Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Июль
2023

"Мурда рэкеттик кылса, азыр рейдерликке өттү". Кылмыштуу топторго каршы күрөштөн майнап чыгабы?

0

20-июлда Кыргызстандын Улуттук коопсуздук комитетинин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев уюшкан кылмыш топторуна каршы күрөш дагы күчөтүлөрүн билдирип, андай топтордун башчыларын өлкөдөн чыгып кетүүгө чакырды.

Кыргызстанда уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөш майнаптуу болуудабы? Бул жагынан кайсы өлкө үлгү болуп бере алат? Биздин суроолорубузга Лондондогу падышалык коллеждин алдындагы Орусия институтунун изилдөөчүсү, Уюшкан кылмыштуулук индексинин авторлорунун бири профессор Александр Купатадзе жооп берди.

- Уюшкан кылмыштуулук индексинде 193 өлкөдөгү абал талдоого алыныптыр. Соңку рейтингде Кыргызстанддын көрсөткүчү 5,33 деп көрсөтүлгөн. Борбор Азияда кылмыштуулуктун деңгээли Казакстанда (4,27) эң төмөн , эң жогорку – Тажикстанда (5,62) экен. Бул эмнени билдирет? Дегеле сиздин пикириңизде Кыргызстандагы уюшкан кылмыштуу топтор менен күрөш канчалык жемиштүү болуп жатат?

- Бул көрсөткүч Кыргызстанда уюшкан кылмыштуулук жогору дегенди туюндурат. Андай кылмыштуу топтор, мафия өңдүү уюмдар, башка кылмыштуу түйүндөр күчтүү. Ошол эле маалда мамлекеттин бул көйгөйдү чечүүгө жетиштүү мүмкүнчүлүгү же эрки аздай көрүнөт. Кыргызстанда уюшкан кылмыштуулук менен чыныгы күрөштү байкаган жокмун. Регионду алып караганда, балким Казакстандагы абал башкаларга караганда жакшыраак. Бирок ал өлкөдө башынан эле кырдаал айырмаланчу. Калган өлкөлөрдө бул багытта өзгөрүүлөр байкалбайт. Маал-маалы менен коррупция, кылмыштуулук менен күрөштүн жаңы стратегиялары жарыяланып келет. Бирок иш жүзүндө андай чаралар чектелип калууда. Бийликтеги топ атаандаш топтордун, саясий оппоненттерин колдогон кылмышкерлердин артынан түшөт. Иш ошону менен бүтөт.

Негизинен кеп мыйзамсыз рынокту бөлүштүрүү, ким эмнени көзөмөлдөйт деген күрөш тууралуу жүрөт. Постсоветтик өлкөлөрдүн контекстинде уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсүн түрмөгө камоону реалдуу жазалоо деп атай албайбыз. Анткени уюшкан кылмыштуу топтор советтик абактарда жаралган. Биринчи кезекте ГУЛАГды атаса болот. Андай топтордун мүчөлөрү темир тор артында өздөрүн абдан жакшы сезет. Мисалы, Камчы Көлбаевди түрмөгө отургузуу, ал жазаланды дегенди билдирбейт. "Сен абакта отуруп тур" деп келишип алышкандай, ал болсо эркиндикте жүргөндө кылган иштерин ошол жактан уланта берет. Түрмөдө ал үчүн каалагандай бардык шарттар түзүлгөн. Бул жагынан жазалоонун мааниси Борбор Азияда башка жерлерден айырмалант.

- Анда кримтөбөлдөрдү, кылмыштуу топтордун мүчөлөрүн кантип жазалаш керек?

- Аларды катуу кайтарылган абактарга камаса, сырткы дүйнө менен байланышы жок болсо, мобилдик телефондоруна уруксат берилбесе, мен көбүрөөк ынанмакмын, бул чыныгы жазалоо деп ишенип калмакмын, чыныгы күрөш жүрүүдө деп билмекпиз. Бирок андайды көргөн жокпуз.

- Сиз жакында берген интервьюлардын биринде "көз карандысыздыктын алгачкы жылдарында Кыргызстан же Казакстан болобу, саясатчы, бизнесмен же кылмышкер ортосунда айырмалай билүү кыйын эле" деп айткансыз. Азыр абал өзгөрдүбү?

- Азыр алардын ортосундагы айырма аныгыраак болуп калды. Бирок учурда деле ишкерликке аралашкан, бизнесин кылмыштуу топ мүчөлөрүнүн жардамы менен жүргүзгөн, кылмышкерлерге акча төлөп турган депутаттарды көрүүгө болот. Кээ бир учурларда алардын кол астындагыларды же көмүскөдөн чыкканы болсо, кримтөбөлдөрдүн өздөрүн колдонушат. Борборазиялыктар эгемендикке жеткенине 30 жылдан ашты. Эми кримчөйрөдө жүрүп, депутат болгондор азайды. Кыскасы, жогоруда айтылган айырма тагыраак болуп калды. Бирок келишип алуу маселеси кала берүүдө.

- Демек, ошондой кылмыштуу топтордун табияты өзгөрдүбү?

- Сөзсүз эле табияты өзгөрдү деп айта албайм. Алардын иш алып баруусу өзгөрдү. Эми мурдагыдан мыйзамдуурак көрүнүшөт. Айтайын дегеним, кылмыштуу ишмердигин жарым-жартылай мыйзамдаштырып алгандай. Мисалы, мурда опузалап рэкеттик кылышса, фирма, компаниялардын акцияларын кылмыштуу жол менен күчкө салып алып коюшса, азыр рейдерликке, кимдир бирөөнүн ишкана, бизнесин тартып алууга өткөн. Бир караганда жаңы ыкмалары мыйзамдуурак көрүнөт.

- 20-июлда Улуттук коопсуздук комитетинин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев уюшкан кылмыш топтордун башчыларына кайрылып, өлкөдөн чыгып кетүүгө чакырды. Күрөштүн мындай жолу канчалык майнаптуу? Баса, Грузияда да бир нече жыл мурун ушундай чакырык жасалган. Грузия "каралар" менен күрөштө Кыргызстан үчүн үлгү болуп бере алат деп айтылып келген. Дагы эле ошондойбу?

- Кримтөбөлдөрдү чыгарып жебирүүдөн эч кандай майнап чыкпайт. Алар алыстан деле өздөрүнүн мыйзамсыз иштерин уланта берет. Грузияны алсак, уюшкан кылмыштуулук менен күрөшүү тажрыйбасынан үлгү алса болот. Алар абдан жакшы реформаларды ишке ашырган. "Мыйзамдагы уурулар" бир топ таасиринен ажыраган. Ооба, айткандай эле жакшы мисал болуп бере алышат. Экинчи жагынан, Грузияда деле кандай чара көрүлбөсүн, алар баары бир чектелүү экенин байкаса болот. Алсак, кылмыштуу топтор менен кызматташтык болбосо, абактарда отургандарды көзөмөлдөө, тескөө кыйын. Грузияда жаза өтөө системасынын, абактардын жетекчилери кээ бир учурларда ал жакта отургандарга таянат. Натыйжада толук көзөмөл орнотушкан. Андай болсо да, эң жакшы деген реформалар чектелүү, 100 пайыз натыйжа бере албайт дегенди көргөзүүдө.

Башка үлгүлөрдү алсак, Армениянын премьер-министри Николь Пашинян бийликке келгенден бери Грузия жасаган реформаларды ишке ашырууда. Бирок алардан айырмаланып эволюциялык жолду тандап алышкан. Грузияда ыңкылаптан кийин дароо жана чечкиндүү күрөш башталган болчу. Постсоветтик мейкиндиктен Грузия менен Армения үлгү болуп бере алат. Аларга Молдованы да кошуп кетет элем. Бирок Молдова кылмыштуулукка байланышкан мындай көйгөйлөр комүскөдөгү уюшкан топтор, мафия маселеси курч турган эмес. Буга карабай алар дагы бир топ реформаларды кылып келүүдө.

- Уюшкан кылмыштуулукка Кыргызстанда негизинен кимдер аралашат?

- Дүйнөлүк индексте айтылгандай, бир жагынан мафиядай болуп уюшкан топтор, "мыйзамдагы уурулар", салттуу кылмышкерлер бар. Андан тышкары, мамлекет менен байланышкан субъектилерди атоо зарыл. Постсоветтик аймакта алардын ролу, салымы чоң болот деп ойлойбуз. Алар негизинен мамлекеттик кызматта отурган, ошол кызматынан кыянат пайдаланып, мыйзамсыз киреше тапкан адамдар болот. Кыргызстанда, Борбр Азияда ошол мамлекет менен байланышкан субъектилерди эске албастан уюшкан кылмыштуулукту аңдап түшүнүү мүмкүн эмес. Мисалга, маңзаттарынын аткезчилигин алсак. Көп учурда күч түзүмдөрүнүн мурдагы же учурдагы расмий өкүлдөрү аткезчилик менен алектенген "караларды" калкалоо же өздөрү түздөн-түз аралашуу менен ошол мыйзамсыз иштерде маанилүү роль ойнойт.

Анан түрдүү формадагы кылмыштуу түйүндөрдү унутпаш керек. Мисалы, жеке менчик компания, мурдагы өкмөттүк аткаминерлер, мыйзамсыз иш жүргүзгөн ишкерлер болушу мүмкүн. Кыргызстанда Кытайдан товарларды аткезчилик жолу менен алып келип турган кытайлык уйгурлардын түйүнү бар. Чет өлкөдөн келген топторду да бул тизмеге кошуу зарыл. Кыргызстанда бул маселе курч турат деп ойлобойм. Бирок орусиялык, атүгүл грузиялык, борборазиялык кылмыштуу уюмдар менен байланышта болгондор жок эмес.

- Уюшкан кылмыштуу топтор демократиялык процесстерге кандай таасир тийгизет?

- Ошондой топтор шайлоолордо кандайдыр бир роль ойногонун жакшы билебиз. Кыргызстан өңдүү өлкөлөрдө шайлоодо "караларга" таянган саясатчылар бар экени жашыруун эмес. Аларды атаандаштарын, калган талапкерлерди коркутуу, опузалоо үчүн колдонушат. Кээде атүгүл шайлоо кампаниясын каржылоого уюшкан топтордун акчасын пайдаланган учурлар жолугат. Башка бир мамлекеттерде, мисалы Тажикстанда шайлоолор саясий өзгөрүүлөрдү алып келбейт. Ал жакта башкаруудагы режимдин же бир үй-бүлөнүн монополиясы орногон, алар кайсы бир деңгээлде мыйзамсыз рынокту да көзөмөлдөшөт. Кыргызстанда уюшкан кылмыштуу топтор менен байланыштары бар адамдардын Жогорку Кеңешке шайланган учурларды да билебиз. Үгүт иштеринде спортчуларга, караларга таянган саясатчыларды мисал келтирсе болот.

- Уюшкан кылмышкерлер менен күрөшүүнүн эң натыйжалуу жолун атай кетесизби.

- Эң биринчи кезекте коррупцияны ооздуктоо зарыл. Мамлекеттик органдардын ачык-айкын иштөөсүн камсыздаш керек. Тигил же бул жол менен уюшкан кылмыштуу топторго саясатчылардын аралашуусуна жол бербөө зарыл. Кылмышкерлер менен күрөшүүнүн белгилүү бир ыкмасы жок. Ал үчүн терең өзгөртүүлөрдү жүргүзүш керек. Себеби кеп тиешелүү мыйзамдарды чыгаруу же милицияны реформалоодо эмес. Уюшкан кылмыштуулук менен натыйжалуу күрөшүү үчүн саясий экономиканы, саясатты түп тамырынан өзгөртүү зарыл.











СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *