Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Июль
2023

Президент жол куруу техникасына 5 млрд. сом бөлүнгөнүн билдирди

0
Президент жол куруу техникасына 5 млрд. сом бөлүнгөнүн билдирди

Президент Садыр Жапаров 17-июлда Транспорт жана коммуникациялар министрлигине жол курууга керектүү техника тапшырды. Анын басма сөз кызматынын билдиришинче, 265 даана техника мамлекеттин эсебинен сатылып алынды. Ага ылайык, аны алууга жалпысынан 5 миллиард сом бөлүнгөн жана 2026-жылга чейин баш-аягы 700 техника алынат.

“Акыркы үч жылда өлкөдө миң чакырымдан ашык жол курулуп, оңдоодон өттү. Ар бир долбоор өзгөчө көзөмөлгө алынып, жумуштар өз учурунда жана сапаттуу аткарылышы зарыл. Алдыбызда масштабдуу, бийик жоопкерчиликти талап кылган ири долбоорлор турат",-деген Садыр Жапаров.

Өткөн айда аталган министрликке 80ден ашык жаңы техника тапшырылган.

Быйыл өлкөдө 855 чакырым жолду куруу жана оңдоо пландаштырылганы айтылган.

Расмий маалыматка ылайык, Кыргызстан ушул убакытка чейин автожолдорду куруу үчүн эл аралык каржы уюмдарынан 2 миллиард 540 миллион доллар насыя алган.

Парламентте буга чейин насыялар өзүн актабай, жол салууда коррупция тыйылбай келатканы тууралуу сын-доомат айтылган. Кыргызстан негизги жолдорду курууга насыянын басымдуу бөлүгүн Кытайдан алган.











СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *