Пакистандагы жардыруу үчүн "Ислам мамлекети" радикал тобу жоопкерчилик алды
Пакистандын түндүк-батышында жанкечти уюштурган жардыруу үчүн жоопкерчиликти өз мойнуна "Ислам мамлекети" радикал тобу алды. Бул тууралуу уюм Телеграм аркылуу 31-июлда билдирди. Ооганстан менен чектешкен Хайбер-Пахтунхва провинциясындагы Бажур районунда 30-июлда болгон жардыруу 50 кишинин өмүрүн алды, жүздөн ашуун адам жаракат алды. Айрым булактар 54 киши мерт кеткенин жазып жатышат. Бийликти колдогон "Ислам улем жамааты" диний партиясынын жыйыны өтүп жаткан маалда жанкечти өзүн жардырып жиберген. Читать дальше...