Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Июль
2023

Быйыл тогуз интервенция жасалып, 500 миллиондон ашык доллар сатылды

0
Быйыл тогуз интервенция жасалып, 500 миллиондон ашык доллар сатылды

Улуттук банктын төрагасы Кубанычбек Бөкөнтаев учурда Кыргызстанда доллар таңкыстыгы жок экенин билдирди. Ал "Кабар" улуттук маалымат агенттигине курган маегинде өлкөдөгү валюта базарындагы жагдайды "туруктуу" деп сыпаттады жана керектүү чаралар убагында көрүлүп жатканына ишендиргенге аракет кылды.

Бөкөнтаев алты айда тогуз жолу интервенция жасалганын, 500 миллиондон ашык доллар сатылганын, доллардын баасы жыл башынан бери 2,56%га өскөнүн билдирди.

"Акча алмаштыруу жайларында жана банктарда накталай АКШ доллары жетиштүү көлөмдө. Алмаштыруу операциялары эч кандай чектөөсүз жүргүзүлүүдө. Улуттук банк валюта рыногундагы кырдаалга күн сайын мониторинг жүргүзүп, мыйзам бузуулардын алдын алуу  үчүн тиешелүү иштерди алып барууда. Жыл башынан бери доллардын расмий курсу 2,56% өсүп, 87,8700 сом түзгөн. 2023-жылдын башынан тартып 14-июлуна карата, алмаштыруу курсунун кескин өзгөрүүсүн жумшартуу үчүн Улуттук банк 500,20 млн АКШ долларын сатуу боюнча тогуз интервенция өткөрдү",-деген Бөкөнтаев.

Буга чейин Кыргызстанда доллар таңкыстыгы жаралган. Улуттун банк жыл башында  "тышкы экономикалык олку-солкулуктан жана Орусиянын экономикасына жасалып жаткан санкциялык басымдын фонунда Кыргызстандын валюта рыногунда доллар тартыштыгы байкалып жатканын” билдирген.

Жогорку Кеңеште Улуттук банк долларды буга чейинкиге караганжа көп өлчөмдө сатыкка чыгарганына карабай курсу өзгөрбөй жатканына байланыштуу маселе көтөрүлгөн.

Былтыр Кыргызстанда улуттук валюта сомдун курсун туруктуу кармап туруу үчүн сегиз жолу интервенция жасалган. Сатуунун таза суммасы 295 миллион доллар болгон.











СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *