликтүү тургундар жана туристтер бар. Климаттын өзгөрүшү жана жарандык коргоо министрлиги элдин көчүрүлүшүн "токойдогу өрткө байланыштуу эң чоң эвакуация" деп атады. Полициянын маалыматына караганда, алты адам дем алуу органдары жабыркап кыска убакытка ооруканага жаткырылды. Жеринде ондогон өрт өчүрүү техникасы, жүздөгөн куткаруучулар иштеп жатат. Читать дальше...

Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху ооруканага түштү

Azattyk.org 

Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху ишемби күнү кечинде Тель-Авивдеги "Шиба" клиникасына жаткырылды. Ага жүрөк аритмиясын көзөмөлдөө үчүн кардиостимулятор орнотулганын The Jerusalem Post жазды.  Басылма операция жакшы өткөнүн, Нетаньяху сот реформасы боюнча Кнессеттеги добуш берүүгө жетишүү үчүн дүйшөмбү күнү ооруканадан чыгууга үмүттөнүп жатканын белгиледи.  Парламентте 24-июлда добуш берүүгө коюла турган сот реформасы Израилде жапырт нааразылыкты жараткан.  Каршылык акциясына чыккандар... Читать дальше...

Америка флотунун башчылыгына биринчи ирет аял киши сунушталды

Azattyk.org 

АКШ президенти Жо Байден адмирал Лиза Франкеттини аскердик-деңиз флотунун башчылыгына сунуштады. Эми дайындоону Сенат бекитиши керек. Бул америкалык флоттун башына аял киши келген алгачкы учур. Мындан тышкары, Франкетти АКШ тарыхында адмирал наамын алган экинчи айым. Буга чейин бул кызматты аркалап келген адмирал Майк Гилдэй талап кылынган убакытка жараша кызмат өтөгөндөн кийин отставкага кетти. Анын ордуна талапкер катары адмирал Сэмуэл Папаро каралып жаткан. Бирок Байден аны Инд-Тынч океан аймагындагы... Читать дальше...

Футзал: Кыргызстандын командасы Ооганстанга утулду

Azattyk.org 

Бүгүн, 23-июлда Дүйшөмбү (Тажикстан) шаарында CAFA Futsal Cup футзал боюнча эл аралык турнир башталды. 30-июлга чейин созула турган турнирге Кыргызстан, Иран, Түркмөнстан, Тажикстан жана Ооганстандан келген курама командалар катышат. Биринчи оюнда Кыргызстандын курама командасы Ооганстандын курамасы менен беттешип, 1:0 эсебинде оогандарга утулуп калды.  Кийинки оюнда Кыргызстан курамасы 24-июль күнү Иран курамасы менен ойнойт.

Ысык-Көл облусунун башчысы жээктеги тосмонун баары алынганын айтты

Azattyk.org 

Ысык-Көлдө жээкти тосуп алган эс алуу жайларынын баарынын тосмолору алынып бүттү. Бул тууралуу облустук администрация билдирди. 20-июлда өкмөттүн жарым жылдыктын жыйынтыгын талкуулаган жыйынында сүйлөп жатып президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укукутуу өкүлү Илияз Иманбетов: “Ысык-Көлдүн пляж аймагында жарандардын эркин кирүүсүнө тоскоолдук кылган тосмолорду жеринде демонтаждоо иши башталган. Облус боюнча жалпы 117 эс алуу жайынын көл жээгинде тосмосу бар болсо, бүгүнкү күнгө карата баары... Читать дальше...



Саакашвили Навальныйга тилектештик билдирди

Azattyk.org 

Грузиянын мурдагы президенти Михаил Саакашвили социалдык тармактагы баракчасы аркылуу 22-июлда абактагы орус оппозиционери Алексей Навальныйга тилектештик билдирди. Навальный жаңы кылмыш ишинин негизинде ("Экстремизм") 20 жылга соттолуп кетиши мүмкүн. "Мен Алексей Навальныйга тилектештик билдирем! Абдан таланттуу, эркиндик үчүн, адамгерчиликсиз орус режими менен күрөшүп жаткан адам 20 жылга эркинен ажыратылышы мүмкүн. Алексей, сиз - башыңыздан өткөргөн бардык кыйынчылыктардан да жогору турган, тарыхый чоң нерсенин символусуз. Читать дальше...

