Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Июль
2023

Новости за 21.07.2023

"Санкциялар кыргыз өкмөтүнө эскертүүдөй"

Azattyk.org 

Кыргыз бийлигинин санкциялык режимди көз жаздымда калтыруусун жана өлкөдөгү куугунтукту комплекстүү алып кароо зарыл. Мындай пикири менен Лондондогу Central Asia Due Diligence борборунун директору Алишер Илхамов бөлүштү. - Кыргызстандык төрт компанияга АКШнын Каржы министрлигинин санкция салышы өлкөнүн саясий аброюна кандай таасир этет? - Албетте, өлкөнүн дүйнөлүк имиджине таасир этпей койбойт. Бирок негизинен Батыштын көз карашынан алып караганда зыян алып келет. Европа өлкөлөрү, Кошмо Штаттар менен мамилелерди татаалдаштырат деп ойлойм.

Мусулман өлкөлөрүндө Швецияга каршы нааразылык акциялары өттү

Azattyk.org 

21-июлда Иран, Ирак, Ливандын баш калааларында Швецияда Курандын тебеленишине каршы нааразылык митингдерине миңдеген адам чыкты. 20-июлда "Хезболлах" радикал тобунун башчысы араб өлкөлөрүн жана ислам мамлекеттерин Швеция менен дипломатиялык алакаларды үзүүгө чакырган. Ошол эле күнү Ирактын баш калаасы Багдадда жүздөгөн жаалданган адамдар Швециянын элчилигине кирип барып, өрттөп жиберген. Ирак полициясы аларды суу чачып, электрошокерлерди колдонуу менен таркатууга аракет кылды. Толкундоонун... Читать дальше...

Казакстанда кыргызстандык келин өз өмүрүнө кол салды

Azattyk.org 

Казакстандын Алматы шаарында 29 жаштагы кыргызстандык келин кичинекей балдарынын көзүнчө асынып алганын Tengrinews.kz. сайты жазды. Кыргызстандын Алматыдагы консулу Назарали Ариповдун "Азаттыкка" билдиргени боюнча кыргызстандык келин бир нече жыл мурда казак жарандыгын алган. "Учурда Казакстанда иш козголду. Биздин юристтер маркумдун жакындарын таап, аларга сөөктү чыгарып берүүгө көмөктөшүп жатат", - деди Арипов. Казакстандын маалымат каражаттары 29 жаштагы келинди өзү жашаган батирде асылып турган жеринен коңшулары тапканын жазышты. Читать дальше...

Ташкент-Тамчы багытындагы аба каттамы иштей баштады

Azattyk.org 

Ысык-Көлдүн Тамчы айылындагы "Ысык-Көл" эл аралык аэропортуна бүгүн, 21-июлда Ташкент-Тамчы багытындагы учак келип конду. Учакта 144 адам учуп келип, кайра 44 жүргүнчү учуп кеткен.  Өзбекстандын Centrum Air аба компаниясынын учагы аталган багыт боюнча аптасына бир жолу - жума күндөрү каттап турат. Бул тууралуу "Манас" эл аралык аэропортунун басма сөз кызматы кабарлады. Ташкент-Тамчы аба каттамы бир нече жылдан бери жайкы эс алуу мезгилинде иштейт. Мындан сырткары жайында Өзбекстандан Ташкент-Балыкчы... Читать дальше...

Энергетикадагы кризистик абал: Өзгөчө кырдаал режими деген эмне?

Azattyk.org 

Энергетика министри Таалайбек Ибраев 20-июлда өкмөттүн жарым жылдык ишин жыйынтыктаган жыйында соңку жагдайлардан улам бул тармакка үч жылга өзгөчө кырдаал режимин киргизүүнү сунуштады. Эгер мындай чара көрүлбөсө, энергетика тармагындагы таңкыстык оорлошот деп эскертти. Бул чечим Кыргызстандагы электр энергиясынын негизги булагы саналган "Токтогулдагы" суунун көлөмү жылдагыдан кыйла төмөн болгон учурга туш келди. Өзгөчө кырдаал режими эмнени түшүндүрөт? Министрлик сунуштаган өзгөчө кырдаал режими... Читать дальше...

“Акчасын төктүк, үйдөн дайын жок”. Депутаттын компаниясына нааразы үлүшчүлөр

Azattyk.org 

Ондогон үлүшчүлөр парламенттин депутаты Эмилбек Жусупов негиздеген “Эмаком” курулуш компаниясына акча төгүп, батирлерин ала албай жатканын айтып чыгышты. Депутат азыр компанияга тиешеси жок экенин билдирүүдө. “Азаттык” үлүшчүлөрдүн үнүн угуп, “Эмаком” компаниясына курулуш чырлары жөнүндө териштирди.

