Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Июль
2023

Мирзиёев үчүнчү жолу Өзбекстандын президенти болуп шайланды

0
Мирзиёев үчүнчү жолу Өзбекстандын президенти болуп шайланды

Өзбекстанда Шавкат Мирзиёев 9-июлда мөөнөтүнөн мурда өткөн добуш берүүдө кайра шайланды.

Өлкөнүн Борбордук шайлоо комиссиясы 10-июлда билдиргендей, алдын ала жыйынтыктарга караганда Мирзиёев добуштардын 87,1% менен алдыга чыкты.

Добуш берүүгө шайлоого укуктуу жарандардын 70% (13,46 миллион киши) катышканы белгилүү болду.

 

Президенттик шайлоо өттү деп эсептөөгө калктын 33% гана катышса жетиштүү.

Европа Коопсуздук келишим уюмунан барган эл аралык байкоочулар 10-июлда маалымат жыйын өткөрүп, шайлоо тууралуу өз байкоолору менен бөлүшөт.

Быйыл 30-апрелде өткөн референдумда Өзбекстандын Конституциясына өзгөртүүлөр киргизилгенден кийин мөөнөтүнөн мурда шайлоо дайындалган.

Президенттик мөөнөт эми беш эмес, жети жыл болот. Буга байланыштуу 2016-жылдан бери бийликте турган азыркы президент Мирзиёевдин буга чейинки мөөнөтү нөлгө теңелип, 2037-жылга чейин эки жолу мамлекет башчы болуп шайлануу мүмкүнчүлүгү берилди.

65 жаштагы Шавкат Мирзиёев Өзбекстандын башына мурдагы авторитардык лидер Ислам Каримов көз жумгандан кийин келген. Ага чейин Мирзиёев 13 жыл өкмөт башчынын кызматын аркалаган.

Андан башка бул жолу президенттикке үч киши расмий ат салышкан. Алар шайлоо өнөктүгүн дээрлик өткөргөн жок. Талдоочулардын пикиринде, алардын аты-жөнүн көптөр билбейт.











СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *