Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Июль
2023

Орус прокуратурасы Алексей Навальныйга 20 жыл сурады

0
Орус прокуратурасы Алексей Навальныйга 20 жыл сурады

Орусияда прокуратура оппозициячыл саясатчы Алексей Навальныйды Кылмыш-жаза кодексинин "Экстремизм" беренеси менен 20 жылга өзгөчө режимдеги колонияга кесүүнү сурады. Бул тууралуу Навальныйдын Телеграм-каналында кабарланды. Саясатчыга өкүм 4-августта чыгышы мүмкүн.

Ал акыркы сөзүндө Орусия абийир алдында "кулаганын", убакыт келип кайра бутка турарына ишене турганын айтты.

Владимир облусундагы колонияда камакта отурган Алексей Навальныйдын “экстремизм” иши боюнча соту июнда Москва шаардык сотунда башталган. Отурум жабык өтүүдө.

2022-жылдын мартында сот аны алдамчылык жана судьяны кемсинткен деген айып менен тогуз жылга эркинен ажыратып, 1 миллион 200 миң рубль айып пул салган.

Саясатчы 2021-жылдын башында Орусияга Германиядан дарылануудан кайтып келатканда кармалган. Бир нече кылмыш иши козголуп, соттолгон. Ушул тапта экстремизмге байланыштуу айыпталган иш боюнча сот процессине даярдык жүрүүдө. Тергөө аны "террордук жамаат түптөгөн" деп айыптап жатат. Өзү муну "саясий куугунтук" деп эсептейт.

Навальныйдын тарапташтары оппозиционер орус президенти Владимир Путиндин саясатын ачык сындаганы үчүн соттолуп жатканын белгилешет. Кремль муну четке кагып, кылмыш иштерине кийлигишпей турганын билдирген.











СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *