Таза суу талап кылган митинг: Кармалгандар эки берене менен айыпталууда
Сокулук районунда жолду мыйзамсыз тороону уюштурган деген шек менен кармалган белгилүү блогер жана эки жергиликтүү жарандын бөгөт чарасы 17-июлда караларын адвокаттар билдиришти.
Сокулук району менен Бишкек шаары чектешкен Селекция айылынын жана Сары-Өзөн жаңы конушунун тургундары 14-июлда Жайыл Баатыр (Түштүк магистраль) көчөсүн торошуп, суу берүүнү талап кылышкан.
Алар үч айдан бери таза сууга жетпей отурганын, маселе тез арада чечилбесе, жолду бууй турганын эскертишкен. Нааразылык акцияга катышкан бир нече киши суракка чакырылып, ишембиде алардын ичинен жогоруда аты аталган үч адам камакка алынган.
Суу берүүнү талап кылган акциядан кийин кармалган блогер Эртай Искаковдун бөгөт чарасы 17-июлда караларын анын адвокаты Алмамбет Бексултанов "Азаттыкка" кабарлады. Ал блогерге карата коюлган айып негизсиз экенин жана мыйзамдын чегинде аны коргоо аракетин көрө турганын айтып берди.
Эртай Искаков социалдык тармактарда активдүү. Ар кыл багытта өз ой-пикирин билдирип, видео жана башка материалдарды жарыялап турат. Блогер 14-июлда болгон нааразылык акциясын видеого тартып, Инстаграм аркылуу түз эфирге чыгарып турган. Чогулгандар менен жолугуу үчүн бийлик өкүлдөрүнө суроо берген. 15-июлда суракка күбө катары чакырылып, милиция бөлүмүнө баратканын "Азаттыкка" билдирген.
Ал 28-майда Бишкектеги бир мандаттуу Ленин округунан Жогорку Кеңештин депутатын мөөнөтүнөн мурда кайра шайлоодо талапкер болгон.
Искаков менен бирге кармалган Селекция айылынын тургундары Бакыт Балбаев менен Бактыбек Бекболотовдун укугун адвокат Агзам Дүйшөналиев коргоп жатат.
Адвокат митингге чыккандар саясий эмес, социалдык талаптарды көтөргөнүн, эч кандай бейбаштыкка барбаганын айтып, эки жаранга коюлган айыптар туура эмес деген пикири менен бөлүштү:
"Эл үч айдан бери суусу жок отурат. Көйгөй чечилген жок. Жашоочулардын жол тосууга чейин барганын бийликке үнүн жеткирүү аргасы деп бааласа болот".
Агзам Дүйшөналиевдин айтымында, кармалган үч кишиге жол тосуудан башка дагы бир берене менен айып коюлду.
"Алар биринчи көрсөтмө беришти. Суу жок болгонуна байланыштуу чогулуп чыкканын айтышты. Эч кандай бейбаштык жасаган жокпуз дешти. Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренесинин экинчи бөлүгүндөгү ("Бейбаштык, адамдар тобу тарабынан") жана 279-берене ("Жолдорду мыйзамсыз тосуп алуу") деген айып үчөөнө тең коюлуптур. Мыйзам боюнча бул эки берене менен айыптоо анча оор эмес кылмыштарга кирет. Ошондуктан булар үй камагына чыгарылышы керек. Анткени туруктуу жашаган жери бар, аты-жөнү такталган".
14-июлда Сокулук районуна караштуу Селекция айылынын жүздөй тургуну таза суу чыгарууну талап кылып нааразылык акциясын өткөргөн.
Милиция чогулган элдин арасынан "күч органынын кызматкерлерине баш ийбей, таш ыргыткандар" болгонун, териштирүү маалында бул атайын уюштурулганы аныкталганын билдирди.
Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы шектүү катары 1980-жылы туулган Э.И жол тосууга, 1974-жылы туулган Б.Б. жана 1972-жылы туулган Б.Б. бейбаштыкка шек саналып камакка алынып, тергөө башталганын 15-июлдун түнү ырастады.
"Селекция айылынын Сары-Өзөн жаңы конушунун тургундары ар кандай маселелерди талкуулоо жана чечүү үчүн ачылган Вотсап тайпада учурдагы көйгөйгө айланган суу маселесин да талкуулап келишкен. Ал тайпага ар кандай маселелерди коомчулукка алып чыгып жүргөн белгилүү блогер “Э.И.” кошулуп, жергиликтүү тургундар радикалдуу кыймыл-аракет жасабаса, суу маселеси чечилбесин айткан. Өзүнүн социалдык тармактардагы жеке баракчалары аркылуу колдоо көрсөтөрүн айтып, жолду жабууга үгүттөгөндүгү такталды. Буга байланыштуу Сокулук райондук ички иштер бөлүмүнүн тергөө кызматы Кылмыш-жаза кодексинин 279-беренеси (Жолдорду мыйзамсыз тосуу) жана 280-беренеси (Бейбаштык) менен иш козгогон", - деп жазылган маалыматта.
Суу берүүнү талап кылгандар маселе тез арада чечилбесе, жолду бууй турганын эскертишкен.
Топтолгон эл менен "Бишкек сууканалынын" жетекчиси Таалайбек Орозов жана аким баштаган бир катар бийлик өкүлдөрү жолуккан. 15-июлда Селекция менен Арча-Бешикке суу бир күндөн кезек менен берилип жатканы белгилүү болгон.
Сокулуктагы Селекция, Орок айылдарында, Ак-Ордо конуштарында жана Бишкектин Арча-Бешик конушунда жай башталгандан бери суу чыкпай, тургундар нааразы болууда.
3-июлда аталган айылдардын жашоочулары менен өкмөт башчы Акылбек Жапаров жолугуп, маселени чечүү жолдору бар экенин, бул багытта иш башталганын айткан.