Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Июль
2023

Эки кишини сүзүп өлтүргөн аскер кызматкери камакка алынды

0
Эки кишини сүзүп өлтүргөн аскер кызматкери камакка алынды

Адам өлүмүнө айыпталып жаткан аскер кызматкери жаза өтөөчү жайга (гауптвахта) камакка алынганын бүгүн 7-июлда “Азаттыкка” Башкы прокуратурадан билдиришти. Мекеменин расмий өкүлү Сирожиддин Камолидиновдун айтымында, Кылмыш-жаза кодексинин “Автомототранспорт каражаттарынын кыймылынын жана аларды эксплуатациялоонун коопсуздук эрежелерин бузуу” деген 312-беренесинин 4-бөлүгүнүн негизинде козголгон ишти Аскер прокуратурасы тергеп жатат.

Аталган берененин 4-бөлүгүндө “алкоголду, баңги каражаттарды же башка мас кылуучу заттарды колдонуудан келип чыккан мас абалында жасалган жосундар” деп жазылган. Анын жаза чарасы – сегиз жылдан он жылга чейин эркиндигинен ажыратуу жана үч жылга чейинки мөөнөткө кызматын аткаруу укугунан ажыратуу.

Шектүү кайсы аскердик мекемеде кызмат өтөрү жөнүндө маалымат айтылган жок. 

Адам өмүрү кыйылган жол кырсыгына мас айдоочу күнөөлүү экенин 6-июлда Чүй облустук милициясынын жол коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришкен. Мекеменин маалыматына караганда, кырсык 5-июлдун кечинде Маевка айылында болгон. Мас абалында “Мерседес Бенц” үлгүсүндөгү автоунааны башкарып бараткан айдоочу эки кишини сүзүп кеткен.

Окуянын күбөлөрүнүн маалыматына караганда, машине коюп кеткендер алган жараатынан улам бир нече сааттан кийин каза болуп калган.











СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *