Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Июль
2023

Иликтөөчү журналист Болот Темировдун жактоочулары Жогорку Сотко кайрылды

0
Иликтөөчү журналист Болот Темировдун жактоочулары Жогорку Сотко кайрылды

Иликтөөчү журналист Болот Темировдун адвокаттары ага карата буга чейинки инстанциялардагы соттун чечимдерине карата кассациялык арыз менен Жогорку Сотко кайрылды. Бул тууралуу “Азаттыкка” анын жактоочуларынын бири Бакытбек Автандил 7-июлда билдирди.

Кассациялык арызда Болот Темировго карата Свердлов райондук жана Бишкек шаардык сотторунун чечимдерин жокко чыгаруу өтүнүчү келтирилген.

Болот Темиров былтыр 23-ноябрдын кечинде “Манас” аба майданынан күч менен Бишкек – Москва каттамына отургузулган жана аны укук коргоо органдарынын кызматкерлери коштоп Орусияга чыгарып кетишкен. Анын алдында Бишкек шаардык соту журналистти өлкөдөн чыгаруу тууралуу чечим чыгарган. Буга журналисттин Кыргызстандын паспортун мыйзамсыз алганы негиз болгону айтылган. Чечим ошол эле күнү ишке ашырылган.

Күч органдары жана прокуратура журналистке каршы иш мыйзам чегинде козголгонун, иликтөө талапка ылайык жүргүзүлгөнүн билдирип келет.

Болот Темиров ага коюлган айып негизсиз экенин айтып, бул окуяларды журналисттик ишмердиги менен байланыштырган.

Бир катар чет өлкөлүк жана жергиликтүү уюмдар, укук коргоочулар Болот Темиров Кыргызстандан мыйзамсыз чыгарылганын билдирип, кыргыз бийлигин сөз эркиндигин коргоого чакырып келет.











СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *