Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Июль
2023

Транспорт министри: Жол белгилерин эки эсе арзан баада өзүбүз жасай баштадык

0
Транспорт министри: Жол белгилерин эки эсе арзан баада өзүбүз жасай баштадык

Кыргызстан жол белгилерин мурдагыдай сырттан сатып албай, өзү дээрлик эки эсе арзан баада жасап жатат. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин жарым жылдыктын жыйынтыгы боюнча маалыматында айтылды.

“Быйыл Орусиядан жол белгилерин чыгаруучу 4 миллион сомдук жабдык сатылып алынды жана жол белгилерин өзүбүз чыгарып баштадык. Мунун натыйжасында белгилердин баасы 2900 сомго түштү, мурда 5000 миң сомдон жогорку баада сатылып алынып турган. Азыркы күнгө 3 миңден ашык жол белги чыгарылды”, - деп билдирди министр Тилек Текебаев өкмөттүн 20-июлдагы жыйынында.

Министрликтин Өндүрүштүк-инновациялык борборунда күнүнө 200дөй белги жасала турган цех ачылганы, алардын пайдалануу мөөнөтү 7-10 жылга чейин болору быйыл апрель айында маалымдалган.

Кыргызстанда жол белгилеринин жетишсиздиги жол кырсыктарынын себептеринин бири экени айтылып келет. (RK)











СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *