Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Июль
2023

Салык кызматы: алты айда 440 млрд. сомдук ККМ чектери берилди

0
Салык кызматы: алты айда 440 млрд. сомдук ККМ чектери берилди

Ушул жылдын алты айында Кыргызстанда көзөмөл-кассалык машинелерден (ККМ) 440 миллиард сомдук чектер берилди. Бул тууралуу Салык кызматынын төрагасы Алтынбек Абдувалиев 20-июлда өкмөттүн жыйынында кабарлады. Ал соңку эки жылдын ичинде ККМ колдонгон ишкерлердин саны дээрлик үч эсеге көбөйгөнүн, 2023-жылдын башына карата 65 422ге жеткенин айтты.

Министр учурда Салык кызматы ишкердик субъекттери ККМди колдонуусун контролдоону жакшыртууга мүмкүндүк берген кассалык аппараттарды башкаруунун жаңы системасын колдонуп жатат деп белгиледи.

Кыргызстанда жаңы Садык кодексинин алкагында соңку эки жылдан бери өлкөдө товар саткан ишкерлердин баары ККМ колдонууга милдеттендирилген. Ага кошумча электрондук товардык-транспорттук коштомо (ЭТТК) да киргизилген.

Жаңы салык эрежелерине байланыштуу Бишкек жана аймактарда бир нече жолу нааразылык акциялары өткөн.

Расмий маалыматка ылайык, жыл башынан бери 84,5 миллиард сом салык жыйналган, бул былтыркы жылга салыштырмалуу сом 10,8 миллиард сомго көп.











СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *