Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Июль
2023

Стамбулда жоголгон кыргызстандык кызды издөө иштери уланууда

0
Стамбулда жоголгон кыргызстандык кызды издөө иштери уланууда

Түркияда полиция Стамбул шаарында дайыны билинбей жаткан кыргызстандык кызды издөөнү улантууда. Бул тууралуу Кыргызстандын аталган шаардагы Башкы консулдугу 2-июлда "Азаттыкка" билдирди. Издөө иштерине ал жактагы кыргызстандык диаспоранын өкүлдөрү да катышып жатат.

 

Башкы консулдукка 24-июнда 20 жаштагы Ж.Ш.Б аттуу кыздын апасы кайрылып, ал  эки күндөн бери байланышка чыкпай жатканын айткан. Кызы Бишкектен Стамбулга чейин учак менен барып, андан ары Болгариянын Варна шаарына автобус менен жетиши керектигин билдирген.

Ал жакка кандай максатта барары кабарланган жок. 

Сабиха Гөкчен аэропортунун миграциялык кызматы кыздын эч тоскоолдуксуз, Стамбулга киргенин тактаган. Андан кийин кайда кеткени белгисиз. Анын Түркиядагы тааныштарын сурамжылоодон азырынча натыйжа чыга элек.

Дипломатиялык мекеме окуя көзөмөлдө экенин маалымдады.











СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *