Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Июль
2023

Баткенде Тажикстанга өтүп кеткен мал кайтарылды

0
Баткенде Тажикстанга өтүп кеткен мал кайтарылды

Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматынан кабарлагандай, 9-июлда тажикстандык кесиптештери менен сүйлөшүүлөрдөн кийин кароосуз калып, чек арадан өтүп кеткен чек аралаш айыл тургундарынын алты баш бодо ээлерине кайтарылган.

8-июлда Баткен районунун Тажикстан менен чек арада жайгашкан Көк-Таш айылынан чектеш айамагынан Тажикстандын Исфара районунун Чорку айылына бодо мал кирип кеткени тууралуу кайрылуу болгон.

Эки тараптын милиция кызматкерлеринин сүйлөшүүлөрүнөн кийин 9-июлда тажик тарапка өтүп кеткен алты баш бодо кайтарылды.

Эки өлкөнүн милиция кызматкерлери чек ара аймактарында эки элдин ортосунда ар кандай пикир келишпестиктин жана улуттар аралык чыр-чатактардын алдын алуу, чек ара тилкелеринде жашаган тургундарга мал-жандыктарына сак болуусун эскертип, түшүңдүрүү чараларын да жүргүзүп жатат.

Өткөн аптада Баткенде Кыргызстан менен Тажикстандын мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегациялардын топографиялык жумушчу топторунун кезектеги жолугушуусу болуп өткөн.

Эки өлкө ортосунда чек аранын айынан утур-утур жаңжал чыгып, өткөн жылы 14-17-сентябрда ондогон адамдын өмүрүн алган куралдуу кагылыш болгон. Эки тарап бири-бирин "агрессияга" айыптаган окуядан Кыргызстан бери дегенде 63 жаранынан айрылып, жараат алгандардын расмий эсеби 200гө жакындаган.

Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги чек арада 41 жараны каза тапканын билдирди. "Озоди" радиосу өз булактарына таянып, 83 кишинин тизмесин жарыялаган. (JsA)

Эки тараптан тең каза болгондор арасында балдар бар.











СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *