Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Июль
2023

Депутат Жусупов курулуш компаниясы тууралуу даттанууларга жооп кайтарды

0
Депутат Жусупов курулуш компаниясы тууралуу даттанууларга жооп кайтарды

Жогорку Кеңештин депутаты Эмилбек Жусупов "Эмаком" курулуш компаниясындагы батирлерин ала албай жаткан үлүшчүлөргө жооп берди.

Жусупов Инстаграмдагы баракчасында курулуш компаниясын башкаларга өткөрүп бергенин, үлүшчүлөрдүн алданып калганына тиешеси жок экенин билдирди.

“Тилекке каршы депутат болуп шайлангандан кийин чарбалык, каржылык, курулуш иштерин толук кандуу, юридикалык жол менен өткөзүп бергем. Мен тапшырып берген адамдардын көбү жарандарыбыздын укуктарын бузуп, үйлөрдү сатып, каражаттарын коротуп, өз кызыкчылыктарына пайдаланып кетиптир”. 

Жусупов учурда бул боюнча укук коргоо органдарына кайрылып, кылмыш иши козголгонун жазды.

14-июлда Бишкекте “Эмаком” курулуш компаниясынан эки жылдан бери батир ала албай жаткан бир нече киши маалымат жыйын өткөргөн. Алар аталган үйү бүтпөгөн миңден ашык адам бар экенин айтып чыгышкан.

Компаниянын өзү буга жооп бере элек. Юстиция министрлигинин сайтында курулуш компаниясынын азыркы ээси - Мелис Жусупов экени жазылып турат. Эмилбек Жусупов – парламенттеги “Ишеним” фракциясынын депутаты.

Соңку жылдары Кыргызстанда үлүштүн негизинде чогулган акчага там салып, батир саткан курулуш компанияларынын саны 150дөн ашканы кабарланган. Алардын айрымдары үлүшчү менен түзгөн келишимин так аткарып, батирин убада кылынган мөөнөттө бүтүрүп берсе, кээ бирлери курулушту жүргүзбөй, үлүшчүлөрдүн акчасын да кайтарып бербей, соттошкон учурлар бар.

2018-жылы "Азаттык" радиосунун “Ыңгайсыз суроолор” берүүсү турак жай курулушундагы башаламандыктарды, мамлекет жөнгө сала албай жаткан системаны иликтеген. (TSh)











СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *