Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Июль
2023

Жогорку Сот кабарчылар сотко кысым жасаган учурлар көбөйгөнүн айтты

0
Жогорку Сот кабарчылар сотко кысым жасаган учурлар көбөйгөнүн айтты

Жогорку Сот соңку учурда журналисттер "иликтөөгө" жамынып алып сот органдарына кысым кылган учурлар көбөйгөнүн билдирди. Басма сөз кызматы тараткан маалыматта, өзүн эркин журналист, эксперт деп атаган  Али Эргешевдин видео материалы мисал катары алынган.

"Автор өзү жарыялаган видеодо маалымат алуу укугу бар экенин айтып, соттун кызматкерлерине акаарат, кадыр-баркына шек келтирип, жаалданып, сот төрагасынын иш бөлмөсүнө кирип барууга аракет кылган. Ал жаңжалды атайын козуткусу келген. Конституцияда ар бир жаранга маалымат алуусуна кепилдик берет. Бирок маалымат берүү тартиби мыйзамда көрсөтүлгөн. Жалпыга маалымдоо каражаттары мыйзамдын чегинде иш алып барышы керек",-деп жазылган маалыматта.

Али Эргешев буга байланыштуу азырынча комментарий бере элек.

Ушул жылдын март айында Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Фейсбуктагы баракчасына блогерлердин ишин сындап билдирүү жазган. Анда ал блогер Улукбек Карыбек уулунун бала бакчага кирип барган тасмасындагы сүрөтүн коюп, мындай ишмердүүлүк артында саясий карьера жасоо максаты турат деген оюн билдирген. Байсалов мамлекеттик же менчик мекемелерге уруксатсыз кирип барып, иштеп жаткан кызматкерлерди кекетүү же суракка алуу мыйзамсыз деп эсептерин белгилеген.

Блогер Фейсбук баракчасы аркылуу Байсаловго жооп берип, "эгерде министрликтер, мэриянын кызматкерлери, өз ишин сапаттуу аткарса, анда соцтармактар аркылуу миңдеген адамдар бизге кайрылышпайт эле" деп айткан.

Кыргызстанда сөз эркиндигинин чектелиши тууралуу сын-доомат, нааразылык азая элек.

Эл аралык Freedom House (FH) уюму “Дүйнөдөгү эркиндик - 2023” аттуу жаңы баяндамасында Кыргызстанды үчүнчү жылы катары менен “эркин эмес” өлкөлөрдүн катарына кошкон. Уюм өлкөдө саясий укуктар чектелип, маалымат каражаттары басымга туш болгонун белгилеген.

"Чек арасыз кабарчылар" уюмунун басма сөз эркиндигинин индексинде Кыргызстан былтыркыга салыштырмалуу 50 орунга ылдыйлап, 180 мамлекеттин арасынан 122-сапка жайгашкан.

Бийлик өкүлдөрү Кыргызстанда сөз эркиндиги бардыгын, ар ким өз оюн эркин жана ачык айта аларын белгилеп келет.











СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *