"Медиа полиси" Конституциялык сот тууралуу мыйзамды өзгөртүү сунушун сындады
"Медиа полиси" уюму "Конституциялык сот жөнүндө" мыйзамга өзгөртүү киргизүү сунушун сынга алып, муну аталган органдын "матроним" боюнча чечими менен байланыштырды. Сунушту Конституциялык соттун ишине кийлигишүү катары баалады.
Уюм 18-июлда тараткан билдирүүсүндө Конституциялык соттун чечимин көптөгөн мамлекеттик жана коомдук ишмерлер сынга алганын эске салган.
"Мунун баары президенттик администрациянын Конституциялык соттун укуктарын чектөөсүнө себеп болуп берди. Анткени Конституциялык сот 30-июндагы чечимин Кыргызстанда адамдар улутунан, жынысынан, дин ишениминен жана башкадан көз карандысыз тең укуктуу экенин даңазалаган Баш мыйзамга ылайык чыгарды. Соттун чечими жаран аты-жөнүн 18 жашка толгондон кийин каалагандай өзгөртүүгө укугу бардыгына негизделген. Президенттик администрация муну түшүнүп туруп, "Конституциялык сот тууралуу" мыйзамды өзгөртүүнү сунуштап жатканы - сот адилеттигине орой жана ачык кийлигишүү", - деп жазылган билдирүүдө.
"Медиа полиси" уюму президенттик администрациянын сунушу автократтык системага алып бара турганын айтып, демилгечилерди мыйзам долбоорун чакыртып алууга үндөгөн.
17-июлда президенттин администрациясы "Конституциялык сот жөнүндө" мыйзамга өзгөртүү киргизүүнү мыйзам долбоорун коомдук талкууга чыгарган. Анда бул мыйзамды аталган соттун чечимин кайра кароого жол ачкан 52-берене менен толуктоо сунушу жазылган.
Азыркы мыйзамга ылайык, Конституциялык соттун чечими кайра кароого жатпайт.
Конституциялык сот 30-июнда активист Алтын Капалованын "Жарандык абалдын актылары жөнүндө" мыйзамдын талапка жооп бериши текшерилсин деген арызы тууралуу чечим чыгарган. Анда Үй-бүлө кодексинин 63-беренеси жана “Жарандык абалдын актылары жөнүндө” мыйзамдын 30-беренеси Конституцияга каршы эмес деп табылган.
Конституциялык соттун чечмелөөсүнө ылайык, бала 18 жашка чыкканда өз каалоосу менен “атасынын аты” деген графага апасынын атын жаздырууга укугу бар. Аталган орган бул маселеде укуктук боштук бар экенин белгилеп, Министрлер кабинетине тиешелүү мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча тапшырма берген.
Бул чечимден кийин Улуттук коопсуздук комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев Фейсбуктагы баракчасына "Эч кандай матчество болбойт, ким кабыл алса ошол кайра жокко чыгарышы керек. Бул менин жарандык позициям",- деп билдирүү жазган. (ZKo)