Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Июль
2023

Новости за 16.07.2023

Сот блогерди тил кат менен бошотту

Azattyk.org 

16-июлда Ош шаардык соту блогер Улукбек Карыбек уулунун кармалышынын мыйзамдуулугун жана анын бөгөт чарасын карады. Судья тергөөчүнүн өтүнүчүн жокко чыгарып, блогерди эч жакка кетпөө тил каты менен бошотту.

Сары-Өзөндө тургундар акциядан кийин камалган үч кишини бошотууну талап кылышты

Azattyk.org 

Бишкектин четиндеги Сары-Өзөн жаңы конушунун 20дан ашык тургуну 16-июлда суу тартыштыгына нааразылык акциясынан кийин кармалган үч кишини бошотууну талап кылып чогулушту. "Азаттыктын" кабарчысы жеринен билдиргендей, топтолгондор президент Садыр Жапаровго ачык кайрылуу жолдошту. "Биздин суусуз отурганыбызга үч ай болду. Үнүбүздү жеткирүү үчүн, көңүл бурдуруу үчүн чогулдук. Аргасыз ушул кадамга бардык. Камалган үч адамды бошотууну суранабыз. Эгер камай турган болсо баарыбызды камасын!", - деди... Читать дальше...

Сот блогер Карыбек уулун эч жакка кетпөө тил каты менен бошотту

Azattyk.org 

Бүгүн, 16-июлда Ош шаардык соту блогер Улукбек Карыбек уулунун кармалышынын мыйзамдуулугун жана анын бөгөт чарасын карады. Судья тергөөчүнүн өтүнүчүн жокко чыгарып, блогерди эч жакка кетпөө тил каты менен бошотту. Тергөөчү Карыбек уулун эки айга, тергөө бүткөнгө чейин камоону соттон өтүнгөн. Мунун алдында Ош шаардык сотунун судьясы Улукбек Карыбек уулунун кармалышын мыйзамдуу деп тапкан. Жактоочу Жылдыз Кадырова Карыбек уулуна каршы арыз жазгандар боюнча сотко кайрылышарын "Азаттыкка" билдирди. Читать дальше...

Аба ырайы: айрым аймактарда өткүн өтөт

Azattyk.org 

Кыргызгидромет кызматы билдиргендей, 17-июлда түнкүсүн Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Ош облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Ош облусунун өрөөнүндө, Чүй, Талас, Жалал-Абад, Баткен облустарында жаан-чачын болбойт. Күндүз Ысык-Көл облусунун көпчүлүк аймактарында, Нарын облусунун айрым жерлеринде, Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү ыктымалю Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын дыйканчылык аймактарында жаан жаабайт. Читать дальше...

Карыбек уулунун бөгөт чарасын караган сотто видео тартууга тыюу салынды

Azattyk.org 

Ош шаардык соту блогер Улукбек Карыбек уулунун кармалышынын  мыйзамдуулугун жана анын бөгөт чарасын кароону улантууда. Судья отурумду видео, сүрөткө тартууга уруксат берген жок. Блогерди колдоп келгендер буга нааразылыгын билдирип, сот ачыктыгы сакталбай жатканын белгилешти. Адвокат Жылдыз Кадырова видео тартуу боюнча сотко кайрадан өтүнүч келтирерин айтып, аларды мыйзамга баш ийүүгө чакырды. 16-июлда саат 10:00гө белгиленген отурум жактоочу иш менен таанышуу үчүн убакыт сурагандыктан үч саат кечигип башталды. Читать дальше...

Селекциядагы акциядан кийин камалгандардын бөгөт чарасы 17-июлда каралат

Azattyk.org 

Сокулук районунда жолду мыйзамсыз тороону уюштурууга шектүү катары кармалган блогер Эртай Искаков жана жергиликтүү тургундар Бакыт Балбаев менен Бактыбек Бекболотовдун бөгөт чарасы 17-июлда Сокулук райондук сотунда каралат. Бул тууралуу алардын адвокаттары Алмамбет Бексултанов жана Агзам Дүйшөналиев "Азаттыкка" билдиришти. "Биринчи көрсөтмө беришти. Суу жок болгонуна байланыштуу чогулуп чыкканын айтышты. Эч кандай бейбаштык кыймыл аракеттерди жасаган жокпуз дешти. Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренесинин экинчи бөлүгүндөгү ("Бейбаштык... Читать дальше...

Казакстан: Павлодарда 850 гектар токой аянтын өрт каптады

Azattyk.org 

Казакстандын Павлодар облусундагы "Ыртыш токоюндагы" (Ертис орманы) өрттү өчүрүүгө 200 киши, 50 техника жана төрт тик учак тартылды. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) маалыматына караганда, кризистик борборлор жана ыкчам штаб түзүлдү. 15-июлдун кечинде Өзгөчө кырдаалдар боюнча департаменти "Сугур айылында кооптуу жагдай түзүлгөнүн, бирок элди көчүрүү зарыл болбогонун" билдирген. Түндө ӨКМ "калктуу конуштарга коркунуч жок" деген маалымат таратты.  Ошентсе дагы өрт өчүрүүчүлөр кошуна аймактардан жардам сурашкан. Читать дальше...

Таза суу талап кылган акция: Сот үч кишини камакта калтырды

Azattyk.org 

Сокулук райондук сотунун 17-июлдагы чечими менен таза суу берилишин талап кылган акцияда кармалган үч адамдын бири, блогер Эртай Искаков эки айга камакта калды. Ал 15-сентябрга чейин тергөө абагында болот. Блогердин бөгөт чарасын төрт сааттай карап чечим чыгаргандан кийин сот жергиликтүү тургундар Бакыт Балбаев менен Бактыбек Бекболотовдун бөгөт чарасын кароого киришти. Үч сааттан ашык убакытта, түнкү саат 12ден өткөндө аларды да 15-сентябрга чейин камакта калтырган чечим чыгарды.   Бир канча... Читать дальше...

Таза суу талап кылган митинг: Кармалгандар эки берене менен айыпталууда

Azattyk.org 

Сокулук районунда жолду мыйзамсыз тороону уюштурган деген шек менен кармалган белгилүү блогер жана эки жергиликтүү жарандын бөгөт чарасы 17-июлда караларын адвокаттар билдиришти. Сокулук району менен Бишкек шаары чектешкен Селекция айылынын жана Сары-Өзөн жаңы конушунун тургундары 14-июлда Жайыл Баатыр (Түштүк магистраль) көчөсүн торошуп, суу берүүнү талап кылышкан. Алар үч айдан бери таза сууга жетпей отурганын, маселе тез арада чечилбесе, жолду бууй турганын эскертишкен. Нааразылык акцияга катышкан бир нече киши суракка чакырылып... Читать дальше...

Ош шаардык сотунда блогер Улукбек Карыбек уулунун бөгөт чарасы каралууда

Azattyk.org 

Бүгүн, 16-июлда Ош шаардык соту блогер Улукбек Карыбек уулунун бөгөт чарасын карап баштады. Алгач жактоочу иш менен таанышуу үчүн үч саат убакыт сурады. Социалдык тармактардагы видеолорго караганда, сот залына Карыбек уулунун жакындары, колдогондор болуп 50дөй киши топтолушту. Алар блогерди бошотууну талап кылып жатышат.  15-июлда Карыбек уулу "бейбаштык" беренеси менен козголгон кылмыш иштин алкагында Ош шаардык Ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына 48 саатка камалганы белгилүү болгон. Читать дальше...

Алмаз Мамбетов Азербайжан-Кыргыз өнүктүрүү фондунун теңтөрагасы болуп дайындалды

Azattyk.org 

Алмаз Мамбетов Азербайжан-Кыргыз өнүктүрүү фондунун башкармалыгынын теңтөрагасы болуп дайындалды. Тиешелүү тескемеге министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка караганда, Мамбетов үч жылдык мөөнөткө дайындалды. Аталган фондду түзүү тууралуу макулдашууга былтыр октябрда Азейрбайжан президенти Илхам Алиевдин Кыргызстанга болгон мамлекеттик сапарында кол коюлган. Уставдык капиталы 25 миллион доллар болгон Кыргыз-Азербайжан... Читать дальше...





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *