Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Июль
2023

Кемпир-Абад иши: Абактагы сегиз кишинин бөгөт чарасы жабык каралууда

0

20-июлда Бишкек шаардык соту Кемпир-Абад иши боюнча айыпталып, кармалган бир нече адамдын бөгөт чарасын карай баштады.

Сотко тергөө абагында жаткан активисттер Эрлан Бекчоро уулу, Али Шабдан, Темир Махмудов, Айбек Бузурманкулов, Илгиз Сарылдык уулу, Марат Баязов, Акыл Айтбаев жана Айданбек Акматов жеткирилди.

Кыргыз-өзбек чек арасындагы Кемпир-Абад суу сактагычынын жери Өзбекстанга өтүп жатканына каршы пикирин ачык билдирип чыккан отузга жакын белгилүү саясатчы, активист былтыр октябрда Бишкектеги “Casa Italia” кафесиндеги жолугушуусунан кийин кармалып, тергөө абагына камалган, кийин алардын айрымдары үй камагына чыгарылган эле. Ушул тапта кармалган 27 кишинин 14ү абакта. Буга чейин 13 адам түрдүү жагдайда үй камагына чыккан.

Милиция аларга бийликти басып алууга аракет кылган деген айыпты коюп келет. Иш Жазык кодексинин “Жапырт башаламандык уюштурууга аракет көрүү”, “Бийликти күч менен басып алууга даярдык көрүү” беренелеринин негизинде тергелүүдө.

Айыпталгандар бийликти сындаганы үчүн куугунтукка кабылганын айтып жатышат.

Ал эми президент Садыр Жапаров кармалгандарды “төңкөрүш кылууга башка себеп таба албай, Кемпир-Абад маселесин шылтоо кылабыз дешкен" деп сындаган.

Бир катар ири эл аралык уюмдар, анын ичинде Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Адам укуктары боюнча комитети кыргыз бийлигин бул ишти адилет териштирүүгө чакырышкан.(MZh/ZKo)











СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *