Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Июль
2023

Акылбек Жапаров Миллер менен газдаштыруу маселесин сүйлөштү

0
Акылбек Жапаров Миллер менен газдаштыруу маселесин сүйлөштү

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Санкт-Петербург шарындагы сапары алкагында "Газпром" компаниясынын башчысы Алексей Миллер менен жолукту. Өкмөттүн басма сөз кызматынын билдиришинче, анда газ менен камсыздоо жаатында эки-өлкөнүн алака-катышы талкууланды.

“Кыргызстан менен “Газпром” компаниясынын ортосундагы ар тараптуу кызматташтык тереңдеп, ырааттуу өнүгүү жолу менен бара жатат”, - деген Жапаров.

Маалыматта "Миллер өз кезегинде Кыргызстан “Газпром” компаниясынын ишенимдүү өнөктөшү экенин белгилегени" жазылган.

Жолугушуу соңунда газдыштурууга байланыштуу кандайдыр бир чечим кабыл алынганы кабарланган жок.

Ушул жылдын башында Акылбек Жапаров Бишкектеги ыш көйгөйүнөн улам шаардын жака белиндеги 20 конушту жакын арада газдаштыруу керектигин билдирген. Ал тиешелүү министрликтерге жана Бишкек шаардык мэриясына бул жаатта “Газпром” менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүнү тапшырган.

2014-жылы Кыргызстандын “Кыргызгаз” ишканасы символикалуу түрдө Оруcиянын “Газпромуна” 1 АКШ долларына сатылып, “Газпром-Кыргызстан” компаниясы түзүлгөн. Кийин ага "Ошгаз" ишканасы да өткөн. Ортодо түзүлгөн келишимде компания Кыргызстандын аймактарына газ түтүктөрүн орнотуп, бул багыттагы инфраструктураны өнүктүрүүгө беш жыл ичинде 20 млрд. рубл жумшоону убада кылган.











СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *