Жыл аягына чейин чек аранын 70 чакырымына зым тартылат
![Жыл аягына чейин чек аранын 70 чакырымына зым тартылат](https://gdb.rferl.org/94819AD8-394D-4815-9AAC-2F2815A5C4B3_w800_h450.jpg)
Улуттук коопсуздук комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев алты айдын жыйынтыгын чыгарып жатып, кыргыз-тажик чек арасында жарым жылдын ичинде чек ара чыры катталбаганын билдирди. Чек араны бекемдөө иштери тууралуу маалымат берди.
"Садыр Нуркожоевичтин чек ара маселесинде "дипломатиялык жана тынчтык жолу менен чечүү" деген бир гана позициясы бар. Биз бул тапшырманы болгон аракетибиз менен аткарып жатабыз. Алты айдын ичинде Тажикстан менен чек ара чырлары катталган жок. Ушундай эле тынч болсо экен. Мамлекеттик чек аранын 361,5 чакырымында зым тартылып, инженердик жабдуулар өткөрүлгөн. Анын 12,6 чакырымы быйыл тартылды. Жыл аягына чейин 70 чакырым чек ара тилкеси бекемделет. 2020-жылга чейин 15-17 чакырымга эле зым тартылып келген. Биз болсо 70 чакырымга зым тартып жатабыз",-деди Ташиев.
Ушул айдын башында Баткен шаарында кыргыз-тажик өкмөттүк делегацияларынын топографиялык жумушчу топторунун кезектеги жолугушуусу өткөн. Өкмөттүн басма сөз кызматы анын жыйынтыгында тиешелүү протоколдорго кол коюлганын маалымдаганы менен анын мазмунун ачык айткан эмес.
Келерки жолугушуу эми Тажикстанда өтөт.
Буга чейин, Министрлер кабинетинин чек ара боюнча өкүлү Назирбек Бөрүбаев оор тилкелер тууралуу сүйлөшүүлөр жүрөрүн "Азаттыкка" билдирген.
Эки өлкөнүн ортосунда жалпысынан 972 чакырым чек ара тилкеси бар, аны тактоо иштери 2002-жылы башталган. 664 чакырым боюнча орток пикир бар экенин 2022-жылдын 17-апрелинде эки өлкөнүн президенттери ырасташкан.
Чек ара такталып бүтө элек болгондуктан, буга чейин эки өлкө ортосунда түрдүү куралдуу кагылыштар, адам өмүрүн алган кандуу окуялар катталган.
Быйыл 2-июнда президент Садыр Жапаров Чолпон-Ата шаарында Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон менен жолугуп, чек ара маселесин талкуулаган.