Транспорт министри: Жол белгилерин эки эсе арзан баада өзүбүз жасай баштадык

Azattyk.org 

Кыргызстан жол белгилерин мурдагыдай сырттан сатып албай, өзү дээрлик эки эсе арзан баада жасап жатат. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин жарым жылдыктын жыйынтыгы боюнча маалыматында айтылды. “Быйыл Орусиядан жол белгилерин чыгаруучу 4 миллион сомдук жабдык сатылып алынды жана жол белгилерин өзүбүз чыгарып баштадык. Мунун натыйжасында белгилердин баасы 2900 сомго түштү, мурда 5000 миң сомдон жогорку баада сатылып алынып турган. Азыркы күнгө 3 миңден ашык жол белги чыгарылды”... Читать дальше...

АКШнын чалгын кызматы Орусиянын өзөктүк куралы Беларуска жеткирилгенин ырастады

Azattyk.org 

АКШнын Коргоо министрлигине караштуу чалгын кызматы (Defense Intelligence Agency) Владимир Путиндин тактикалык өзөктүк куралдын Беларуска жайгаштырганы жөнүндө сөзүнө "күмөн саноого негиз жок" экенин билдирди.  Бул жөнүндө аты аталбаган аткаминерлерге шилтеме берүү менен CNN басылмасы жазды. Путин өзөктүк курал Беларуска жайгаштырылганын өткөн айда айткан. Батыш мамлекеттеринин расмий өкүлдөрү бул кабарды ырастап же төгүндөгөн эмес. Буга чейин АКШ чалгын кызматынын өкүлдөрү Беларуста тактикалык... Читать дальше...

Төө-Ашуу тоннелине асфальт төшөө 10-августка чейин бүтөрү маалымдалды

Azattyk.org 

Төө-Ашуудагы тоннелдин ичиндеги жолго асфальт төшөө иши 10-августка чейин бүтөт. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин жарым жылдыктын жыйынтыгы боюнча маалыматында айтылды. “Төө-Ашуудагы тоннелдин акыбалы начарлап калган эле. Быйыл аны оңдоо иштери башталып, азыркы күнү жарыктандыруу системасы бүт алмаштырылды, 10-августка чейин тоннелдин ичи толугу менен асфальтталып бүтүшү күтүлүүдө”, - деп билдирди министр Тилек Текебаев өкмөттүн 20-июлдагы жыйынында. Бишкек-Ош автожолундагы... Читать дальше...

Баку - Бишкек - Баку түз аба каттамы ишке киришти

Azattyk.org 

Баку - Бишкек багыты боюнча алгачкы рейс жекшемби күнү Эл аралык "Манас" аэропортуна келип конду. Бул тууралуу "Манас" эл аралык аэропортунан 23-июлда "Азаттыкка" билдиришти. Буга чейин “Азербайжан аба жолдору” (AZAL) 15-июлдан тарта Бишкекке жана кайра артка жумасына бир ирет каттап турары айтылган. Ушул тапта аталган багыттар боюнча билеттер AZAL авикомпаниясынын сайтында сатылууда. Эки өлкөнүн ортосундагы түз авиакаттам ачуу демилгеси азери президенти Илхам Алиевдин былтыр октябрь айында Кыргызстанга... Читать дальше...

"Мурда рэкеттик кылса, азыр рейдерликке өттү". Кылмыштуу топторго каршы күрөштөн майнап чыгабы?

Azattyk.org 

20-июлда Кыргызстандын Улуттук коопсуздук комитетинин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев уюшкан кылмыш топторуна каршы күрөш дагы күчөтүлөрүн билдирип, андай топтордун башчыларын өлкөдөн чыгып кетүүгө чакырды. Кыргызстанда уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөш майнаптуу болуудабы? Бул жагынан кайсы өлкө үлгү болуп бере алат? Биздин суроолорубузга Лондондогу падышалык коллеждин алдындагы Орусия институтунун изилдөөчүсү, Уюшкан кылмыштуулук индексинин авторлорунун бири профессор Александр Купатадзе жооп берди. Читать дальше...

ИИМ Кутманованын уулу уурдалганы тууралуу маалыматты четке какты 

Azattyk.org 

Мурдагы Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Динара Кутманованын уулу Кемелбек Кутмановдун Стамбулда уурдалганы жөнүндө маалымат ырасталган жок. Бул жөнүндө ИИМдин басма сөз кызматы атайын маалымат таратты. Мекеменин маалыматына ылайык, учурда аны депортациялоо маселеси каралып жатат. Кутманова буга чейин уулун Түркиядан белгисиз бирөөлөр кармап кетип, “Кыргызстандагы айрым адамдардын буюртмасы менен” деп 2 миллион доллар талап кылып, кийин кое беришкенин, аны ким уурдап... Читать дальше...





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *