Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Июль
2023

Новости за 02.07.2023

Франциядагы тополоң: өспүрүмдүн өлүмү расизм көйгөйүн козгоду

Azattyk.org 

Францияда 17 жаштагы өспүрүмдүн өлүмүнө байланыштуу тутанган башаламандык бешинчи түнү уланды. Соңку суткада өлкө боюнча 500дөй адам кармалды. Полициянын огунан каза болгон Наэлдин окуясы Францияда расалык дискриминация маселесин күн тартибине алып чыкты. Франциянын ички иштер министри Жеральд Дарманин 2-июлдун таңында Твиттерге жазгандай бешинчи түн салыштырмалуу тынч өттү. "Коопсуздук күчтөрүнүн чечкиндүү аракеттеринен улам түн тынчыраак өттү", - деди ал. Министрдин айтымында, өлкө боюнча... Читать дальше...

Ысык-Көлдө желим буюмдарды колдонууга каршы кампания уюштурулду

Azattyk.org 

1-июлда Балыкчы шаарында "Ысык-Көлдү сактайлы" деп аталган маалыматтык кампания өттү. Иш-чара желимден жасалган буюмдардан экологиялык таза кагаздан жасалган буюмдарга өтүүнү жайылтууну көздөйт. Анда сүйлөгөн сөзүндө Министрлер кабинетинин төрагасыеые орун басары Бакыт Төрөбаев желимден жасалган буюм-тайымдарды колдонбоого чакырды. “Керемет жерибиз болгон Ысык-Көлүбүз дүйнө эли суктана турган, туристтер агылып келе турган жерге айлансын десек, алгач өзүбүздөн баштайлы, желимден жасалган буюмдарды... Читать дальше...

Коммерциялык банктарга сыртка доллар чыгарууга уруксат берилди

Azattyk.org 

Кыргызстандын Улуттук банкы 23-июндан тартып өлкөдөгү коммерциялык банктарга сыртка АКШ долларын алып чыгууга убактылуу уруксат берди. Тиешелүү документ 29-июнда мекеменин расмий сайтында жарыяланды. Ага ылайык, коммерциялык банктар, акча алмаштыруу жайлары, микрокаржылык уюмдар 15-сентябрга чейин долларды накталай алып чыкса болот. Чыгарылган накталай акчалар өлкөдөгү коммерциялык банктардын эсебине нак эмес түрдө кайтарылышы шарт. Министрлер кабинети коммерциялык банктарга, акча алмашуу бюролоруна... Читать дальше...

Африкадан Өзбекстанга банан жүктөп бараткан контейнерден кокаин табылды

Azattyk.org 

Санкт-Петербургда Африкадан Өзбекстанга банан жүктөп бараткан контейнерден 50 килограм кокаин табылган. Бул тууралуу 30-июнда Орусиянын Федералдык бажы кызматы билдирди. Маңзат он контейнерге бөлүнүп салынган. Маалыматка караганда, мындай көлөмдөгү кокаин кара базарда беш миллион долларга бааланат. Жүк Африка мамлекеттеринен Европа аркылуу Өзбекстанга жиберилген. Факт боюнча кылмыш иши козголду. Эл аралык уюмдардын билдирүүсүндө, Ооганстандан жыл сайын тонналаган баңгизат Тажикстан, Кыргызстан... Читать дальше...

"Абакта адилетсиз соттолгон көп кишини көрдүм"

Azattyk.org 

Бийликти сындап, өз пикирин ачык айтып жүргөн Адилет Балтабайменен абактагы жашоо, сөз эркиндигинин абалы тууралуу маектештик. 2022-жылы камалып, жарым жыл тергөө абагында отурган. Кийин "Жапырт башаламандык" беренеси соттолуп, учурда үч жылдык пробациялык көзөмөлдөн өтүп жатат.

Стамбулда жоголгон кыргызстандык кызды издөө иштери уланууда

Azattyk.org 

Түркияда полиция Стамбул шаарында дайыны билинбей жаткан кыргызстандык кызды издөөнү улантууда. Бул тууралуу Кыргызстандын аталган шаардагы Башкы консулдугу 2-июлда "Азаттыкка" билдирди. Издөө иштерине ал жактагы кыргызстандык диаспоранын өкүлдөрү да катышып жатат.   Башкы консулдукка 24-июнда 20 жаштагы Ж.Ш.Б аттуу кыздын апасы кайрылып, ал  эки күндөн бери байланышка чыкпай жатканын айткан. Кызы Бишкектен Стамбулга чейин учак менен барып, андан ары Болгариянын Варна шаарына автобус менен жетиши керектигин билдирген. Читать дальше...

Франция: башаламандыктын бешинчи түнүндө жүздөгөн адам кармалды

Azattyk.org 

Францияда 17 жаштагы өспүрүмдүн өлүмүнө байланыштуу тутанган башаламандык бешинчи түнү уланды. Соңку суткада өлкө боюнча 500дөй адам кармалды. Бул тууралуу Франциянын ички иштер министри Жеральд Дарманин 2-июлдун таңында Твиттерге жазды: «Коопусздук күчтөрүнүн чечкиндүү аракеттеринен улам түн тынчыраак өттү», - деди ал. Министрдин айтымында, өлкө боюнча коопсуздукту сактоого 45 миңдей тартип коргоочу тартылды. Лион, Гренобль жана Марсель шаарларына кошумча күч жана техника жөнөтүлдү. Бир катар калааларга коменданттык саат киргизилди. Читать дальше...

АКШда жол кырсыгында каза тапкан жарандын сөөгү Кыргызстанга 4-июлда жиберилет

Azattyk.org 

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги билдиргендей, АКШда жол кырсыгында каза тапкан кыргыз жаранынын сөөгү шейшемби күнү, 4-июлда туугандарынын коштоосунда мекенине жиберилет.  Кыргызстандын Америкадагы элчилиги жана Чикагодогу Башкы консулдугу азыр маселени чечип жатканы кабарланды.   АКШда жүк ташуучу автоунаа (трак) айдаган 42 жаштагы жаран 1-июлда жол кырсыгына кабылып каза болгон.  Америкадагы кыргыздар ал Филадельфияда жүк ташуучу машине менен кагылышканын билдиришкен.  Сөөктү Кыргызстанга... Читать дальше...

Адвокат активист Токтонасыровду күч менен кармап кеткен милиционерлерге каршы арызданат

Azattyk.org 

Активист Өндүрүш Токтонасыровду күч менен Ички иштер министрлигинин Тергөө кызматына суракка алып кеткен милиция кызматкерлерине каршы арыз бериле турганын адвокат Агзам Дүйшөналиев билдирди. Ал активистти кармоо Жазык-процессуалдык кодексине каршы келерин, милиция кызматкерлери өз укуктарынан аша чапканын айтууда. "Биринчи тергөөчү тарабынан чакыруу барагы берилиши керек. Анда убак-сааты жазылыш керек. Эгер күбө же жабырлануучу келбесе, ошондо гана тергөөчү токтом чыгарып, мажбурлоо жолу менен алып келсе болот. Читать дальше...





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *