Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Июль
2023

Өспүрүм кызды зордуктап өлтүргөндөрдүн биринин өкүмү өзгөрүүсүз калды

0
Өспүрүм кызды зордуктап өлтүргөндөрдүн биринин өкүмү өзгөрүүсүз калды

Кадамжайда өспүрүм кызды зордуктап өлтүргөнү үчүн өмүрүнүн аягына чейин эркинен ажыратылган кишинин өкүмү ошо бойдон калды. Бул тууралуу “Азаттыкка” бүгүн 11-июлда Баткен облустук сотунан билдиришти.

Мекеменин маалыматына караганда, облустук соттун 4-июлдагы өкүмү менен Кадамжай райондук сотунун өкүмү өзгөртүүсүз калтырылды. Кадамжай райондук соту быйыл 28-февралда аны өмүрүнүн аягына чейин абакка кескен.

Кылмыш жасаган учурда 11-класстын окуучусу болгон дагы бир соттолуучуну (2006-жылы туулган) Кадамжай райондук соту быйыл 7-февралда он жылга эркинен ажыраткан. Анын арызы 4-августта каралганы жатат.

Экөө тең облустук сотко апелляциялык арыз менен кайрылышкан.

Окуя былтыр 4-сентябрда Ноогардан айылында болгон. 14 жаштагы кыздын сөөгү Ош – Раззаков автожолунун боюндагы тоннелден табылган. Кылмышка шектүү катары 24, 25, 27 жаштагы кадамжайлык үч тургун жана бир өспүрүм бала кармалган. Өспүрүм Жалал-Абаддагы, калган үчөө Оштогу абакка камакка алынган.

4-декабрга караган түнү Оштун тергөө абагында отургандардын экөөнүн сөөгү табылган. Жаза аткаруу кызматы алар өз жанын өзү кыйганын маалымдаган.

“Адам өлтүрүү” беренеси менен козголгон иштин тергелиши жеке көзөмөлүндө болорун мамлекет башчысы Садыр Жапаров билдирген.

Маркум кыздын апасы жакында социалдык түйүндөр аркылуу өлкө жетекчилигине кайрылып, сот иши жылбай жатканына даттанган.

Өмүрүнүн аягына чейин кесилген кишинин жакындары 3-июлда Ош шаарында нааразылык акциясын өткөрүп, сот системасына, прокуратурага жана милициянын ишмердигине нааразылыгын билдиришкен.











СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *