Мектеп курууга жумушчу жетпей жатканын айткан жетекчи акимдерден жардам сурады
Кыргызстанда ушу тапта 100 мектеп салынып, аларды курууга жумушчу жетпей жатканын бүгүн Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору Мырзабек Жыпаркулов билдирди. Өкмөттүн быйылкы жылдын алгачкы жарым жылдыктагы ишинин жыйынтыгын талдаган жыйынында сүйлөп жатып министр 100 мектептин курулушу быйыл аякташы керектигин, бул иш президенттин жеке көзөмөлүндө турганын айтып, мындай курулуш буга чейин болбогонун белгиледи:
“Чүй менен Ысык-Көлдө 12ден, Нарында жана Таласта сегизден, Жалал-Абадда 20, Ошто 30, Баткенде 10 мектеп курулууда. Урматтуу акимдер, мына, көрүп жатасыздар, 40 райондо абдан чоң курулуш болуп жатат, мындай буга чейин болгон эмес. Бизге жумушчу жетишпей жатат. Сиздерден сураныч, бизге жардам берип, астыда 5-6 ай эле калды, жардам берип койсоңуздар. Муну эл билиши керек”.
Кыргызстанда бүгүнкү күндө 246 мектеп авариялык абалда турганын быйыл 26-июнда Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин жыйынында депутаттарга маалымат берип жатып өзгөчө кырдаалдар министринин биринчи орун басары Азамат Мамбетов билдирген.
Айрым айылдарда балдар эскилиги жеткен имараттарда окуп жатканы тууралуу маселе көптөн бери көтөрүлүп келет. Былтыр 17-майда Жалал-Абад облусунун Чаткал районунун Терек-Сай айылындагы орто мектепте сабак учурунда класстын шыбы урап түшкөн. Ошол эле жылдын 21-ноябрда президент Садыр Жапаров авариялык абалдагы 80 гана мектеп калганын, алар өткөн кылымдын 60-70-жылдары курулган жайлар экенин айткан. (RK)