Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Июль
2023

Иранда мугалимдерди бошотуу тууралуу петицияга миңдеген киши кол койду

0
Иранда мугалимдерди бошотуу тууралуу петицияга миңдеген киши кол койду

Миңдеген ирандыктар, анын ичинде ардактуу эс алуудагы жана учурда иштеп жаткан мугалимдер, маданият ишмерлери өкмөттү сындаган жана соңку айларда абакка камалган ондогон агартуучулардын бошотулушун талап кылган онлайн петицияга кол коюшту.

Маданият ишмерлеринин демилгеси менен өткөрүлүп жаткан бул кампания «жарандык акция» катары мүнөздөлүп, коопсуздук кызматтары кармап кеткен 230 мугалимдин бошотуу үчүн «маанилүү кадам» деп саналууда.

Маалыматка караганда, петицияга 13 миңдей адам кол койгон. Анда ар кайсы провинцияларда мугалимдерге чыгарылган сот өкүмдөрү сынга алынган.

Иранда былтыр жайдан бери толкундоолор токтобой келет. Анын ичинде бир нече жолу мугалимдердин да нааразылык акциялары болгон. Буга жашоо деңгээлинин начарлашы, айлыктын өз убагында төлөнбөгөнү жана социалдык колдоонун жоктугу түрткү берген. Мугалимдер дал ушул акциялар маалында жана андан кийин кармалган.

Былтыр сентябрда хижабды туура салынган деген негизде камалып, убактылуу кармоочу жайда көз жумган 22 жаштагы Махса Амининин өлүмүнөн улам Иранда толкундоолор күч алган. Полиция менен кагылышуулар мааалында 500 киши өлтүрүлгөнүн, алардын 71и жашы жетелектер болгонун HRАNА маалымат агенттигинин өкүлү билдирген. Миңдеген киши кармалды. Алардын арасында Эсмаил Абди, Расол Бадаги, Фарзане Назаранпур жана Жафар Эбрахими аттуу актвисттер бар.











СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *