Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Июль
2023

Чек арадагы жаңжалда жабыр тарткандарды социалдык колдоо мыйзамына кол коюлду

0
Чек арадагы жаңжалда жабыр тарткандарды социалдык колдоо мыйзамына кол коюлду

Президент Садыр Жапаров “2021-жылдын апрелинде жана 2022-жылдын сентябрында Кыргызстандын Баткен жана Ош облустарында болуп өткөн окуялардын кесепетинен курман болгондордун үй-бүлө мүчөлөрүн жана жабыр тарткан жарандарды социалдык коргоо жөнүндө” мыйзамга 20-июлда кол койду.

Мыйзам долбоорун Жогорку Кеңеш 29-июнда кабыл алган.

Президенттин басма сөз кызматынын түшүндүрмөсүнө ылайык, бул мыйзамдын максаты  - 2021-жылдын 28–30-апрелинде Баткен облусунда жана 2022-жылдын 14–17-сентябрында Баткен жана Ош облустарындагы кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышта каза болгондордун үй-бүлө мүчөлөрүнө жана жабыркаган жарандарга мамлекеттик колдоону камсыз кылуу.

Мыйзамда курман болгондордун үй-бүлө мүчөлөрүнө жана жабыр тарткандарга социалдык кепилдиктердин негизги жана кошумча түрлөрү белгиленген. Ага ылайык, чек арадагы куралдуу жаңжалда курман болгон адамдардын балдарына жана ата-энелерине, ошондой эле жабыр тарткан, майыптыгы бар деп таанылган адамдарга мыйзамдарда белгиленген башка социалдык төлөмдөргө кошумча ай сайын социалдык жөлөкпул берилет. Анын өлчөмүн Министрлер кабинети аныктайт.

2021-жылы 28-апрелде кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышта 36 кыргызстандык курман болуп, 170тен ашуун тургун жараат алган. Жаңжалда бир катар үйлөр, социалдык объектилер жарактан чыккан. Тажикстан 19 жараны мерт болгонун кабарлаган.

Куралдуу кагылыш 2022-жылы 14-17-сентябрда да кайталанып, эки тарап бири-бирин “агрессияга” айыптаган. Анда Кыргызстандын 63 жараны курман болгон, 206 киши ар кандай жараат алган. Бир катар социалдык объектилер, турак жайлар кыйрап, өрттөлгөн.

Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги 41 жараны каза тапканын, 200гө чукулу жараат алганын билдирсе, “Озоди” өз булактарына таянып, каза болгон делген 80ден ашык кишинин тизмесин жарыялаган. Каза болгондор арасында эки тараптан тең балдар бар.(ZKo)











СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *