Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Июль
2023

Бишкекте АКШнын Көз карандысыздык күнү белгиленди

0

АКШнын Бишкектеги элчилигинде Кошмо Штаттардын Көз карандысыздыгынын 247-жылдыгына арналган кече өтүүдө. Ага Кыргызстандын мамлекеттик органдары, жарандык коомдун өкүлдөрү, маданий ишмерлер катышууда.

Кечеде Кошмо Штаттардын элчиси Лесли Вигери АКШ менен Кыргызстандын ортосундагы мамилесин өнүктүрүү аракети уланып жатканын билдирди.

Кыргызстан менен АКШ ортосундагы кызматташтык жөнүндө макулдашууга 1993-жылы 19-майда Вашингтондо кол коюлган. Бул стратегиялык документти кыргыз өкмөтү 2015-жылдын 21-июлунда бир тараптуу денонсациялаган.

Жаңы келишимди даярдоо жараяны уланууда.











СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *