Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Июль
2023

Төрт айда 1800дөн ашык мас айдоочу күбөлүгүнөн ажырады

0
Төрт айда 1800дөн ашык мас айдоочу күбөлүгүнөн ажырады

Кыргызстанда төрт айда мас болуп автоунаа айдаган 1800дөн ашуун адам бир жылга айдоочулук күбөлүктөн ажыратылды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы билдирди.

Мекеменин маалыматына ылайык, мас айдоочулардын жоопкерчилиги күчөтүлгөн 8-марттан бери ичимдик ичип машина айдагандар 17% азайды.

Быйыл 8-марттан тартып жол эрежесин бузган айдоочуларга карата чаралар катаалдашып, айып пулдардын өлчөмү көбөйтүлгөн.

Ага ылайык, мас абалындагы айдоочулар айдоочулук күбөлүгүнөн бир жылга ажыратылат. Айрым жол эрежелерин бир жыл ичинде үч жолу бузган айдоочу кайра экзаменге жөнөтүлөт. (BTo)











СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *