Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Июль
2023

Новости за 10.07.2023

Казакстанда президент блогерлерди салык төлөөгө милдеттендирген мыйзамга кол койду

Azattyk.org 

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев блогерлик тармакты тескеген мыйзамга кол койду. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматы 10-июлда билдирди.   Быйыл сентябрь айында күчүнө кире турган мыйзамга ылайык, социалдык тармактардагы жарнама аркылуу акча тапкандар кирешесинен салык төлөөгө милдеттендирилет. Андан тышкары жалган маалымат тараткандарга административдик айып пул салынат. Ошондой эле инфлюенсерлер расмий эсеп-кысап жүргүзүү керек болот. Казакстандык көпчүлүк блогерлерге бул мыйзам долбоору жаккан жок. Читать дальше...

Кытай: Бакчадагы кол салууда балдар жабыркады

Azattyk.org 

Кытайда бала бакчадагы кол салуудан алты киши мерт болуп, бир адам жараат алды. Орусия менен Казакстандын чек арасынан кыргызстандык жүк ташуучулар өтө албай жатканын айтышууда. “Манас” театрынан маркум Элмирбек Иманалиевдин алты акын-шакирти иштен кеткени талкуу жаратты.

"Төкмөлөр "Манастан" өз эрки менен кеткен"

Azattyk.org 

Улуттук “Манас” театрынан алты төкмө акындын иштен кеткени коомчулукта кызуу талкууга жем таштады. Окуянын чоо-жайын тууралуу “Азаттыкка” маек курган театрдын директору Азиз Биймырза уулу акындарга эч кандай басым болбогонун, жумуштан өз эрки менен кеткенин айтууда.

Эрдоган: Түркия Евробиримдикке кошулганда, Швециянын НАТОго мүчө болуусуна жол ачабыз

Azattyk.org 

Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган Швециянын НАТОго кошулуусун Түркиянын Евробиримдикке мүчө болушуна байланыштырды. Бул тууралуу ал 10-июлда, Вильнюста өтө турган НАТОнун саммиттин утурлай билдирди. Швеция НАТОго кошулуу тууралуу арызын былтыр майда берген. Буга аскердик альянска мүчө бардык 31 мамлекет макулдугун бериш керек. Азырынча Түркия менен Венгрия баш тартууда. Расмий Анкара Швециядан өлкөдө жашырынган оппозиция өкүлдөрүн өткөрүп берүүнү талап кылууда. Эрдоган өз билдирүүсүндө... Читать дальше...

Ошто газ баллон жарылган учур боюнча териштирүү башталды

Azattyk.org 

Ош шаардык ички иштер башкармалыгы шаардагы тамактануучу жайлардын биринде газ баллон жарылгандан кийин адам өмүрү кыйылган окуяны териштире баштады. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы кабарлады. 9-июлда Ош шаарында “Алай” курулуш базарынын жанындагы тамактануучу жайдан газ баллон жарылып, базарга келген 37 жаштагы Кара-Суу районунун тургуну көз жумган. Милиция кырсыкка эмне себеп болгону азырынча белгисиз экенин билдирди.  Кыргызстанда газ баллондун жарылышынан улам адам өмүрү кыйылган учурлар буга чейин да катталган. Читать дальше...

Бишкектеги №1 тергөө абагы шаар сыртына көчүрүлөт

Azattyk.org 

Бишкектеги №21 тергөө абагы (эл арасында СИЗО №1 деп айтылып келет-ред.) шаар сыртына көчүрүлөт. Бул тууралуу Жаза аткаруу мамлекеттик (ЖАК) кызматынын жетекчисинин орун басары Кемел Садыков Фейсбук баракчасындагы түз эфирде билдирди. “Коомдук тартипти сактоо үчүн шаардын ортосундагы мекемелерди сыртка көчүрүү планы бар. №21, №23, №25 абак мекемелерин сыртка көчүрүүгө иш-аракеттер жүрүп жатат. Иш качан башталары белгисиз”, - деди Садыков. Бишкектин Пудовкин-Горкий көчөсүндө жайгашкан №1 тергөө... Читать дальше...

Эки айдан бери суусу жок отурган айылдарга таза суу берилди

Azattyk.org 

Чүйдүн Сокулук районунун эки айдан бери таза суусу жок жашап жаткан айылдарына суу берилди. Бул тууралуу бүгүн 10-июлда “Азаттыкка” өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти. Мекеменин маалыматына караганда, суу график менен берилип жатат. Ичүүчү суу 8-июлдан тартып бериле баштаганын “Азаттыкка” Селекционное айылынын тургундары да тастыкташты. Бишкектин ушундай эле көйгөйгө туш болгон Арча-Бешик конушунун да маселеси өткөн аптада чечилген. Алар суусу жок болуп жатканына нааразылыгын билдирип, жазында жол торогонго чейин барышкан. Читать дальше...

Аба ырайы: күн 41 градуска чейин ысыйт

Azattyk.org 

Кыргызгидромет борбору 12-14-июлда өлкөнүн Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында күндүн табы 36…41 градуска чейин ысырын эскертти. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги аба ырайына байланыштуу билдирүү таратып, жарандарды күн ачык жерде жүрбөөнү, айыл чарба өсүмдүктөрүн сугарууну сунуш кылды. 11-июлдагы абанын температурасы: Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 17…22, күндүз 32…37; Талас өрөөнүндө түнкүсүн 15…20, күндүз 29…34; Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 18…23, күндүз 32…37; Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 12…17... Читать дальше...



“Манас” театрында алты акындын иштен кетиши боюнча жыйын өттү

Azattyk.org 

Улуттук “Манас” театрынын директору Азиз Биймырза уулу алты акындын театрдан иштен кеткенине байланыштуу бүгүн, 10-июлда жыйын болгонун “Азаттык” радиосуна билдирди. “Коомчулукта талкуу жараткан окуя боюнча театрыбызда жыйын болду. Акындар менен театр ортосунда пикир келишпестик, тирешүү жок экенин баса белгилеп айтабыз. Аталган акындар өздөрү арыз жазып иштен кеткендиктен, жеке чечимин сыйлайбыз. Эгер кайра кайтып келсе, кабыл алганга да даярбыз. Элмирбек Иманалиевдин шакирттери кодуланды деген кептер акылга сыйбайт. Читать дальше...

Тенгиз Бөлтүрүктүн үй камагындагы мөөнөтү узартылды

Azattyk.org 

“Кумтөр Голд Компани” ишканасынын мурдагы тышкы башкаруучусу Тенгиз Бөлтүрүктүн үй камагындагы мөөнөтү 10-августка чейин узартылды. Бул тууралуу анын жактоочусу Кайсын Абакиров “Азаттыкка” билдирди. Бөлтүрүктүн үй камагындагы мөөнөтүн узартуу отуруму 4-июлда Бишкектин Октябрь райондук сотунда каралган. Адвокаттын айтымында, кылмыш иш тергелип бүтүп, жакында сотко өтөт. Бишкектеги Октябрь райондук соту Бөлтүрүк прокуратуранын өтүнүчү менен 30-апрелде үй камагына чыгарылганын билдирген. Башкы... Читать дальше...

Монголия: Жапаров жез өндүргөн заводдун иши менен таанышты

Azattyk.org 

Президент Садыр Жапаров Монголиядагы мамлекеттик сапарынын алкагында 10-июлда Эрдэнет шаарына барды. Анын басма сөз кызматы аталган шаардагы тоо-кен заводунун иши менен таанышканын кабарлады. "Садыр Жапаровго “Эрдэнэт” заводу Азиядагы жез-молибден рудасын казып алуу жана байытуу боюнча эң ири ишкана деп эсептелери, жылына 40 млн. тоннага жакын руданы кайра иштетип, 580 миң тоннанын тегерегинде жез концентратын жана 6 миң тонна молибден концентратын өндүрүп жатканыы жөнүндө маалымат берилди. Ишкана 1973-жылдан бери иштеп келет... Читать дальше...

Президент Жапаров Мирзиёевдин шайлоодогу жеңишин куттуктады

Azattyk.org 

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Өзбекстандын президенттик шайлоосунда алдыга чыккан Шавкат Мирзиёевди куттуктады. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы кабарлады. Жапаров куттуктоосунда Мирзиёев кыргыз-өзбек мамилесинин чыңдалышына салым кошконун белгилеген. "Кыргыз-өзбек мамилелеринде эки тараптуу кызматташтыктын дээрлик бардык багыттарында жакшы өзгөрүүлөр орун алып, маанилүү биргелешкен инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу боюнча конкреттүү макулдашуулар жетишилди", - деп айтылат президенттин куттуктоосунда. Читать дальше...

Велосипедченди сүзүп кеткен таксист кармалды

Azattyk.org 

Бишкекте жолдо бараткан велосипедченди машинасы менен сүзүп кеткен айдоочу кармалганын бүгүн 10-июлда шаардык милициянын Кайгуул кызматынын басма сөз кызматы билдирди. Мекеменин маалыматына караганда, шектүү катары Бишкек шаарынын 44 жаштагы тургуну кармалды, ал айдаган «Daewoo Nexia» машинасы атайын айып короого токтотулду. Тийиштүү экспертизалар дайындалып, айдоочу милициянын тергөө кызматына өткөрүлүп берилгени маалымдалды. 7-майда Чыңгыз Айтматов жана Лев Толстой көчөлөрүнүн кесилишиндеги... Читать дальше...

ИИМ Борбор Азияга баңгизат тараткан топтун мүчөсү кармалганын кабарлады

Azattyk.org 

Ички иштер министрлиги Чүйдүн Аламүдүн районунан баңгизат тараткан эл аралык топтун мүчөсү деп шек саналган 22 жаштагы жаран кармалганын билдирди. Милиция шектүүнүн автоунаасына тинтүү жүргүзүп, алты килограмм мефедрон психотроптук зат табылган белгиледи. Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренеси (“Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо”) менен иш козголду. ИИМ тергөөгөнүн жүрүшүнө таянып, топ Борбор Азияга ири өлчөмдө баңгизат жөнөткөнүн... Читать дальше...

Кытайда бала бакчага жасалган кол салуудан алты киши мерт болду

Azattyk.org 

Кытайдын түштүгүндөгү Гуандун провинциясындагы бала бакчага жасалган кол салуудан алты киши мерт болуп, бир адам жараат алды. Бул тууралуу Би-Би-Си дүйнөлүк кызматы полицияга таянып жазды. Набыт болгондор арасында бир тарбиячы, эки ата-эне жана үч бала болгону кабарланды. Бычак менен кол салууга шектүү 25 жаштагы адам камалганы маалым болду. Полиция "атайылап жасалган кол салуу" деп атаган окуя 10-июлдун таңында Ляньцзян уездинде болду. Кылмышкер эмне себептен буга барганы азырынча белгисиз.... Читать дальше...

Баткендеги жоокердин өлүмүн аскер прокуратурасы иликтеп жатат

Azattyk.org 

Баткендеги 35524-аскер бөлүгүндө келишимдик негизде кызмат өтөп жаткан жоокердин мерт болушун тергеп-иликтөө башталды. Бул тууралуу "Азаттыкка" Башкы прокуратурадан кабарлашты. Ага ылайык, окуя Баткен гарнизонунун аскер прокуратурасынын маалыматтардын электрондук журналына катталып, тергөөгө чейинки текшерүү башталды. Мунун алдында Коргоо министрили ал бир жоокер куралды этиятсыз колдонгондун айынан өзүн кокусунан атып алып, мерт болгонун билдирген. "Окуянын себеби такталып жатат, бул фактыга... Читать дальше...

Мирзиёев үчүнчү жолу Өзбекстандын президенти болуп шайланды

Azattyk.org 

Өзбекстанда Шавкат Мирзиёев 9-июлда мөөнөтүнөн мурда өткөн добуш берүүдө кайра шайланды. Өлкөнүн Борбордук шайлоо комиссиясы 10-июлда билдиргендей, алдын ала жыйынтыктарга караганда Мирзиёев добуштардын 87,1% менен алдыга чыкты. Добуш берүүгө шайлоого укуктуу жарандардын 70% (13,46 миллион киши) катышканы белгилүү болду.   Президенттик шайлоо өттү деп эсептөөгө калктын 33% гана катышса жетиштүү. Европа Коопсуздук келишим уюмунан барган эл аралык байкоочулар 10-июлда маалымат жыйын өткөрүп... Читать дальше...

Кыргыз медицинасын сынаган “Кара июлга” үч жыл

Azattyk.org 

Кыргызстанда коронавирус илдетинин эң көп жоготуулары катталган “Кара июль”, же “Каргашалуу июль” окуясына туура үч жыл болду. 2020-жылы так ошол айда өлкө дүйнөнүн үшүн алган пандемияга туруштук бере албай өлүм-житим болуп көрбөгөндөй көбөйгөн. Иш жүзүндө бул кыргыз медицинасынын чабалдыгын көрсөтүп, дарыгерлердин оор жагдайын ачыкка чыгарган. Кыргыз бийлиги андан бери саламаттык сактоо системасы кыйла жакшырганын билдирип келет. Ошол эле убакта адистер арасында “Кыргызстан бул окуядан жетиштүү сабак алып... Читать дальше...

Баткенде Тажикстанга өтүп кеткен мал кайтарылды

Azattyk.org 

Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматынан кабарлагандай, 9-июлда тажикстандык кесиптештери менен сүйлөшүүлөрдөн кийин кароосуз калып, чек арадан өтүп кеткен чек аралаш айыл тургундарынын алты баш бодо ээлерине кайтарылган. 8-июлда Баткен районунун Тажикстан менен чек арада жайгашкан Көк-Таш айылынан чектеш айамагынан Тажикстандын Исфара районунун Чорку айылына бодо мал кирип кеткени тууралуу кайрылуу болгон. Эки тараптын милиция кызматкерлеринин сүйлөшүүлөрүнөн кийин 9-июлда... Читать дальше...

Руслан Бекназаровго чыккан өкүм күчүндө калды

Azattyk.org 

Бишкек шаардык соту Свердлов районунун акиминин мурдагы биринчи орун басары Руслан Бекназаровго карата Биринчи Май райондук сотунунун өкүмүн күчүндө калтырды. Бул тууралуу Бекназаров өзү “Азаттыкка” билдирди. Бекназаров Жогорку сотко апелляциялык арыз менен кайрылбай турганын айтты. “Адилеттүү, мыйзам чегинде карай турган заман келген учурда кайрылам. Азыркы кайрылуу жөн эле убакытты коротуу”, - деди Бекназаров. 25-апрелде Бишкектин Биринчи Май райондук соту Руслан Бекназаровду Кылмыш-жаза... Читать дальше...

Чек ара: кыргыз-тажик жумушчу топторунун жолугушуусу аяктады

Azattyk.org 

Баткен шаарында 3-9-июль күндөрү Кыргызстан менен Тажикстандын өкмөттүк делегацияларынын топографиялык жумушчу топторунун кезектеги жолугушуусу өттү. Өкмөттүн басма сөз кызматы анын жыйынтыгында тиешелүү протоколдорго кол коюлганын маалымдады, бирок анын мазмунун ачыктаган жок. Келерки жолугушуу эми Тажикстанда өтөт. Буга чейин, Министрлер кабинетинин чек ара боюнча өкүлү Назирбек Бөрүбаев оор тилкелер тууралуу сүйлөшүүлөр жүрөрүн "Азаттыкка" билдирген. “Чек ара маселеси тез эле чечилип калбайт да. Читать дальше...

Наркология борборунда 7,5 миңден ашуун адам каттоодо турат

Azattyk.org 

Бишкектеги Республикалык наркология борборунда расмий каттоодо тургандар бүгүнкү күндө 7,5 миңден ашуун адам. Бул тууралуу “Азаттыкка” аталган мекемеден кабарлашты. Каттоодо турган 7672 адамдын 7230у эркек, 442си аял. Дарыгерлер белгилегендей, баңгиликке берилгендердин басымдуу бөлүгү 18 жаштан 45 жашка чейинкилер. Алардын социалдык статусу ар түрдүү. Бейрасмий маалыматтарда өлкөдө маңзаттын тузагына илингендер 25 миңден ашуун экени айтылып жүрөт. Учурда спайс, соя өңдүү синтетикалык маңзат колдонгондор да көбөйүүдө. Читать дальше...

Баткен: Коргоо министрлиги бир жоокер өзүн атып алганын билдирди

Azattyk.org 

Коргоо министрлиги Баткенде 35524-аскер бөлүгүндө келишимдик негизде кызмат өтөп жаткан бир жоокер куралды этиятсыз колдонгондун айынан өзүн кокусунан атып алып, мерт болгонун билдирди.  "Окуянын себеби такталып жатат, бул фактыга байланыштуу кызматтык иликтөө башталды",-деп жазылган маалыматта. Башкы прокуратура бул окуяга байланыштуу азырынча комментарий бере элек.  Аскердик кызматын өтөп жатып, өзүн кокусунан атып алган, жараат алган, каза болгон жоокерлер боюнча түрдүү окуялар буга чейин... Читать дальше...

Кыргызстан-Монголия алакасын чыңдоо декларациясы кабыл алынды

Azattyk.org 

Президент Садыр Жапаров Монголиядагы мамлекеттик сапарынын алкагында монгол президенти Ухнаагийн Хурэлсух менен эки өлкөнүн достугу жана кызматташтыгы жөнүндө биргелешкен декларацияга кол койду. Анын алкагында тараптар саясий, соода-экономикалык, маданий, коопсуздук, тоо-кен, айыл чарба, жеңил өнөр жай жана туризм өңдүү бир катар тармактарда алака-катышты чыңдоону макулдашты. "Тараптар тоо-кен тармагындагы кызматташтыкты өнүктүрүүгө, кен корун иштетүү долбоорлорун ишке ашырууда тажрыйба алмашууга даяр экенин билдирет. Читать дальше...





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *