Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Июль
2023

Төө-Ашуу тоннелине асфальт төшөө 10-августка чейин бүтөрү маалымдалды

0
Төө-Ашуу тоннелине асфальт төшөө 10-августка чейин бүтөрү маалымдалды

Төө-Ашуудагы тоннелдин ичиндеги жолго асфальт төшөө иши 10-августка чейин бүтөт. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин жарым жылдыктын жыйынтыгы боюнча маалыматында айтылды.

“Төө-Ашуудагы тоннелдин акыбалы начарлап калган эле. Быйыл аны оңдоо иштери башталып, азыркы күнү жарыктандыруу системасы бүт алмаштырылды, 10-августка чейин тоннелдин ичи толугу менен асфальтталып бүтүшү күтүлүүдө”, - деп билдирди министр Тилек Текебаев өкмөттүн 20-июлдагы жыйынында.

Бишкек-Ош автожолундагы Төө-Ашуудагы узундугу үч чакырымдык тоннелди оңдоп-түздөө иштери эки ай мурда башталган. 20-июлдан 26-июлга чейин машиналардын каттамына убактылуу чектөө киргизилген. Министрлик жол күнүгө үч маал - таңкы саат 5тен 8ге чейин, күндүзгү саат 10дон 12ге чейин жана түштөн кийин саат 2ден 4кө чейин жабык болорун эскерткен.

Деңиз деңгээлинен 3200 метр бийиктикте жайгашкан тоннелдин курулушу 1957-жылы башталып, 1964-жылы аяктаган. 1999-жылы аны Түштүк Кореянын "Самсунг" компаниясы реконструкциялаган. (RK)











СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *