Чеченстан: журналист менен адвокатты ким кордоду?
Орусиянын курамындагы Чеченстан республикасында шейшемби күнү катуу сабалган иликтөөчү журналист Елена Милашина жана адвокат Александр Немов Москвадагы ооруканага которулду. Аларды бозгундагы үч чечен активисттин апасынын сотуна катышуу үчүн Грозныйга барышканда сабап кетишкен.