Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Июль
2023

Кыргызстан-Монголия алакасын чыңдоо декларациясы кабыл алынды

0
Кыргызстан-Монголия алакасын чыңдоо декларациясы кабыл алынды

Президент Садыр Жапаров Монголиядагы мамлекеттик сапарынын алкагында монгол президенти Ухнаагийн Хурэлсух менен эки өлкөнүн достугу жана кызматташтыгы жөнүндө биргелешкен декларацияга кол койду. Анын алкагында тараптар саясий, соода-экономикалык, маданий, коопсуздук, тоо-кен, айыл чарба, жеңил өнөр жай жана туризм өңдүү бир катар тармактарда алака-катышты чыңдоону макулдашты.

"Тараптар тоо-кен тармагындагы кызматташтыкты өнүктүрүүгө, кен корун иштетүү долбоорлорун ишке ашырууда тажрыйба алмашууга даяр экенин билдирет. Текстиль жана тигүү тармактарында өз ара пайдалуу кызматташууга даяр жана эки өлкөнүн тийиштүү ишканаларынын ортосундагы түз байланыштарды кубаттайт. Монгол тарап Кыргызстандын тигүү өнөр жайы үчүн сырье жеткирүүгө даяр экенин билдирет. Тараптар деңизге чыгууга мүмкүнчүлүгү жок өлкөлөр катары транспорттук жана транзиттик коммуникацияларды өнүктүрүү үчүн зарыл болгон чараларды көрөт",-деп жазылган декларацияда.

Мунун алданда Жапаров монгол президенти баштаган бийлик башчылары менен жолуккан. Ухнаагийн Хурэлсух бул сапарды "тарыхый" деп сыпаттап, эки өлкө ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүүгө дем берерин айткан. Ал Кыргызстандын президенти Монголияга акыркы жолу 21 жыл мурун келгенин белгилеген.

Жапаров өз ара соода өнүктүрүүдө башкы тоскоолдук - транспорттук-логистика экенин билдирген.

Анын Монголияга мамлекеттик сапары 9-июлда башталган жана 11-июда аяктайт.











СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *