Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Июль
2023

Түркияда токойлорду каптаган өрттөн улам ондогон киши эвакуацияланды

0
Түркияда токойлорду каптаган өрттөн улам ондогон киши эвакуацияланды

Түркиянын Анталия провинциясындагы Кемер курортуна жакын аймактагы токойдун 120 гектарына өрт жайылгандан улам 25-июлда ондогон тургундар жана жергиликтүү оорукананын бейтаптары коопсуз жакка көчүрүлдү.

Туризм жана маданият министри Нури Эрсой билдиргендей өрттү өчүрүүгө 10 учак жана 22 тик учак тартылды. Министр кечке чейин тилсиз жоо өчүрүлөт деп үмүттөнүп турганын кошумчалады.

Былтыр Түркияда өрт 14 миң гектар токой аянтын күлгө айлантканы расмий кабарланган. Анкара тилсиз жоодон сегиз адам өлүп, ондогон киши ооруканага жаткырылганын билдирген. Бийлик өкүлдөрү жана эксперттер окуяны климаттын өзгөрүшүнө байланыштырууда.

Учурда Түркиянын коңшусу Грекиянын Родос аралында токойлорду өрт каптап, 20 миңден ашуун жергиликтүү тургун жана турист эвакуацияланды.











СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *