Мамлекеттик тилдин макамын бекемдеген мыйзам
17-июлда президент Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” конституциялык мыйзамга кол койду. Мыйзам Конституциянын ченемдерин турмушка ашыруу максатында иштелип чыкканы айтылды. 33 жылдан бери мамлекеттик тил катары саналган кыргыз тилинин абалын мыйзам оңдой алабы? Баш мыйзамда расмий тил макамы каралган орус тили менен мамлекеттик тилди колдонуу турмушта кандай жөнгө салынат?
Президент Садыр Жапаров 17-июлда “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” (№ 140) конституциялык мыйзамга кол койду. Бул юридикалык документ "Эркин-Тоо" газетасынын 18-июлдагы № 57 (3506) санына расмий жарыялангандан тартып күчүнө кирди.
“Расмий иш кагаздар мамлекеттик тилде жүргүзүлөт"
Мамлекеттик тил жөнүндө мыйзам биринчи жолу 1989-жылы 23-сентябрда кабыл алынган. Конституцияга ылайык Кыргызстанда кыргыз тили мамлекеттик, ал эми орус тили расмий тил макамына ээ.
Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча комиссиянын төрагасы Каныбек Осмоналиев мыйзам Конституциясынын 13-беренесин иш жүзүнө ашыруу максатында иштелип чыгып, анын колдонуу тартибин жөнгө салууга багытталганын айтты:
“Тилекке каршы, мыйзам 34 жылдан бери канатын керип, иштеп кете алган жок. Ага өзүбүз күнөөлүбүз. Бул ирет жаңы мыйзамда арсар кылган “же” деген байламталарды алып салдык. Мурунку мыйзамда мындай эле “расмий документтер мамлекеттик же расмий тилде жүргүзүлөт” деп жазылган болчу. Ошол “же” дегенди пайдаланып, 34 жылдан бери документтер, иш кагаздары орусча жазылып келди. Биз ошону алып салып, 5-беренеге “мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер мамлекеттик тилди билүүгө милдеттүү” деп ачык эле жазып койдук. Болду! 10-беренеге "расмий иш кагаздар, документтер мамлекеттик тилде түзүлөт, жүргүзүлөт. Зарыл болгон учурда расмий жана башка тилдерге которулат” деп жаздык. Мыйзамдын эки чоң жаңылыгы ушул. Эми мындан ары ар кандай көз боёмочулукка жол бербейбиз. Мамлекеттик кызматкерлер “Кыргыз тест” аркылуу Б2 деңгээлинен жогору баа алганда гана мамлекеттик жана муниципалдук жумушта иштей алышат. Бул жерде абдан чоң атаандаштык болот - ким мамлекеттик тилди билсе, жаза билсе ошол чоң көрсөткүч алат”.
Каныбек Осмоналиев кошумчалагандай, мыйзамды турмушка ашырууга кошумча каражаттар талап кылынбайт, ал эми анын аткарылышын ар бир бийлик бутагы, жетекчилер көзөмөлгө алып турушу керек.
Мыйзам мамлекеттик тилди колдонуунун, мамлекеттик тил саясатын жүзөгө ашыруунун укуктук негиздерин, аны өнүктүрүү үчүн шарт түзүүдөгү мамлекеттик органдардын, мекемелердин, уюмдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын милдеттерин белгилейт.
Мындан ары мамлекеттик органдар, жергиликтүү өзүн-өзүн башкаруу органдары, менчик түрүнө карабастан бардык ишканалар, мекемелер жана уюмдар ишмердигин кыргыз тилинде жүргүзүүгө милдеттүү болот.
Эми “же” дегенге шылтоо жок
Мамлекеттик тил айрыкча көп улуттуу калк жашаган борбор шаарда өтө жай өнүгүп келатканын, аны колдонуу Бишкекте солгун экенин эксперттер, окумуштуулар көптөн бери белгилеп келишкен.
Бишкек мэриясынын мамлекеттик тилди өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Эльвира Ниязбекова бул мыйзам көптөн бери күттүргөн документ болгонун, себеби кыргыз тилин колдонуунун турмуштагы механизмдери буга чейин так аныкталбай келгенин белгиледи:
“Бул жалпы элибиз үчүн чоң сыймык, кубаныч. Биз ушуну күтүп келгенбиз, анткени мурунку мыйзамдын туура эмес жактары бар эле. Мисалы, көп жеринде “мамлекеттик же расмий тилде” деп берилген. Ошол “же” деген байламта мамлекеттик тилди билүү талабын коюуга мүмкүндүк бербей келген. Бул сөз мыйзамдын көп жеринен алынды. Эми мамлекеттик тилди өнүктүрүүгө жакшы өбөлгө түзүлдү, биз эми аны жакшыртууга аракет кылабыз. Мындан тышкары, жарнама боюнча да жакшы жаңылыктар кирди. Эми мыйзамга ылайык жарнама илүүчүлөр, жаранама жасоочулар өздөрүнүн текстин алдын ала Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча комиссия менен макулдашып, текшертип, оңдоп туруп, анан илишет же таратат. Мына ушул ченем эң алгылыктуу болуп турат”.
Мыйзамга ылайык мамлекеттик мекемелерде иш кагаздар милдеттүү түрдө кыргыз тилинде жүргүзүлүүгө тийиш. Ошондой эле эл алдындагы расмий иш-чаралар дагы мамлекеттик тилде өткөрүлөт.
Мындан тышкары, шайлоо, референдумга даярдык, аны өткөрүү, соттук өндүрүштөр, сот жараяндары, куралдуу күчтөрдүн, укук коргоо органдарынын иши кыргыз тилде болот. Эл аралык келишимдерди түзүү, ченемдик актыларды иштеп чыгуу, документтерди жүргүзүү, менчик жана мамлекеттик мекемелердин аталыштары, географиялык аталыштар, товардык белгилер, фирма, компаниялардын аталыштары да мамлекеттик тилде болушу кажет.
Мыйзамдын 32-беренесине ылайык мамлекеттик тилди билүүгө тийиш болгон, ошондой эле, аны кызматтык милдеттерин аткарууда пайдаланууга милдеттүү кызматкерлердин тизмеси аныкталган. Ал мамлекеттик кызматкерлерге төмөнкү адамдар кирет:
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарынын реестринде белгиленген тизмедеги мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылар;
депутаттар;
Улуттук банктын кызматчылары;
күч органдарынын кызмат адамдары;
соттор;
прокурорлор;
адвокаттар;
нотариустар;
окуу жайлардын, билим берүү мекемелеринин кызматкерлери;
дарыгерлер;
мамлекеттик жана муниципалдык менчик формасындагы ишканалардын, мекемелердин жана уюмдардын кызматкерлери.
Мындан тышкары, кабыл алынган конституциялык мыйзамдын 2-беренеси менен Кыргыз Республикасында расмий тил катары орус тили пайдаланылары аныкталган.
Расмий тилди пайдалануу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте жүзөгө ашырылат.
Костюк: Үйдө биз кыргызча сүйлөшөбүз
Улуту орус, бирок, кыргызча так сүйлөп, ырдап, аны үй-бүлөсүнүн да тили катары колдонуп келаткан мурдагы вице-премьер-министр, мурдагы айыл чарба министри Александр Костюк эки тилди бири-бирине каршы коюунун зарылдыгы жок деп эсептейт. Мамлекеттик тилди өнүктүрүү зарыл, мыйзам керек, ошону менен бирге орус тилинин да маанисин кемитүүнүн зарылдыгы жок деген ойдо ал:
“Негизи бул процесс жалпысынан туура эле жүрүп жатат. Мамлекеттик тилдин орду жана бийик даражасы болуш керек. Бул коюлуп жаткан талап абдан туура. Керек болсо бул мыйзам ченемдүү нерсе. Кыргыз элинин жана эгемендиктин келечеги болушу үчүн мамлекеттик тилдин орду өтө жогору болушу керек. Бирок ошол эле маалда биз аша чаппашыбыз керек. Расмий тилди да сактап калыш керек. Бул кыргыз элинин, кыргыз жаштарынын келечеги. Себеп дегенде канча илимий иштер, адабий чыгармалар, изилдөөлөр расмий тилде болгон. Орус тили керек болсо каныбызга сиңип калган. Ошон үчүн этияттык менен, аяр мамиле кылуу керек. Анын үстүнө расмий тилдин аркасы менен бир миллиондой жарандарыбыз чет мамлекетте иштеп, канчалаган каражаттарды үйлөрүнө жөнөтүп жатат. Анан бала бакчада, мектепте мамлекеттик тилди үйрөтүүнүн методикасын карап көрүшүбүз керек экен. Биздин үйдө биз кыргызча сүйлөшөбүз. Улуу балам кыргызча сүйлөйт, бирок кичүүлөрү үчүн керек болсо мектепке да барып көрдүк. Мамлекеттик тилди үйрөткөн мугалимдерди да, окутуу методикасын да өркүндөтүү керек деген ойдомун”.
Кыргызстан Конституциясында кош тилдүүлүк макамы сакталган постсоветтик мамлекеттердин катарында. Акыркы эки жыл аралыгында мамлекеттик тилдин орду өлкөдө жана Орусияда бир катар саясий талкууларды жараткан. Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Бишкектин төрт районунун аттарын кыргызчалатуу маселесин элдик курултайда көтөргөн. Ага Орусиянын Мамлекеттик думасынын айрым депутаттары каршы чыккан болчу.
31-майда Жогорку Кеңеш “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” конституциялык мыйзамды үчүнчү окууда карап, жактыргандан кийин Орусиянын Тышкы иштер министрлиги ага байланыштуу билдирүү жасаган. Министрликтин расмий өкүлү Мария Захарова “бул мыйзам республиканын кыргыз тилин билбеген жарандарына айрым кыйынчылыктарды жаратышы мүмкүн. Союздаш катары Кыргызстандын жетекчилиги кыргыз тилин өнүктүрүү менен катар орус тилин колдоого, аны илгерилетүүгө багытталган теңдештирилген тил саясатын жүргүзөт деп ишенебиз” деген болчу.
Ал эми Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча комиссиянын төрагасы Каныбек Осмоналиев латын арибине өтүүгө өлкөдө даярдык бар экенин билдиргенден кийин аны кабыл алганда президент Садыр Жапаров "аңдабай айтылган сөздөрдөн алыс болууга" чакырган болчу.
Жарандык коом өлкөдө кыргыз тилине көңүл жакшы бурулбай, мекеме-ишканалардагы кагаз иштери негизинен орус тилинде жүргүзүлүп, жыйындар орусча өтүп жатканын сындап келет.