Бишкектеги "Эркиндик" бульварында шахмат аллеясы ачылды

Azattyk.org 

21-июлда борбор калаа Бишкектеги "Эркиндик" бульварында шахмат аллеясы ачылды. Мэриянын басма сөз кызматы кабарлагандай, ачылыш аземинде аллеяда жаш шахматчылардын жана тогуз коргоолчулардын мелдеши өтүп, жеңүүчүлөргө байгелер тапшырылды. Бишкек мэриясы аллеяны өз эсебинен куруп, шаардыктарга тартуулаган "Шоро" компаниясына ыраазылык кат тапшырды. Шахмат аллеясында каалоочулардын баары ойной алышат. Болочокто аллеяда шахмат, тогуз коргоол жана столдо ойнолуучу оюндардын түрдүү мелдештери уюштурулуп... Читать дальше...



Бээжин министр Цинь Гандын "жоголушу" тууралуу маалыматы жок экенин билдирди

Azattyk.org 

Кытайдын Тышкы иштер министрлиги мекеме жетекчиси Цинь Гандын үч жумадан бери коом алдына чыкпай жатышы тууралуу "аларда эч кандай маалымат жок экенин" 20-июлда билдирди. Бул тууралуу Reuters агенттиги жазды. Дипломатиялык мекеме Цинь 11-12 июлда Жакартада өтө турган АСЕАН уюмунун министрлер жыйынына саламаттыгына байланыштуу бара албастыгын билдирген. Ал эми Йоханнесбургда 24- 25 июль күндөрү өтө турган БРИКС уюмунун саммиттине Коммунистик партиянын эл аралык алакалар бөлүмүнүн башчысы Ван И бара тургандыгы 19-июлда маалым болду. Читать дальше...

Электр энергиясынын баасы инфляцияга жараша жыл сайын кымбаттайт

Azattyk.org 

Кыргызстанда электр энергиясынын баасы инфляциянын өсүшүнө жараша жыл сайын көтөрүлүп турат. Бул тууралуу энергетика министри Таалайбек Ибраев 21-июлда өткөрүлгөн брифингде билдирди. "Баалар жыл сайын инфляцияга жараша көтөрүлүп турат. Жакында эле 23 тыйынга кымбаттады. Быйыл инфлияциянын деңгээли 13,9 болгондуктан, тариф да ага ылайык көбөйтүлдү. Эгер 2010-жылдан бери 5-10 тыйындан кымбаттатып отурсак, азыр 1 сом 40 тыйын болуп калмак". Министр энергетикага чукул кырдаал киргизүү сунушу тууралуу да түшүндүрмө берди. Читать дальше...

COVID-19: кенемте ала албай калган медиктер президентке кайрылды

Azattyk.org 

Кантта COVID-19 пандемиясы маалында иштеген 24 медицина кызматкери кенемте ала албай калганын айтып, президентке кайрылды. 4 дарыгер жана 20 медайым 2020-жылдагы “кара июль” аталган пандемиянын эң оор маалында Кант шаарындагы аймактык оорукананын кызыл зонасында иштеп жүрүп COVID-19 жуктуруп алганын айтууда. Бирок бул ПЧР тесттин жыйынтыгы менен тастыкталбай калгандыктан, Саламаттык сактоо министрлигинин атайы комиссиясы убадаланган акчалай компенсациясын төлөп берген эмес. “Жугуштуу оорулар бөлүмү... Читать дальше...

Кыргызстан кийинки жылы 3,5 млрд кВт саат электр энергиясын импорттойт

Azattyk.org 

Кыргызстан 2024-жылы 3,5 млрд кВт саат электр энергиясын сатып алат. Бул тууралуу энергетика министри Таалайбек Ибраев бүгүн, 21-июлда журналисттерге билдирди. Анын айтуусунда, импорт сентябрь айынан декабрга чейин жүргүзүлөт. "Келерки жылы 1,7 -2 млрд кВт саат электр энергиясын Түркмөнстандан алабыз, 1,5 млрд кВт саат электр энергиясын Орусия жана Казакстандан импорттоого туура келет". Министр Кыргызстан электр энергиясын экспорттоочу өлкөдөн импорттоочу өлкөгө айланып калганын, буга керектөөчүлөрдүн... Читать дальше...

Астана: Казакстан экинчи деңгээлдеги санкцияларга кабылбоого аракет көрөт

Azattyk.org 

Казакстан үчүн экинчи деңгээлдеги санкция маселесине кабылуу кооптуу. Бул тууралуу Казакстандын тышкы иштер министринин орун басары Алмас Айдаров 21-июлдагы маалымат брифингинде "Азаттыктын" казак кызматынын суроосуна жооп берип жатып айтты. "АКШнын бир катар баяндамаларында жана документтеринде Кыргызстан жүрөт. Казакстан экинчи деңгээлдеги санкцияларга такыр кабылбашын каалайт элек", - деди Айдаров. АКШнын Каржы министрлиги Орусияга микрочиптерди жана башка технологияларды жөнөткөн төрт кыргыз компаниясына санкция салды. Читать дальше...

"Алкан" базарындагы бомба тууралуу маалымат жалган болуп чыкты

Azattyk.org 

Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы (ШИИБ) "Дордойдун" аймагында жайгашкан "Алкан" базарындагы бомба тууралуу маалымат тастыкталбаганын билдирди. Бүгүн, 21-июлда саат 9:55те Бишкек шаардык милициясынын 102 номуруна белгисиз бирөөлөр чалып, "Дордойдогу" "Алкан" базарына жардыргыч зат коюлганын билдирген. Базардагы соодагерлер жана кардарлар тез арада чыгарылып, бардык тарабынан тосмолонгон. Кинологдор менен саперлордун изилдөөсүнөн кийин маалымат жалган экени аныкталган. "Бомба" тууралуу... Читать дальше...

CPJ Дүйшөмбүнүн Pamir Daily News басылмасын жабуу чечимин айыптады

Azattyk.org 

Баш кеңсеси Нью-Йоркто жайгашкан Журналистерди коргоо комитети Тажикстандын Жогорку Сотунун Pamir Daily News басылмасын "экстремисттик" деп таап, өлкө аймагында анын ишмердигине тыюу салган чечимин айыптады. Эл аралык уюм 20-июлда тараткан билдирүүдө "тажик бийлиги памир азчылыгы тууралуу жазган маалымат каражаттарына кысымды токтотушу керек" деп айтылды. Уюмдун Европа жана Борбор Азия боюнча координатору Гүлноза Саиддин айтымында, "тилекке каршы, Тажикстан бийлигинин ушундай кадам жасай тургандыгы күтүлгөн болчу". Читать дальше...

ИИМ автомектептерде билим сапатын каттоочу журнал болушун сунуштады

Azattyk.org 

Ички иштер министрлиги автотранспорт каражаттарынын айдоочуларын даярдоо жана кайра даярдоо менен алектенген мекемелерде билим сапатын баалоочу журнал болушун сунуштады. Министрлик муну менен “Ишкердиктин айрым түрлөрүн лицензиялоо маселелери жөнүндө” Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 6-февралындагы № 51 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү сунушун коомдук талкууга койду. Ага ылайык, токтомго "автомектептерде окуучулардын билимин баалоо жана каттоо журналынын болушу талап кылынат" деген өзгөртүү киргизилмекчи. Читать дальше...

Бишкек-Чолпон-Ата жолунда көзөмөл күчөтүлдү

Azattyk.org 

Ички иштер министрлигине караштуу Жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөө башкармалыгы айрыкча дем алыш күндөрү Бишкек-Кордой, Бишкек-Чопон-Ата жолдорунда көзөмөл күчөтүлгөнүн билдирди. Анда кошумча кайгуу күзөттөр коюлганын, ылдамдыкты ашыра айдаган, мас абалда болгон жана каршы тилкеге чыккан айдоочуларга катуу чаралар көрүлөрүн эскертти. Башкармалык Бишкекти көздөй багыт алган айдоочуларга тыгында калбаш үчүн мүмкүн болушунча эртерээк жолго чыгууну сунуштады. Өткөн дем алыш күндөрү Ысык-Көлдөн... Читать дальше...

Аба ырайы: айрым аймактарда жаан жаайт

Azattyk.org 

22-июлда түнкүсүн Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Чүй, Ош облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Ош облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт. Абанын температурасы: Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 17…22, күндүз 33…38 Талас өрөөнүндө түнкүсүн 13…18, күндүз 31…36 Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 18…23, күндүз 34…39 Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 10…15... Читать дальше...

Чек арадагы жаңжалда жабыр тарткандарды социалдык колдоо мыйзамына кол коюлду

Azattyk.org 

Президент Садыр Жапаров “2021-жылдын апрелинде жана 2022-жылдын сентябрында Кыргызстандын Баткен жана Ош облустарында болуп өткөн окуялардын кесепетинен курман болгондордун үй-бүлө мүчөлөрүн жана жабыр тарткан жарандарды социалдык коргоо жөнүндө” мыйзамга 20-июлда кол койду. Мыйзам долбоорун Жогорку Кеңеш 29-июнда кабыл алган. Президенттин басма сөз кызматынын түшүндүрмөсүнө ылайык, бул мыйзамдын максаты  - 2021-жылдын 28–30-апрелинде Баткен облусунда жана 2022-жылдын 14–17-сентябрында Баткен... Читать дальше...

Байсалов: Кыргызстан Starlink спутник системасына лицензия берүүгө даяр

Azattyk.org 

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Бишкекте америкалык SpaceX компаниясынын өкүлдөрү менен жолукту. Өкмөттүн басма сөз кызматы анда Кыргызстанда Starlink жасалма жандоочтук (сателлиттик)  интернет системасын колдонуу мүмкүнчүлүгү талкууланды. "Тараптар Starlink технологиясы аркылуу негизинен алыскы аймактардагы мамлекеттик мекемелерди жана мектептерди интернет менен камсыз кылуу мүмкүнчүлүгүн талкуулады. Жолугушуунун соңунда Байсалов Кыргызстан Starlink системасына лицензия берүүгө даяр экенин билдирди"... Читать дальше...

ВИЧке жана гепатитке чалдыккан бейтаптар акцияга чыгышты

Azattyk.org 

ВИЧке жана гепатитке чалдыккан бейтаптардын өкүлдөрү бүгүн 21-июлда Саламаттык сактоо министрлигинин алдында акция өткөрүштү. Алар Кан аркылуу жугуучу вирустук гепатиттерди жана адамдын иммундук жетишсиздик вирусун (ВИЧ) көзөмөлдөө боюнча республикалык борборду министрликке караштуу Коомдук саламаттык сактоо улуттук институтунун карамагына өткөрүүгө каршы экенин билдиришти. Акцияга чыккан он чакты адам мындай реформа жүргүзүүдө министрлик бейтаптардын пикирин эске албай калганын айтып, “борбор... Читать дальше...

Индияда жүздөй адам жер көчкү алдында калды

Azattyk.org 

Индиянын батышындагы жер көчкү алдында калгандарды куткаруу иштери 21-июлда дагы уланды. Бул тууралуу Reuters агенттиги жазды. Мумбай шаарынан 60 чакырым алыстыкта жайгашкан Махараштра штатындагы алыскы айылдардын биринде жер көчкү 20-июлга караган түнү болгон. Бир нече турак-жайды таш аралашкан топурак басып калган. Куткаруучулар бейшембиде 16 адамдын сөөгүн алып чыгышты. Маалымат каражаттары жазгандай, айылда жашаган 225 кишинин 100дөйү жер көчкүнүн алдында калган. Куткаруу иштерине калың туман жана нөшөрлөгөн жаан тоскоолдук жаратууда. Читать дальше...

Декреттик жөлөкпул жаңы жылдан тартып эки эсе көбөйөт

Azattyk.org 

Кыргызстанда жаңы төрөгөн аялдарга иштеген жеринен жана мамлекеттен төлөнүп берилүүчү (декреттик) жөлөкпул келерки жылдан тартып эки эсе көбөйөт. Бул тууралуу бүгүн 21-июлда Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришти. Мекеменин маалыматына караганда, кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпул 1-январдан баштап жогорулайт. Азыркы мыйзам боюнча иштеген аялга жумушунан толук айлыгынан он күндүк өлчөмдө жана республикалык бюджеттен болжол менен 4-4,5 айга ар бир айына 1 миң сомдон төлөнүп берилүүдө. Читать дальше...

Салык кызматы: алты айда 440 млрд. сомдук ККМ чектери берилди

Azattyk.org 

Ушул жылдын алты айында Кыргызстанда көзөмөл-кассалык машинелерден (ККМ) 440 миллиард сомдук чектер берилди. Бул тууралуу Салык кызматынын төрагасы Алтынбек Абдувалиев 20-июлда өкмөттүн жыйынында кабарлады. Ал соңку эки жылдын ичинде ККМ колдонгон ишкерлердин саны дээрлик үч эсеге көбөйгөнүн, 2023-жылдын башына карата 65 422ге жеткенин айтты. Министр учурда Салык кызматы ишкердик субъекттери ККМди колдонуусун контролдоону жакшыртууга мүмкүндүк берген кассалык аппараттарды башкаруунун жаңы системасын колдонуп жатат деп белгиледи. Читать дальше...

Эркек балдар менен күрөшкөн Асема

Azattyk.org 

14 жаштагы Асема Калыкова Кара-Суу районундагы Кыш-Абад айылында эркин күрөш менен алектенген жалгыз кыз. Мындан улам ал өзү курактуу балдар менен күрөшүп, машыгып келет. Асеманын күрөшкө келгенине бир жылдан ашса да бир нече мелдештерден байге уткан. Жакында эле Асеманынын айылында жаңы күрөш залы ачылды. Анда 60ка жакын айылдык балдар машыгат.  Эскертүү: балдардын сүрөттөрү алардын жакындарынын уруксаты менен жарыяланды жана аларды башка максатта колдонууга, көчүрүп алуууга болбойт.





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *