Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Июль
2023

Январь окуясында аэропортту басып алды деп айыпталгандар абакка кесилди

0
Январь окуясында аэропортту басып алды деп айыпталгандар абакка кесилди

Казакстандын соту 2022-жылдын Январь окуясында Алматы эл аралык аэропортун басып алуу иши боюнча 11-июлда өкүм чыгарды.

"Азаттыктын" казак кызматы билдиргендей, сот журналист Айгерим Тлеужанды төрт жылга, активисттер Калас Нурпейисов, Нурлан Далибаев, Ермухамет Шилибаев жана Жанайдар Карменовду сегиз жылга кести.

Соттолуучулар жана алардын жактоочулары өкүмгө нааразылыгын билдирип, апелляциялык арыз менен жогорку инстанцияга кайрыларын билдиришти. Адвокаттар иш көптөгөн процессуалдык мыйзам бузуулар менен сотко өткөн деп эсептешет.

Сот былтыр мартта башталган. Тергөөнүн версиясында Айгерим Тлеужанова менен Калас Нурпейисов аэропорттун аймагында “коомдук тартип бузууларды уюштурганы” белгиленген. Айыпталуучулар айыпты четке кагышкан.

Казакстанда суюлтулган газдын кескин кымбатташына байланыштуу тынч митингдер былтыр 2-январда башталып, кийин өлкөнүн башка аймактарына жайылып, кан төгүү, башаламандык менен коштолгон. Расмий маалыматка караганда, тополоңдо кеминде 238 киши каза болгон.











СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *