Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Июль
2023

Жогорку окуу жайларга абитуриенттерди кабыл алуу башталды

0
Жогорку окуу жайларга абитуриенттерди кабыл алуу башталды

Абитуриенттерди жогорку окуу жайларга кабыл алуу 17-июлдан башталды жана ал төрт тур менен өтөт.

1-тур – 17-июль саат 8:00дөн 19-июль саат 14:00гө чейин;

2-тур – 24-июль саат 8:00дөн 26-июль саат 14:00гө чейин;

3-тур – 31-июль саат 8:00дөн 2-август саат 14:00гө чейин;

4-тур – 7-август саат 8:00дөн 9-август саат 14:00гө чейин.

Абитуриенттер сынакка катышуу үчүн өтүнмөлөрдү жана документтерди “Абитуриент онлайн” маалыматтык системасынын сайты аркылуу тапшырат.

Быйыл Кыргызстанда 70 миңге чукул окуучу мектепти аяктады. Алардын үчтөн бир бөлүгү жалпы республикалык тестирлөөгө катышуудан баш тарткан.

ЖРТга катышкандардын ичинен 54 окуучу “Алтын сертификат” алган.

Эң көп - 236 упайды Ош шаарындагы Киров орто мектебинин бүтүрүүчүсү Кызжибек Жээнбекова менен Бишкектеги №61 физика-математикалык лицейдин окуучусу Нурсейит Төрөбаев алышты. (TSh)











СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *