Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Июль
2023

Эки айдан бери суусу жок отурган айылдарга таза суу берилди

0
Эки айдан бери суусу жок отурган айылдарга таза суу берилди

Чүйдүн Сокулук районунун эки айдан бери таза суусу жок жашап жаткан айылдарына суу берилди. Бул тууралуу бүгүн 10-июлда “Азаттыкка” өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти. Мекеменин маалыматына караганда, суу график менен берилип жатат.

Ичүүчү суу 8-июлдан тартып бериле баштаганын “Азаттыкка” Селекционное айылынын тургундары да тастыкташты.

Бишкектин ушундай эле көйгөйгө туш болгон Арча-Бешик конушунун да маселеси өткөн аптада чечилген. Алар суусу жок болуп жатканына нааразылыгын билдирип, жазында жол торогонго чейин барышкан.

Сокулуктун Бишкек менен чектешкен Селекционное жана Орок айылдарында да эки айдан бери суусу жок отурган тургундар өкмөткө нааразылыгын билдиришкен.

3-июлда аталган айылдардын жашоочулары менен өкмөт башчы Акылбек Жапаров жолугуп, маселени чечүү жолдору бар экенин, бул багытта иш башталганын айткан.

Ал “Бизге убакыт бергиле, 2-3 жыл ичинде борборду дагы, Чүй облусун дагы суу менен камсыз кылуу маселесин толук чечебиз”, – деп, Бишкек мэриясына аталган айылдарды бир жума ичинде жадыбал боюнча таза суу менен камсыздоо маселесин чечүүнү тапшырганын өкмөттүн басма сөз кызматы билдирген. (RK)











СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *