Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Июль
2023

Баткендеги жоокердин өлүмүн аскер прокуратурасы иликтеп жатат

0
Баткендеги жоокердин өлүмүн аскер прокуратурасы иликтеп жатат

Баткендеги 35524-аскер бөлүгүндө келишимдик негизде кызмат өтөп жаткан жоокердин мерт болушун тергеп-иликтөө башталды. Бул тууралуу "Азаттыкка" Башкы прокуратурадан кабарлашты. Ага ылайык, окуя Баткен гарнизонунун аскер прокуратурасынын маалыматтардын электрондук журналына катталып, тергөөгө чейинки текшерүү башталды.

Мунун алдында Коргоо министрили ал бир жоокер куралды этиятсыз колдонгондун айынан өзүн кокусунан атып алып, мерт болгонун билдирген.

"Окуянын себеби такталып жатат, бул фактыга байланыштуу кызматтык иликтөө башталды",-деп жазылган маалыматта.

Аскердик кызматын өтөп жатып, өзүн кокусунан атып алган, жараат алган, каза болгон жоокерлер боюнча түрдүү окуялар буга чейин да катталып келген.

Башкы прокурор Курманкул Зулушев 2022-жылы Кыргызстандын куралдуу күчтөрүндө каза болгон төрт жоокердин окуясы суицид деп катталганын кабарлаган.

"Кылым шамы" укук коргоо уюмунун эсебинде, 2012-2016-жылдар аралыгында ар кандай жагдайда каза болгон жоокерлердин саны алтымыштан ашкан.

Бул окуялардын дээрлик баарында жоокерлердин жакындары алардын суицидге барганына ишенбей, өз жүйөлөрүн жана далилдерин келтиришкен.











СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *