Чек арадагы чыр: тараптар жолдогу тосмолорду алууну макулдашты
Кыргызстандын Чек ара кызматы кыргыз-тажик чек арасындагы соңку жаңжалга байланыштуу 25-июлда, саат 9да "Кызыл-Бел" өткөрмө бекетинде сүйлөшүү башталганын билдирди. Ага эки өлкөнүн күч түзүмдөрүнүн өкүлдөрү катышууда жана жыйынтыгы тууралуу азырынча маалымат бериле элек.
Чек ара кызматынын маалыматына ылайык, 24-июлда дагы жолугушуулар өткөн жана анын жыйынтыгында бир катар чечимдер кабыл алынган.
"Жолугушуулардын жыйынтыгында тараптар жолдун өздөрү жагына койгон тосмолорду алууну макулдашты. Ага ылайык, кыргыз тарап Дача аймагындагы, тажик тарап Кожалы (Хожа-Алъо) чек ара тозотуна бараткан жолдогу тосмону алат. Чек аралаш аймактагы чыр-чатактардын алдын алуу чаралары көрүлөт. Ошондой эле Аксай-Кожалы (Хожа-Алъо)-Төрт -Көчө багытында биргелешкен күзөт уюштурулат. Кечетен бери жолдогу каттам жанданды, жергиликтүү тургундарга түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп жатат. Тараптар чырды биргелешип иликтөө , күнөөлүлөрдү аныктоо, келтириген чыгымдын ордун толтуруу тартибин карашты. Тажик тарап Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин кызматкеринин машинасына келтирилген зыяндын ордун толтурууга даяр экенин билдирди",-деп жазылган маалыматта.
Мунун алдында президенттик администрациянын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Дайырбек Орунбеков 24-июлдагы кыргыз-тажик чек арасындагы чыр кантип тутанганы тууралуу маалымат берген. Ал Фейсбуктагы баракчасына жаңжалда үч кыргыз жараны сабалганын, анын алдында мас абалындагы бир кыргыз жараны тажикстандык тургундун машинасынын айнектерин талкалаган салганын жазган.
"Кечки саат 18:30 чамасында Баткен районунун Аксай айылында инцидент катталды. Ворух тараптан Аксай айылы аркылуу тогуз машина (ЗАГС) келе жаткан. Ошол учурда Кыргызстандын жараны, Аксай айылынын тургуну мас абалында тажик машинасын токтотуп, таш менен уруп айнектерин сындырып салган. Тажиктер машинадан түшө калып биздин үч жаранды сабаган. Жолугушуу болду. Күнөлүүлөр боюнча териштирүү болот. Учурда кырдаал тынч, жол ачык. Жолдогу коопсуздук күчөтүлдү",-деп жазган Орунбеков.
Кыргызстандын Чек ара кызматы дүйшөмбү күнү чектеш аймактардын тургундарынын ортосунда чыр-чатак чыкканын ырастаган.
Машинеде Ак-Сай - Көк-Таш жолунда бараткан Баткендин Ак-Сай айылынын тургундарынын жолун сегиз автоунаадан турган колонна менен Ворух анклавынан Кожалы (Хожа-Алъо) айылына багыт алган тажик жарандары кесип, натыйжада Дача тилкесинде тараптардын ортосунда мушташ чыкканын билдирген.
“Чыр-чатак күчөп кетпеши үчүн окуя болгон жерге Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин аймактык бөлүмүнүн кызматкери барган. Бирок ага Хожа-Алъо (Кожалы ред.:) айылынын тургундары кол салган. Ал кызматкер окуя болгон жерден качып чыгууга жетишкен. Тажикстандын жарандары аны сабаганга аракет кылып, автоунаасынын арткы терезесин сындырышкан”, - деп кабарлаган.
Тажикстан бул окуяга байланыштуу комментарий бере элек.
Өткөн жумада Улуттук коопсуздук комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев өкмөттүн жыйынында кыргыз-тажик чек арасында соңку жарым жыл ичинде бир дагы чыр-чатак катталбаганын билдирген.