Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Июль
2023

Ысык-Көлдүн 215 гектары тазаланды, 10 тоннадан ашык таштанды чыгарылды

0
Ысык-Көлдүн 215 гектары тазаланды, 10 тоннадан ашык таштанды чыгарылды

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Ысык-Көлдү таштандыдан арылтуу уланып жатканын билдирди. Ага ылайык,  төрт айга жакын убакта 10,5 тоннадай акыр-чикир алынып чыккан.

"Президент Садыр Жапаровдун жарлыгынын негизинде министрликтин суучулдары көлдү тазалоонуу улантып жатат. Ушул тушта Чолпон-Ата шаарындагы, Кара-Ой айылындагы муниципалдык жана жеке менчик эс алуу жайларына караган көл түбү тазаланууда. Жалпысынан март айынан бери Ысык-Көлдүн 215 миң гектарга жакын аянты тазаланып,  97 600 метр балык уулоочу тор, 10 тонна 405 килограмм таштанды чыгарылды",-деп жазылган маалыматта.

Өткөн айда Садыр Жапаров Ысык-Көлдүн таштандыга толуп жатканын жана браконьерлерди сынга алган. 

“Көлдүк туугандарга, браконьерлерге кайрылат элем. Салган торлоруңар унутулуп калып түшкөн балыктар чирип жыттанып кеткен учурлар аябай көп болуп атат. Бул эмне деген акмакчылык. Көлдүн түбүнүн баары эле тор болуп кеткен. Адам баласыбыз го акыры. Балыктарга да 3-5 жыл тынч жашоо бербейлиби. Мораторий кирген. 3-5 жыл балык жебей койсоңор эч нерсе болбойт. Балык баккан жерлерден сатып жегиле”, - деген Жапаров.

1998-жылы өкмөттүн токтому менен Ысык-Көл облусунун аймагында биосфералык аймак түзүлгөн. Аймак 43,1 чакырым чарчы аянтты ээлейт.

“Ысык-Көл” биосфералык аймагы Кыргызстанда мыйзам менен өзгөчө корголгон улуттук маанидеги табигый аймак болуп эсептелет. 2001-жылы ЮНЕСКОнун “Адам жана биосфера” программасынын алкагында Бүткүл дүйнөлүк биосфералык резерваттар тутумуна киргизилген.

Ысык-Көлдө башаламан салынган эс алуу жайлары, алардан чыккан саркынды суулар көлдү булгап жатканы, балык уулаган браконьерлер көлдүн уникалдуу экологиясын талкалап жатканы айтылып келет.











СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *