Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Июль
2023

УКМК Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөсү кармалганын билдирди

0
УКМК Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөсү кармалганын билдирди

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы кримтөбөл Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөсү Н.С.Т. опузалап акча талап кылууга шектелип кармалганын 7-июлда билдирди.

Маалыматта шектүү 2021-жылы сентябрда бир жаранга күч колдонуп, анын “Мерседес S500” үлгүсүндөгү унаасын жана 17 миң АКШ долларын тартып алганы айтылат. Кармалган жаран Ички иштер министрлигинин каттоосунда Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун активдүү мүчөсү катары каттоодо турат, буга чейин бир нече жолу соттолгон.

Ал УКМКнын тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

УКМК 6-июлда Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун дагы бир мүчөсү, кримчөйрөдө "Чач" деген каймана ат менен таанымал М.Э.М. кармалганын билдирген. Атайын кызмат маалымдагандай, анын Жалал-Абад шаарында базар ээлерин коркутуп, салык салууга аракет кылганы аныкталган.

ИИМдин маалыматына ылайык, ушул тушта 1200дөй адам уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары милициянын каттоосунда турат. Алар кримтөбөлдөр Камчы Көлбаев, Азиз Батукаев жана Алмаз Бокушевдин тобуна киргендер. Былтыр мындай топтордун 153 мүчөсү кармалган жана алардын 17инин криминалдык чөйрөдө өзгөчө макамы болгон.











СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *