Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Июль
2023

Селекциядагы акциядан кийин камалгандардын бөгөт чарасы 17-июлда каралат

0
Селекциядагы акциядан кийин камалгандардын бөгөт чарасы 17-июлда каралат

Сокулук районунда жолду мыйзамсыз тороону уюштурууга шектүү катары кармалган блогер Эртай Искаков жана жергиликтүү тургундар Бакыт Балбаев менен Бактыбек Бекболотовдун бөгөт чарасы 17-июлда Сокулук райондук сотунда каралат. Бул тууралуу алардын адвокаттары Алмамбет Бексултанов жана Агзам Дүйшөналиев "Азаттыкка" билдиришти.

"Биринчи көрсөтмө беришти. Суу жок болгонуна байланыштуу чогулуп чыкканын айтышты. Эч кандай бейбаштык кыймыл аракеттерди жасаган жокпуз дешти. Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренесинин экинчи бөлүгүндөгү ("Бейбаштык, адамдар тобу тарабынан") жана 279-берене ("Жолдорду мыйзамсыз тосуп алуу") деген айып үчөөнө тең коюлуптур. Биринчи күнү түшкө чейин соту каралып калышы мүмкүн, тергөөчү үч саат мурун мага кабар бериши керек. Мыйзам боюнча угузулган эки айып анча оор эмес кылмыштарга кирет. Ошондуктан булар үй камагына чыгарылышы керек. Анткени туруктуу жашаган жери бар, аты-жөнү такталган", - деди Дүйшөналиев.

Жактоочу Алмамбет Бексултанов Искаков күнөөнү моюнуна албаганын кошумчалап, анын бул акцияга тиешеси болбогонун айтып жатат.

15-июлдун кечинде Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы шектүү катары 1980-жылы туулган Э.И жол тосууга, 1974-жылы туулган Б.Б. жана 1972-жылы туулган Б.Б. бейбаштыкка шек саналып камакка алынып, тергөө башталганын кабарлаган. Милиция таза сууну талап кылып 14-июлда чогулган элдин арасынан "күч органынын кызматкерлерине баш ийбей, таш ыргыткандар" болгонун, териштирүү маалында бул атайын уюштурулганы аныкталганын маалымдады.

Мунун алдында Эртай Искаков 15-июлда суракка күбө катары чакырылып, милиция бөлүмүнө баратканын "Азаттыкка" өзү билдирген. Ал 14-июлда болгон нааразылык акциясын видеого тартып, Инстаграм аркылуу түз эфирге чыккан.  

Сокулук району менен Бишкек шаары чектешкен Селекция айылынын жана Сары-Өзөн жаңы конушунун тургундары 14-июлда Жайыл Баатыр (Түштүк магистраль) көчөсүн торошуп, суу берүүнү талап кылышкан. Алар үч айдан бери таза сууга жетпей отурганын, маселе тез арада чечилбесе, жолду бууй турганын эскертишкен.

Топтолгон эл менен "Бишкек сууканалынын" жетекчиси Таалайбек Орозов жана аким баштаган бир катар бийлик өкүлдөрү жолуккан. 15-июлда Селекция менен Арча-Бешикке суу бир күндөн кезек менен берилип жатканы белгилүү болгон.

Сокулуктагы Селекция, Орок айылдарында жана Арча-Бешик конушунда жай башталгандан бери суу чыкпай, тургундар нааразы болууда. 3-июлда аталган айылдардын жашоочулары менен өкмөт башчы Акылбек Жапаров жолугуп, маселени чечүү жолдору бар экенин, бул багытта иш башталганын айткан. (КЕ/MKt)











СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *